Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Аткылоо, качкындарды калкалоо. Донецк менен Луганскидеги кырдаал

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДонецк жана Луганск өзүн-өзү жарыялаган элдик республикаларынан элдерди эвакуациялоо
Донецк жана Луганск өзүн-өзү жарыялаган элдик республикаларынан элдерди эвакуациялоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Жо Байден коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин айтты. ЖККУ Донбасска аскерлерин жибериши мүмкүн.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. РИА Новости Донецк жана Луганск өзүн-өзү жарыялаган элдик республикаларында абал курчуп жатканын кабарлады.
Кырдаал тууралуу кыскача маалымат:
Республикалардын Атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча биргелешкен борбору 20-февралга караган түнү Украина Донецкини 17 ирет жана Луганскини 49 жолу аткылаганын билдирди. Анын ичинде Минск макулдашуусунда тыюу салынган ири калибрлүү миналар дагы колдонулганы белгиленди.
Бүгүн АКШ президенти Жо Байден Украинадагы кырдаал боюнча Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен президент Байден Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугууга даяр экенин айтты.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму Киевдин макулдугу жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясы менен Донбасска тынчтыкты орнотуучуларды жибере алмак. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась билдирди.
Луганскинин күч түзүмдөрү качкындарды Россияга эвакуациялап жаткан темир жолдун астында турган автоунаадан жарылуучу зат табылганын билдирди. Саперлор келип аны зыянсыздандырган.
Украинанын аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкиден кармалган украиналык тыңчы Киевдин планын айтып берди
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Александр Чуприян Ростов облусуна жайгашкан Донбасстын тургундары бир жолку төлөмдөрдү ала баштаганын кабарлады. Россия ар бир качкынга 10 миң рублден берүүнү убадалаган.
Украинанын кол салуу кооптуулугунан улам Донецк, Луганск Эл Республикасы деп өзүн-өзү жарыялаган аймактагы аялдар, балдар, кары-картаңдар Ростов облусуна эвакуациялана баштады. Ошондой эле жалпы мобилизациялоо жарыяланды.
Украинанын чыгышындагы конфликт дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миңден ашуун адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Деэскалация маселеси Беларустун борборунда байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланып жатат. Негиз катары Минск келишими алынган. Документте конституциялык реформа жасоо, ок атууну токтотуу жана чектеш аймактан аскердик оор техниканы артка кайтаруу каралган.
Бул арада Украинанын бийлиги Донецк менен Луганск элдик республикаларынын чек арасына армиясынын көпчүлүк бөлүгүн топтоп ок чыгарып, тыюу салынган техникаларды дагы колдонууда. Донбасстагы абалды АКШ менен НАТО курчутуп жатат. Алар Украинага курал-жарак жеткирип, аскер инструкторлорун алып келген. Москва аймакты куралга толтурууну токтотууга үндөп келет.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британиянын премьери II дүйнөлүк согуштан кийинки ири жаңжал чыгарын болжоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0