Ким кимди кимден куткарат? Украина жагдайы

© AFP / ANATOLII STEPANOVДонецк облусундагы Украина аскери. Архив
Донецк облусундагы Украина аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2022
Жазылуу
Батыш каймактары ойго келбеген маалыматтык чуу жаратуу менен "Украинаны Россиядан куткарып", ал эми америкалык аскерлер токтоолук менен өз ишин улантууда.
НАТОнун бириккен күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы генерал Филипп Бридлав Европада америкалык стратегиялык транспорттук жана май куюучу учактардын тартыштыгына кейийт. Айтымында, аталган аппараттар абада НАТОго артыкчылык бермек. Украина жагдайына сереп салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланды.
Генерал Бридлав Россия менен согушка камынгандай. Бул кишинин ысымы кезегинде – 2014-жылы НАТОнун Аба күчтөрүн жетектеп турганда Крымга "сылык адамдардын" келишин байкабай калганы менен да маалым.
Бүгүнкү кырдаалды ал ошондогу ишке ашпай калган аракеттерди кайра кайталоо мүмкүнчүлүгү катары көрүп жатат өңдөнөт. Серепчи Виктория Никифорова азыркы геосаясий жагдай, НАТОнун аракеттери туурасындагы кезектеги ой толгоосун ушундай пикирлер менен баштаган. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Пентагонго кызмат өтөгөн Гудзонов институтунун талдоочулары орто аралыкка ылайыкталган америкалык ракеталарды Россиянын чек араларын бойлой тезинен жайгаштырууну жана Сувалск коридорун ээлөөгө НАТОнун күчтөрүн жөнөтүүнү сунушташты.
Бирок Сувалкск коридору — Беларусь менен Калининград облусунун ортосундагы 65 чакырымдык аралык. Бир жагында Литва, экинчи тарабында Польша. Картадан деле карап коюу ашыкча эмес. Буга Украинанын кандай тиешеси бар? Чындыгында эч ким эбак анткорлонбой деле калган. Чындап эле Украинанын эч кандай тиешеси жок. Америкалыктар Россия менен согушка суусап тургандай. "Ооздуктоо" дегени тек гана сылык тергеп койгондору. Ал эми Кошмо Штаттар Украинаны зарылдыгы чыкса Прибалтика сымал пайдаланып, территориясын согуштук аракеттер театры катары колдонушу мүмкүн.
Окоптогу украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.01.2022
Кыл учунда… Донбасстагы кырдаалга сереп
Батыштагылардын Украинаны Россиядан куткаруу аракети таң калыштуу. Тынчтыкка жол издөө — бул сүйлөшүүлөр, эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу жана андагы милдеттенмелерди аткаруу. Ал эми америкалыктар украиналыктарга өз жавелиндерин, ал эми англичандар танкка каршы коргонуу ракеталарын, канадалыктар атайын багыттагы аскерлерин жиберишет. Борбордук чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери украиналык аскерлерди машыктырат. Жадагалса немецтер украиналык аскерлерге медициналык жардам көрсөтүшөт. Бирок чындап Украинага күйгөн башынан бери Россия гана болгон. Дүйнөнүн калган бөлүгү үчүн — бул убагында Россиядан ажырап калган түшүнүксүз территория.
Украина Куралдуу күчтөрү үчүн мектептерди да аткылоо кадыресе тажрыйбага айланып барат. Украин артиллериясы Донбасстын жай жарандарын жок кылды. Ондогон аламдар Одессадагы Профсоюз үйүндө тирүүлөй өрттөлдү. Ымыркайы менен чак түштө набыт болгон жаш айымдын сүрөтү бүт дүйнөгө тараган.
Ал аз келгенсип бүгүн Россиянын америкалык өнөктөштөрү Горловкага жакын жерге уулуу заттарды ташып, өз журналисттер тобун да жеткирүүдө. Америкалык аскерлер Донбасстын шаарларындагы ичер сууну ууландырып, ал эми алардын "акырынан жем жеген" журналисттер Россияны айыптап, өздөрү болжогондой коомдук пикирди жаратышат.
Америкалык режим планетаны "Россиянын Украинага кол салары" тууралуу жоромолу менен коркутууда. Ак үй Жен Псакинин оозу менен андай аракеттен мөөнөтү февраль экенин да айттырды. Бирок маңызында Украинага америкалык жана европалык өнөктөштөрдүн басып кириши алда канча эрте башталбады беле. Алардын калкалоосундагы отуз жылдык турмуштун жыйынтыгы кандай? Жарымы сыртка агылган калк, экономикалык кыйроо. Эбегейсиз территориялардан ажыроо... Айтор, создугуп жаткан өзүн-өзү жок кылуу аракети. Батыштагылар мындан жадап бүтүп, процессти тездетүүгө белсенген өңдүү. Россия, албетте, өз санагандарынын баарын куткарат. Мында санаага батуунун деле кажети жок. Бирок украиналыктарды өздөрүнөн ким сактап калат?
АКШнын аскердик пехотасынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Кариб каатчылыгы кайталанабы? Америкалык аскерлердин чочулаганы эмне?
Брюсселдеги Россия - НАТО сүйлөшүүлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Батыш коопсуздук кепилдигин берүүдөн баш тартты. Кийинки кадам кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0