https://sputnik.kg/20220215/sadyr-zhaparov-afganchylarga-kajryluu-zhasady-1062052874.html
Афган согушунун аяктаганына 33 жыл толуп, Садыр Жапаров ардагерлерге кайрылды
Афган согушунун аяктаганына 33 жыл толуп, Садыр Жапаров ардагерлерге кайрылды
Sputnik Кыргызстан
Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин... 15.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-15T10:05+0600
2022-02-15T10:05+0600
2022-02-15T10:05+0600
кыргызстан
садыр жапаров
афган согушу
ардагер
кайрылуу
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0a/1061938142_0:142:2835:1737_1920x0_80_0_0_603c1408d22a9feea99677924d98894e.jpg
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата ардагерлерге кайрылуу жолдоду.Анда өлкө башчысы 15-февраль афган согушунда курман болгондорду эскерүү менен ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү салтка айланганын эске салды.Ошондой эле Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.Сөзүнүн соңунда президент ардагерлерге жана алардын жакындарына ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалады.
https://sputnik.kg/20210223/afganchy-mambetaliev-menen-maek-1051553201.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/0a/1061938142_0:0:2673:2005_1920x0_80_0_0_4e97ab9653cbe38f2506fc7a116622a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, афган согушу, ардагер, кайрылуу, куттуктоо
кыргызстан, садыр жапаров, афган согушу, ардагер, кайрылуу, куттуктоо
Афган согушунун аяктаганына 33 жыл толуп, Садыр Жапаров ардагерлерге кайрылды
Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин айтты.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата ардагерлерге кайрылуу жолдоду.
Анда өлкө башчысы 15-февраль афган согушунда курман болгондорду эскерүү менен ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү салтка айланганын эске салды.
"Афган согушунун аяктаганына 33 жыл болду. Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Тилекке каршы, афган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. "Афган синдромун" туура он жылдан кийин "Баткен окуясы" деген ат менен калган куралдуу кагылышта Мекенди коргоого биринчи болуп афган ардагерлери аттанып чыгышкан", — деди президент.
Ошондой эле Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда президент ардагерлерге жана алардын жакындарына ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалады.
23 Бирдин айы 2021, 20:00