Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Эксперт: Украина өзөктүк куралга аракет кылса АЭСин токтотууга мажбур болот

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүУкраинадагы Ровен атомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт
Украинадагы Ровен атомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Өзөктүк бомба жасоо аракети Украинаны азыркыдан да кыйла начар кырдаалга кептеп, эл аралык изоляцияда калтырышы мүмкүн.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Украина өзөктүк курал жасоого аракет кылса эл аралык изоляцияда калып, БУУнун санкцияларына тушугат. Бул тууралуу атомдук энергетика боюнча AtomInfo.ru порталынын башкы редактору Александр Уваров РИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, жагдай өлкө ичиндеги абалды начарлатат, себеби отун импортуна тыюу салынып, АЭСтери ишин токтотот.
Украина президенти Владимир Зеленский ишемби күнү Будапешт меморандумунун катышуучуларынын коопсуздук боюнча сүйлөшүүсүн демилгелей турганын жар салды. Анын айтымында, сүйлөшүү ишке ашпай калса же анын жыйынтыгы менен Киевге коопсуздук кепилдиги берилбесе "Украина Будапешт меморандуму иштебейт деп эсептөөгө акылуу".
"Украинанын өзөксүз макамы 1994-жылы кошулган Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим менен шартталат. Ага ылайык, өзөктүк куралга аны 1967-жылга чейин иштеп чыгып сыноодон өткөргөн мамлекеттер гана кирет. Украина алардын катарында эмес", — деди Уваров.
Ал эгер Украина өзөктүк курал жасоого кирише турган болсо, дүйнө коомчулугу кандай кадамдарга барарын тизмектеп берди.
"Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) текшерүү учурунда Украинанын аймагында аскерий өзөктүк ишмердүүлүктүн белгилерин таап чыгып, саясий органына кабарлайт. Ал өз кезегинде БУУнун Коопсуздук кеңешине доклад жөнөтөт. Ал эми бул орган мамлекеттерди мажбурлоо жаатында болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүккө ээ, эл аралык санкциялардан баштап күч колдонууга чейин барышы толук ыктымал", — деди эксперт.
Киев шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Украина Будапешт меморандумунан чыкса кесепети кандай болот? Эксперттин пикири
Эгер Украина Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимден чыга турган болсо, чечими БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланып, Украинанын жүйөсү ар тараптан караларын кошумчалады маектеш.
Мындан тышкары, өзөктүк технология менен камсыз кылган дүйнөлүк жеткирүүчүлөр бейрасмий топко бириккен. Анын эрежеси боюнча, келишимден чыккан мамлекет менен кызматташуу токтотулат.
"Демек, эгер Украина келишимден чыгып кетсе, атом станцияларын токтотууга мажбур болот, анткени өлкө импорттон толук көз каранды. Бул учурда ташып келүү токтоп калышы мүмкүн", — деди Уваров.
Эксперт Украина азыркыдан да начар абалга кептелиши ыктымал экенин эскертти.
"Өзөктүк куралга ээлик кылган келишимдин бардык катышуучуларынын (Россия, АКШ, Франция, Британия жана Кытай) аталган куралды мындан ары жайылтпоо боюнча ою бир, мындан улам Украина Батыш мамлекеттеринин колдоосуна таяна албайт. Өзөктүк бомба жасоо аракети Украинаны азыркыдан да кыйла начар кырдаалга тушуктуруп, эл аралык изоляцияда калтырышы мүмкүн", — деди адис.
Эскерте кетсек, СССР жоюлгандан кийин Киев өзөктүк арсеналдын басымдуу бөлүгүн мурастап калган. Бирок 1994-жылы Украина, Россия, АКШ жана Улуу Британия Будапешт меморандумуна кол койгон. Ал Киевдин өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге кошулуусуна байланыштуу коопсуздук кепилдиги болуп саналат. Келишимге ылайык, Украинадагы өзөктүк арсенал жок кылынган, ал эми державалар Киевдин коопсуздугуна кепилдик болууга милдеттендирилген.
Украина аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын чабуулунан Луганскидеги эки жай тургун көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0