Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын чабуулунан Луганскидеги эки жай тургун көз жумду

© AFP / Ukrainian Armed ForcesУкраина аскери. Архивдик сүрөт
Украина аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Учурда Донецк жана Луганскиде абал курчуп жатат.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өзүн-өзү жарыялаган Луганск Эл Республикасынын Пионерское калктуу конушундагы Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн жасаган чабуулунан улам эки киши көз жумду. Бул тууралуу РИА Новостиге Элдик милиция кабарлаган.
Жекшемби күнү эртең менен Украинанын Куралдуу күчтөрү артиллериянын жардамы менен Северский Донецк дарыясынан өтүп, Пионерское конушунун аймагындагы Элдик милициянын позициясына чабуул жасоого аракет кылганы айтылат.
"Тилекке каршы, Киевдин аскерлеринин кол салуусунан эки жай тургун каза таап, беш үй талкаланды", — деп билдиришкен.
Ал арада Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Донбасстагы жай тургундардын өлүмүнүн жагдайларын иликтөөнү тапшырды.
18-февралдагы кечки маалымат боюнча, Луганскидеги 29 миң жашоочусу Россиянын чек арасын кесип өткөн. Өткөн суткада 4 107 жаран коопсуз жайга көчүрүлдү.
Учурда өзүн-өзү жарыялаган Донецк жана Луганск элдик республикаларында абал курчуп жатат.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миңден ашуун адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Деэскалация маселеси Беларустун борборунда байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланып жатат. Негиз катары Минск келишими алынган. Документте конституциялык реформа жасоо, ок атууну токтотуу жана чектеш аймактан аскердик оор техниканы артка кайтаруу каралган.
Бул арада Украинанын бийлиги Донецк менен Луганск элдик республикаларынын чек арасына армиясынын көпчүлүк бөлүгүн топтоп ок чыгарып, тыюу салынган техникаларды дагы колдонууда. Донбасстагы абалды АКШ менен НАТО курчутуп жатат. Алар Украинага курал-жарак жеткирип, аскер инструкторлорун алып келген. Москва аймакты куралга толтурууну токтотууга үндөп келет.
Донецк жана Луганск өзүн-өзү жарыялаган элдик республикаларынан элдерди эвакуациялоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аткылоо, качкындарды калкалоо. Донецк менен Луганскидеги кырдаал
Жаңылыктар түрмөгү
0