Узун кезекке турган мигранттар. Кыргызстан Россияга нота жөнөттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКезекке турган мигранттар
Кезекке турган мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Элчилик Россияда жаңы мыйзамдын талабындагы процедуралардан өтүү кыйынчылык жаратып жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстандын элчилиги Москванын миграциялык борборлорунда узун кезекке туруу көйгөйүн чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Россия тарапка кайрылды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Элчилик узаган жылдын 29-декабрында Россияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон өткөрүү (дактилоскопия) жана сүрөткө тартуу талабы коюлганын эске салды.
"Тилекке каршы, жыл башынан бери жогоруда белгиленген процедуралардан өтүү кыйынчылык жаратууда. Москва шаары жана облусуна келген Кыргызстан жарандары үчүн бардык процедуралар көп функционалдуу миграция борборлорунда өткөрүлүп жатат. Ал жерде узун кезек байкалууда", — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк кырдаалды жөнгө салуу чараларын көрө турганын маалымдады. Элчи Гүлнара-Клара Самат Россиянын администрациясында депутаттар, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолуккан. Аны менен катар консулдук деңгээлдеги жолугушуулар болгон. Ошондой эле элчилик ТИМ жана ИИМге кайрылуу нотасын жөнөткөнү айтылды. Дипөкүлчүлүк Россия тарап кыргызстандыктарга жакшы шарттарды түзүү чараларын кабыл аларына үмүт артат.
"17-февраль күнү Кыргызстандын элчилиги Россиянын ТИМине ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү менен нота жөнөттү. Кеп РФтин ыйгарым укуктуу мекемелеринде, анын ичинде "Сахарово" медициналык борборунда медициналык кароодон өтүү, дактилоскопиялык каттоо жана сүрөткө тартуу процедуралары жөнүндө болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин 26-январдагы маалыматына ылайык, 17 мекемеге барып медициналык кароодон өтүүгө болот. Ошондой эле белгиленген үч айлык мөөнөт документтерди ички иштер органдарына өткөрүп берүү үчүн каралган. Бул ар үч ай сайын текшерүүдөн өтүп туруш керек дегенди түшүндүрбөйт.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2022
Оозу жабылып отурушат. Депутаттар ЕАЭБдеги кыргыз министрлерин сынга алды
Жаңылыктар түрмөгү
0