НАТОну санаага салган Калининград, создуккан сүйлөшүүлөр. Сереп

© Sputnik / Владислав Сергиенко / Медиабанкка өтүүС-400 "Триумф" зениттик ракеталык системалары. Архив
С-400 Триумф зениттик ракеталык системалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Жазылуу
АКШ жана НАТОнун Чыгыш Европадагы агрессивдүү пландары Россиянын коргонуу жөндөмүнүн кебелбес чебине тийип кыйрап калууда. Ал эми Вашингтон менен Брюссель учурдун чындыктарынан таптакыр эле тайгандай.
Батыштын Россия Федерациясына карата саясаты "өнөктөштөрдү" геосаясий жарга карай сүйрөп баратканы айдан ачык. Тараптардын тең укуктуулугу принцибинин негизинде глобалдык коопсуздукту бекемдөө үчүн Москва тарабынан сунушталган конструктивдүү жана структураланган планын эске алгысы жок. Анын ордуна америкалык жана европалык өнөктөштөр Балтикадан Кара деңизге чейинки кең фронтто Россияны аскердик кысымга алуунун реалдуулуктан алыс варианттарын иштеп чыгууда деп баш чайкайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар ал геосаясаттан жана алдыдагы россиялык ири машыгуу жаатында кеп учугун чубаган.
РФтин согушта болжолдуу жеңилиши да Кошмо Штаттар жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн автоматтык түрдө жок болушун туюндурарын капарга алышпаган сыяктуу. Өзөктүк ооздуктоо мамлекеттик саясатынын негиздеринин 17-пунктундагы аргасыздыктын параметрлерин эске салалы. Анда: "РФ өзү жана союздаштарына каршы өзөктүк жана жапырт жабыркатуучу куралдардын башка түрлөрү, ошондой эле мамлекеттин өзүнө коркунуч туудурган кадимки курал-жарактар пайдаланылганда өзөктүк курал пайдалануу укугун өзүнө калтырат. Бул тууралуу чечим Россия Федерациясынын президенти тарабынан кабыл алынат" деп жазылган.
Россия менен кандай гана согуш болбосун жеңилүүгө дуушар болору анык болуп турганда батыштык стратег жана саясатчылар артка – НАТОнун 1997-жылга чейинки коопсуз аймагына чегинип, тынч жол издөөгө тийиш. Бирок акылга сыярлык аракет этүүгө бир нерсе жол бербей тургандай. 2021-жылдын август айында афган талибдери тарабынан кубаланган соң АКШ бүгүн Чыгыш Европада өзүн көрсөткүсү бар. Жогорку технологиялык, өзөктүк кудурети тең келгис держава менен согушууга күч жана каражатын топтоодо.
Америкалык талдоочулар Калининградды Литва жана Польшанын күчтөрү менен "жок кылуу" планын иштеп чыгууда. Анткен менен Варшава менен Вильнюс Вашингтондун кызыкчылыктары үчүн баатырдык кылып күрөшүүгө жана жан берүүгө даяр эмес. Алар "Украиналык фронтто" Москва жана Минск менен түз тирешке барбастан, согуштук билдирүүлөрү жана америкалык өндүрүштөгү жеңил курал-жарагы менен гана жардамдашууну туура көрүшөт.
Өз кезегинде күчү жетишерлик эмес киевдик режим Россия менен согушка америкалыктарды жана батыш европалыктарды тартууга үмүттөнөт. Мындай клоунада өтө кооптуу жана Түндүк Америка жана Европада миллиондогон адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.
Донецк облусундагы Украина аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Ким кимди кимден куткарат? Украина жагдайы

"Мурда көрбөгөн мүмкүнчүлүктөр"

Россиянын Калининград облусу менен чектешкен Литвада 19-21-январь аралыгында НАТОнун чет өлкөлүк эксперттик тобу иштеди. Улук өнөктөштөрү Литванын улуттук коргонуу тутумунун өнүгүшүнө баа берип, аскердик чыгымдарын "ИДПнын 2 пайызынан жогорку" деңгээлге көтөрүү маанилүү экенин белгилешти. Коргоо министри Арвидас Анушаускас: "Литва куралдуу күчтөрүн кыйла чыңдап алды... Аскерлерибиз НАТОнун жогорку талаптарына жооп берет. Заманбап курал-жарактарды сатып алуу бизге мурда көрбөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады" – деди.
Чындыгында Литва болгону союздаш (чет элдик) күчтөр үчүн жакшы шарттарды камсыздоо үчүн полигондорун кеңейтип жана өркүндөтүп гана келет. Бир дагы танк, ракеталык кеме жана сокку уруучу учагы жок туруп куралдуу күчтөрдүн "укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрү" тууралуу айтуу аша чапкандык. Аскердик кубаттуулуктун дүйнөлүк рейтингинде Литва 140 өлкөнүн ичинен 85-орунда турат.
НАТОнун чыгыш канатындагы улуттук куралдуу күчтөр (16 миң жоокер) олуттуу аскердик чечимдерди өз алдынча кабыл алууга жөндөмсүз. РФтин Калининград облусун Литва ушундай күчү, ал тургай Польшанын күчүнүн колдоосун менен да жеңиши технологиялык жактан мүмкүн эмес. Мындай багытта кандай аракет болбосун Россия тарабынан алгачкы эле саатта басылат. 2008-жылдагы "грузин" сценарийи боюнча агрессор өлкөнүн аскердик инфраструктурасы абадан жок кылынат. Андайда эч кимдин көмөктөшүүгө да чамасы келбейт.
Эстониядагы британ жана француз бөлүктөрү Санкт-Петербургдан кунан чабым аралыкта жайгашкан, бирок кокус куралдуу жаңжал тутанып кетсе алдыңкы чет өлкөлүк күчтөр биринчилерден болуп качышат. Калининград НАТОнун түн уйкусун бузат. Мында терең эшелондоштурулган абадан коргонуунун тыгыз тутуму уюштурулган. Балтика флоту (ракеталык кемелер, суу түбүндөгү кайыктар, деңиз авиациясы жана танк полку), кубаттуу ракеталык бригадалар, сокку уруучу авиация, армиялык корпус бар.
Кошмо штаттар жана алардын союздаштары Patriot зениттик ракеталык комплекстерин, M1 Abrams танктарын жана "көзгө чалдыкпас" F-35терин жайгаштырып калса да Балтика чөлкөмүндөгү күчтөрдүн катышын өзгөртө алышпайт. Берлин, Стокгольм жана Хельсинкидегилер муну жакшы түшүнүшөт. Немецтер Россия менен согушууга ашыкпайт жана Украинага курал берүүгө даяр эмес. Америкалыктар канча өтүнүшсө да шведдер жана финдер НАТОнун курамына кирүүгө ниеттенбейт.
Оозеки түрдө тайманбас Варшава тайсалдап туру, анткени "Россиянын жээктеринин баары ракеталык бригадалар менен бекем корголгон", ал эми россиялык сокку уруучу кеме жана учактары Европадагы каалаган душманын көз ачып-жумганча таамай жок кылат.
Балтика чөлкөмүндө НАТО оор кесепетсиз аскерий активдүүлүктү көрсөтүмүш гана (машыгуулар, күзөтүү, нөөмөттүк ритуалдар) боло алат, бирок андай "кылыч бийине" да тыюу салынып калды. "Россиялык кол салуу" боюнча ойдон чыгарылган дүрбөлөңгө карабастан Пентагон союздаштарынан Европада АКШнын аскердик багытта орун алышын кеңейтүүгө "так өтүнүч" ала албады.
Чоңойтуучу айнек астындагы алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Россиядагы алтын валюта резервинин абалына сереп

Россия "өнөктөштөрүн" тынчтыкка мажбурламакчы

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда НАТО чет өлкөлүк аскердик контингенттерин Болгария жана Румыниядан чыгарып кетүүгө милдеттүү экенин билдирди. Коопсуздуктун бул алгоритми Балтика өлкөлөрүнө да, альянска 1996-жылдан кийин кабыл алынган калган тогуз республикага (Венгрия, Польша, Чехия, Словакия, Словения, Албания, Хорватия, Черногория, Түндүк Македония) да толук тиешелүү. Россия постсоветтик мейкиндиктин суверенитети, андагы өлкөлөрдүн территориясына көз артпайт, болгону тегиз, ажырагыс коопсуздукка гана түйшөлүп келет.
Der Spiegel тарабынан Россия НАТОнун кең фронтуна сокку урушу ыктымал деп маалымдаганда андай реакция АКШ жана түндүк атлантикалык альянстын түз жана гибриддик агрессиясына жооп иретинде гана болушу мүмкүн экенин түшүнүү зарыл экенин белгилейли.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн технологиялык дарамети жана согушка даярдыгы фронтко да, андан аркы тереңдикке да сокку урууга мүмкүндүк берет. Мисалга, Россиянын Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрү Улуу Британия жана Ирландияга жакын жерге практикалык ракета коё берүүгө камынууда. Машыгуулар келерки айдын башында Корк графтыгын бойлой түштүк-батышка карай 240 чакырым аралыкта өтмөкчү. Мындан улам РФ коргоо министри Сергей Шойгу британ кесиптеши Бен Уоллести коопсуздуктун орчундуу маселелерин талкуулоо үчүн Москвага чакырган.
Россия январь – февраль айларында Дүйнөлүк океанда бардык флот, флотилиялардын, 140тан ашуун кеме жана субмариналардын катышуусундагы ири масштабдагы окуу өткөрөрүн жар салды. "Өнөктөштөрүн" тынчтыкка дипломатиялык ынандыруу жана аскердик мажбурлоо үчүн мүмкүнчүлүктөрү канчалык экенин билген жан жок, анткен менен Кремлдегилер тегин жерден оозанбайт.
Россиянын шарттарында тынчтык келишиминин долбоору – зарылдык жана АКШ менен НАТОнун каршылыгына карабастан коюлган максатка жетүүнүн технологиялык мүмкүндүгү. РФтин аскер-саясий көп кыймылынын майнаптуулугун союздаштарынын жардамы да арттырууда.
"Союздук чечкиндүүлүк – 2022" биргелешкен окууну утурлай Беларусь өз аймагында россиялык күчтөрдүн кыйла көбүн жайгаштырып жатат. Өткөн аптада 33 эшелон барган. Минск НАТОнун түн уйкусун качырган дагы бир жерге айланууда. Беларусь республикасына С-400 "Триумф" зениттик ракеталык системалары жана "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексинин дивизиондору, "Искандер-М" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси жеткирилип, Су-35С оор истребителинен 12 бирдик учууда.
Аскерий окуунун уламышы – тышкы агрессиянын мизин биргеликте кайтаруу. Күчтөрдүн практикалык аракеттери 10-20-февраль аралыгында Доманов, Обуз-Леснов, Гож, Брест, Осипович полигондорунда жана Барановичи, Мачулищи, Лунинец, Лида аэродромдорунда жайылмакчы. Бул европалык согуштук аракеттер театрында НАТОнун бирикпеген жана бир өңчөй эмес "командасына" жапырт аскердик үстөмдүгүн чынчылдык менен көрсөтүү.
АКШнын материктик аймагына жакын союздаш мамлекеттердин өз ара аракет этүү опциясы өзүнчө кеп, бирок РФтин Венесуэладагы аскер базалары, Россия Аскер-деңиз флотунун атомдук субмариналарынын Кубада жайгаштырылышы туурасындагы маалыматтар да тегин жерден чыкпаган сыяктуу.
Глобалдык олку-солку шарттарда америкалыктар коопсуздук жөнүндөгү Венадагы сүйлөшүүлөрдүн маңызын алмаштырып, дагы создуктуруу далалатында. Atlantico басылмасы: "Американын жетекчилиги алдында Батыш геосаясий мертинүүгө карай бара жатат. Тарыхый жана географиялык реалдуулуктарды танып, азыркы иштеп жаткан адамдардын кызыкчылыктарын жек көрүшү анын кайра өзүнө кайтышы ыктымал", - деген божомолун жазды. Буга бир нерсе кошумчалоо кыйын.
РФтин Венадагы сүйлөшүүлөр делегациясынын жетекчиси Константин Гаврилов 23-январда Россия коопсуздук боюнча сунуштарына АКШ менен НАТОдон кечке жооп күтүп отурбастыгын билдирген. Ал эми Батыш Москванын талаптарын көз жаздымда калтырса, анда Россия Европада өз коопсуздугун башка каражаттар менен коргойт. Анын кесепетин америкалыктар да, европалыктар да жон териси менен сезери айкын.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да Москва коопсуздук кепилдиктери боюнча Батыштын жообунан көңүлү калса, орчундуу саясий чечимдерди кабыл алууга аргасыз болорун белгилеген эле. Бул курулай сөз эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Окоптогу украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Кыл учунда… Донбасстагы кырдаалга сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0