Россиядагы алтын валюта резервинин абалына сереп

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЧоңойтуучу айнек астындагы алтын куймалар. Архив
Чоңойтуучу айнек астындагы алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2022
Жазылуу
РФтин Борбордук банкы АКШ мамлекеттик облигацияларына салымын кайрадан кескин түрдө кыскартты.
Наталья Дембинская
Москва бул кагаздардан 2014-жылдан бери пландуу түрдө арылып келет. Ал эми кезектеги санкциялык коркунучтар процессти гана тездетет. Ушул тапта эл аралык резервдерде трежерис үлүшү бир пайызга жетпейт.
Эмне үчүн Россия америкалык мамлекеттик карыздын дээрлик баарын сатты? Андан алган каражатты кайда сарптады? Ушул жана башка соболдорго Наталья Дембинская жооп издеген. Анын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Болушунча азайтуу

АКШ Каржы министрлиги Россия ноябрда америкалык мамлекеттик баалуу кагаздарга салымын 2,4 миллиард долларга дейре азайтканын маалымдады. Былтыр октябрда – 3,72, сентябрда — 3,91 миллиардды түзгөн. Облигациялар — бюджеттик таңсыктыкты жөнгө салууда Ак үйдүн негизги каржылык инструменттеринин бири. Бирок бул маселеде Россияга эми үмүт арта алышпайт, себеби трежеристи дээрлик сатып бүтүп калышты.
2010-2013-жылдары эле америкалык карызга россиялык салымдар 140 миллиард доллардан ашчу. Бирок 2014-жылдын апрель айында Вашингтон санкция жарыялаган соң РФ бул баалуу кагаздардан арыла баштаган. 2018-жылы Россиянын Борбордук банкы АКШнын казыналык милдеттенмелер топтомун дароо эки эсеге, тагыраагы, 13,2 миллиард долларга чейин азайтуу менен масштабдуу сатыкты баштаган. Ошондон тарта Россиянын алтын-валюталык резервиндеги трежерис үлүшү дээрлик жогорулаган жок.

Тең салмактанган топтом

Мезгил-мезгили менен салымды бир аз көбөйтүп коюшат. Бул портфелди тең салмактоо үчүн зарыл, бирок, жалпысынан алганда ырааттуу түрдө кыскартылып келет. Ушул тапта америкалык баалуу кагаздар эл аралык резервдин бир пайыздан азыраагы. Аларды сатуудан түшкөн каражаттар алтын, евро жана юанга салынды. Көптөн бери жүргүзүлүп келе жаткан саясаттын мыйзам ченемдүү тыянагы ушул.
Октябрь айынан бери РФ Каржы министрлиги америкалык баалуу кагаздарды сатууну улантып, ал эми доллардык активдери кескин төмөндөгөнүн айтат "Джи Эл ЭС Инвест" инвестициялык компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Эдуард Бугров. Мында бир нече фактор бар. Биринчиден, россиялык экономиканын америкалык валютадан көз карандылыгын төмөндөтө турган дедолларизация жүрүүдө. Экинчиден, эл аралык резервдерди диверсификациялоо зарыл.
"Каржыны тескөөнүн жогорку мектебинин" аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган кандай гана портфель болбосун инвесторлукка жаңыдан киришкен киши болобу же бүтүндөй бир мамлекетпи, кайрадан тең салмактоо кадыресе процесс экенин белгилейт. Божомолдор боюнча декабрда трежерис динамикасы терс көрсөткүчтө болчу. Бул да – тек гана инвестициялоонун белгилүү бир объектисин кайра карап чыгуудагы кадимки эле көрүнүш.
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Лимит түгөндү: АКШ Каржы министрлиги дефолт коркунучу тууралуу жар салды

Тобокелдиктер да эсте

Резервдерди түзүү — рыноктогу максатка ылайык гана маселе эмес. Диверсификация да (евро, юань, швейцариялык франк, ошондой эле экинчи эшелондогу резервдик валюталар) тышкы кысымга карата каржылык тутумдун туруктуулугун жогорулатат. Башкача айтканда америкалык мамлекеттик карыздан арылуу менен Россия эң оболу санкциялык жана геосаясий тобокелдиктерди азайтат.
Эки өлкөнүн мамилеси кайрадан курчуп, Вашингтон Москваны кезектеги чектөөлөр менен коркутуп турганы маалым. Бирде банктарга каршы даректүү санкцияларды, кээде туруп Россияны SWIFT системасынан өчүрүүнү убада кылышат. Мындан начар варианттар да бар.
"Кошмо Штаттар Россиянын доллардык активдерин тоңдуруп, карыз милдеттенмелерин аткаруудан да баш тартышы ыктымал. Албетте, мындай риторикалар толкунунда атаандаштын тескөөсүндөгү ресурстарда акча сактоо натуура иш", — дейт Эдуард Бугров.

Рационалдуу киреше

Ошол эле учурда РФтин алтын-валюталык резервинде АКШнын мамлекеттик облигациялар үлүшү символикалык гана көлөмдө болушу анын баарын сатып салуу керек дегенди туюндурбайт.
Трежерис — жогорку ликвиддик актив, башкача айтканда, чоң көлөмдө болгон күндө да аларды бачым сатып, негизги дүйнөлүк валюталарга айлантууга, каалаган учурда сатып жиберүүгө болот. Ал тургай милдеттенмелерди камсыздоо, маселен, башка активдер менен келишимдерде ыңгайлуу инструмент болуп саналат. Анан калса эл аралык эсеп-кысаптардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле америкалык валютада жүргүзүлүп, негизги каржылык жана товардык агымдарды дал доллар тейлейт. Россия системалык тобокелдиктерден четтеп, анан да мында кеп геосаясат жана санкциялар жөнүндө гана эмес.
АКШдагы каржылык кырдаалдын өзү инвесторлордун көпчүлүгүндө суроо туудурат. Биринчи кезекте башкаруу улам татаалдашып бараткан эбегейсиз карыз кооптондурат. Эске салсак, бул дээрлик 30 триллион долларды түзөт. Былтыр августта америкалыктар мамлекеттик карыздын мыйзамдуу түрдө белгиленген чегине дагы бир ирет кайрылган.
Бул өлкөнү карыз алып туруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан. Ошол тушта казыналык милдеттенмелер АКШ экономикасынын өлчөмүнөн 28,5 триллион доллардан эбак ашып кеткен. Натыйжада Каржы министрлиги чекти көтөрүп, мамлекеттик облигациялардын ири сериясын жайгаштыруу менен бюджетти "чаң соргуч" режимине которгон. Вашингтонго карыз берүү дагы деле уланууда, бирок аны кайра кайтарарына да кооптонуулар күч.
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
"Азаптуу" санкциялар, опурталдуу опузалар, Ак үйдөгү бириндеген демилгелер

Күчтүү резервдер

Россиянын эл аралык резервдери 2021-жылдын аягында тарыхый максимумун жаңыртып, 630,5 миллиард долларга чыкты. Жогорку ликвиддик чет элдик активдерди Россияда Борбордук банкы жана өкмөтү тескейт. Аларда монетардык алтын, карыз алуунун атайын укуктары, Эл аралык валюталык фондундагы резервдик позиция жана валютадагы каражаттар бар. Булардын баары төлөм балансынын таңсыктыгын жабуу, интервенция жолу менен рублдин кунуна таасир этүү, тышкы карыздарды төлөө, башка мамлекеттер менен эсеп-кысап операцияларын жүргүзүү, социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайдаланылат.
Соңку жылдары бул багытта алтын үстөмдүк кылууда. 2020-жылы июндун аягында баалуу металлдын үлүшү доллардан озуп, биринчи ирет 23 пайызга чыкты. Болжол менен активдердин үчтөн бири — евро, 12%ы — юань. 2021-жылдын соңунда Россия банкы алтын корун 2,3 миң тоннага (74 миллион унцийге) көбөйттү. Бул 133 миллиард долларды, ал эми алтын-валюта резервинин 21,3 пайызын түзөт. Мындай жогорку көрсөткүч туруктуулукту арттырып, ынанымдуулугун, диверсификация жана наркынын өсүшүн камсыздайт.
Өнүккөн өлкөлөр ушул тапта резервдеринин үчтөн бирин дал алтын түрүндө сакташат.
Нефтеперерабатывающий завод Shell Oil Company в Техасе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2022
АКШ антиэкологиялык жарышты баштап бара жатат. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0