Үч бейтап каза болду, 58 кишинин абалы өтө оор. COVID статистикасы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2022
Жазылуу
Азыркы учурда коронавирус жуктурган 585 бейтап медициналык жардамды ооруканалардан алып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 69 кишиден коронавирус аныкталып, 274 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Илдет илештиргендер:
Бишкек шаары – 31;
Чүй облусу – 16;
Талас облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 4.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 199 890го жетип, анын ичинен 192 232 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт үч бейтаптын өмүрүн алган. Алардын бардыгы вакцина албагандар экени айтылды.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 585 бейтап стационарда, ал эми 2 597 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 251 бейтаптын абалы оор болсо, 58 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.
Манас аэропортунун паспорт көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
COVID-19га байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0