Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Британиянын премьери II дүйнөлүк согуштан кийинки ири жаңжал чыгарын болжоодо

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүУлуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архивдик сүрөт
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Жонсон чалгынчыларынын маалыматына таянып өзүнүн божомолдорун айткан.
БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон ВВС агенттигине берген маегинде Украинанын айланасындагы кырдаалдан улам Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки ири жаңжал чыгуу кооптуулугу жаралганын билдирди.
Анын айтымында, Россия Украинанын аймагына кол салуу планын ишке ашыра баштаганынын айрым белгилери байкалууда.
"Учурда биз байкоо салып жаткан план ишке ашса, Европада масштабы боюнча 1945-жылдан бери боло элек ири согуш чыгып кетеби деп чочулап турам", — деп айткан Жонсон.
Британиянын премьери чалгынчыларынын маалыматына таянып Россиянын аскер күчтөрү Киевди "курчап алууну" пландап жатат деп билдирген. Ошондой эле АКШ президенти Жо Байдендин айткандарына шилтеме берип Россия Украинанын чыгыш тарабынан эле эмес, Беларусь жактан да "кол салып" кирерин болжогон.
Россия Украинанын айланасындагы кырдаалдын чыңалышы боюнча Москвада жазылган план эч кимге коркунуч жаратпай турганын тынымсыз айтып келүүдө. Ар кандай билдирүүлөрдү НАТОнун аскердик техникасын Россиянын чек арасына жакын жерге көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо катары колдонушууда. Буга чейин ТИМ башчысы Сергей Лавров Москва коңшу өлкөгө эч кандай жаңжалдуу кырдаал жаратпай турганын билдирген. Анын айтымында, Батыштын Украинанын айланасында дүрбөлөң салып жатышы Донбасс боюнча Минск келишимин аткарбай жаткан Киевдин аракетин калкалоо максатын көздөйт.
Батыш Россия Украинага чагым даярдап жатат деген билдирүүлөрүн россиялык аскерлер машыгуудан туруктуу жайгашкан жерине кайтып келгенине карабай токтоткон жок.
РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: дүрбөлөң салган медиа, өлкөдөн чыгып кеткен "каймактар"
Жаңылыктар түрмөгү
0