Кыл учунда… Донбасстагы кырдаалга сереп

© AP Photo / Andriy DubchakОкоптогу украиналык аскер
Окоптогу украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Жазылуу
Донбасста кырдаал курчуп барат: аймакта улам ок атылып жатканы маалымдалууда. Украина Куралдуу күчтөрүн оор техника менен жабдыган Батышта жана ал жактын маалымат каражаттарында "РФтин кол салышы" боюнча сценарийлер талкууланып бүтө элек.
Кыязы, Киев маселени күч менен чечүүдөн артка тартпай калды көрүнөт. Чөлкөмдө азыр эмне болуп жатканы тууралуу Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Кайрадан октун үнү

Донбасста жаңы жылдык майрамдар салыштырмалуу тынч өтүп, атышууну токтотуу режими аздыр-көптүр сакталып жаткан. Ал убакта Киев Казакстандагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин операциясына көз салуу менен алек эле.
Анын ийгиликтүү өтүшү украиналык бийликке таасирин тийгизген өңдөнөт. Зеленский аскерий риторикасын чабалдатып, 11-январда кырдаалды ырбатпоо жөнүндө предметтик сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди. Анткен менен аскерлер башкы командачыны колдоого ашыгышпайт, себеби ошол эле күнү кайрадан ок атыла баштаган.
Донецк облусунун Новоласпа конушуна карай ок ачышкан. Курмандыктар болбоду, бирок бир аздан кийин Украина Куралдуу күчтөрүнүн эки жоокери өз фугасында жарылган. Донбасс Киевди жерге миналарды жашырып, диверсияны даярдоого көптөн бери айыптап келет эмеспи. Луганск Эл Республикасы бул үчүн Луганск станицасына январда "Запад" атайын багыттагы борборунун жоокерлерин жөнөткөнүн боолголойт. Донбасс Эл Республикасы аймакта 131-чалгындоо батальонунун көзгө атарларынын пайда болушун кабарлаган.
Кыязы, Киев узун согуш шарттарында душманынын тынчын алып, фронттун бардык линиясында чыңалууну жаратууну көздөйт окшойт. Өткөн аптада республикада ири калибр менен 20 жолу ок атуу болгон. Мындан сырткары, Украина Куралдуу күчтөрү фронтко оор техниканы тартууда.
Донбасс Эл Республикасынын Элдик милициянын чалгындоосу Андреевка кварталына жакын жерден 9К33 "Оса" зениттик-ракеталык комплексин, бейпил Мангуш районунда БМ-21 "Град" залптык октун реактивдүү тутумун, Володарда 2С3 "Акациянын" өзү жүрүүчү 152 миллиметрлик үч гаубицасын байкашкан.
Ошол эле учурда ЕККУ байкоочуларынан жашырууга тырышып, европалык чалгындоочу дрондорду РЭБ каражаттары менен басып, ал түгүл жерден аткылап жатышат.
Украина жана Улуу Британиянын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Британиялык жоокерлер Украинадан качууга камындыбы?

Инструкторлор Батыштан

Украин бийлиги Россия менен Батыштын сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканда ушундай жол менен союздаштарынын көңүлүн бурдургусу келгендей таасир калтырат. Бирок антпесе деле аны унуткарышпасы анык.
Литванын коргоо министри Арвидас Анушаускас Европа биримдигиндеги кесиптештери менен бейрасмий кезигүүдө Украинада Евробиримдиктин аскерий миссиясын түзүүнү сунуштады. Андай демилгени евродипломатия башчысы Жозеп Боррель да кубаттап, Брюссель ал жакка "жогорку деңгээлдеги аскердик кадрларын" жөнөтүүгө белсенгенин тактап өттү.
"Украиналыктарга Евробиримдик эмне үйрөтөт? — деп суроо салат аскердик эксперт Юрий Котенок. — Кыйыр НАТОлук чабуулдаргабы? Бирок жети жылдан бери америкалык, британиялык, канадалыктар Яворов жана башка полигондордо ансыз деле машыктырып келет эмеспи. Очаков, Николаевде жаңы аскердик объектилерди куруп жатышат. Мындай маанайдагы билдирүүлөр Батыш Украинаны Россия менен тиреш түйүнү, плацдарм катары карашарын айгинелейт. Бул территория АКШ гана тургай, Вашингтондун көрсөтмөлөрүн аткарган сателиттер тарабынан да ээленип турат".
Украина Куралдуу күчтөрүн америкалыктар мындан ары күчтөндүрүүнү көздөйт. Чалгын кызматынын жана улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы беш кызматкеринин кебине таянуу менен маалымат каражаттары Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо башкармалыгы АКШда атайын операциялардын элиталык украин күчтөрүн интенсивдүү даярдоо боюнча жашыруун программаны тескегенин кабарлашкан.
"Курсанттарга" куралды пайдалануу, ар кыл тактикаларды, душманга билдирбөөнүн ар кандай амалдарын, ошондой эле чалгындоону үйрөтүшөт.
Брюсселдеги Россия - НАТО сүйлөшүүлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Батыш коопсуздук кепилдигин берүүдөн баш тартты. Кийинки кадам кандай болот

Кызыл чийиндер

Ошол эле учурда АКШ жана Европа биримдиги "алдыдагы Кремлдин агрессиясы" күтүлөрүн кайра-кайра кайталоодон айбыгышпайт. Жакында эле америкалык The New York Times гезити россиялык чабуул кийинки айда жасаларын жазды. Буга чейин маалымат каражаттары декабрдын аягы, январдын орто чени же соңунда деп да айтып келишкен.
Мындан сырткары, Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Москванын "кол салуусун актай турган чагымчылдыктарды" даярдап жатканы боюнча Вашингтондун далилдери бар деп жар салган. Кремль андай аракет тургай, ниеттин жоктугун айтат. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков CNN каналына берген маегинде Украина менен чек арада аскердик күчтөр РФтин өз коопсуздугун камсыздоо үчүн жана АКШ менен НАТОнун аскердик ишмердигине жооп катары турганын билдирген.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Россия ачык да, жабык да режимде эч качан украиналыктарды коркуткан эмес. "Ал эми Зеленский мырза жана анын санаалаштары түз эле ушундай аракетте. Курал менен жабдуу планында Батыштын бүт жасаганы Украинанын чыгышында маселени күч менен чечүү ниетин ого бетер арттырарын биз жакшы түшүнүп турабыз. Түшүнүктүү себептерден улам биз андайга таптакыр жол бере албайбыз", — деп белгилейт Россиянын тышкы саясий мекемесинин башчысы.
Россия өз чек араларында, Азов деңизинде НАТОнун инфраструктуралары жана базаларынын болушуна макул эмес. Коңшу өлкөдөгү сокку уруучу куралдар — дагы бир кызыл чийин. Лавров РФтин Батыштагы өнөктөштөрүнө Стамбулда 1999-жылы кол коюлган Европа коопсуздугу хартиясын кайра окуп чыгууну сунуштады.
"Ушул тапта Батыштын кылганы ошондо кабыл алынган милдеттенмелерди одоно бузуу", — деп белгилейт ал. Ошол документте XXI кылымдагы дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздук концепциясы түзүлгөн. Өзөгүн эки принцип түзөт, биринчиден, жамааттык – "ар бир катышуучу мамлекеттин коопсуздугу бөлөк өлкөлөрдүн коопсуздугу менен тыгыз байланышта". Экинчиден, "эл аралык тынчтыкты колдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин биринчи кезектеги жоопкерчилиги".
Аталган Хартияга 54 мамлекет, анын ичинде Россия жана АКШ да кол койгон. Бирок Европада НАТОнун ролу тууралуу кеп да жок.
АКШнын аскердик пехотасынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Кариб каатчылыгы кайталанабы? Америкалык аскерлердин чочулаганы эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0