Кариб каатчылыгы кайталанабы? Америкалык аскерлердин чочулаганы эмне?

© AP Photo / Sgt. Isaiah CampbellАКШнын аскердик пехотасынын аскерлери. Архив
АКШнын аскердик пехотасынын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Америкалык басылмалардын бетин дале Украина ээлөөдө. Алар бул маселени Женевадагы Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнө да аралаштыргысы келди.
Токсон миң..., жок жүз миң, эми жүз жыйырма беш миң, кийин Россияга айбат көрсөтүүнүн он сегиз сценарийи, отуз бир курьер… Айтор, уу-дуу кептин тыйылчудай түрү жок.
АКШ өз тургундарына эгер Россия менен куралдуу жаңжал болуп көрбөгөндөй ыраакта экенине, миңдеген чакырым аралыкта, деңиз жана океандардын ар жагында Украина бар, ал москвалык тиран менен кармашып жатканына, ал эми америкалыктар аларга жакшылык менен "Жавелиндерин" жиберип жатышканына ынандырышууда деп сүрөттөйт Виктория Никифорова учурдагы геосаясий жагдайды. Серепчинин ушул маселе тегерегиндеги ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Кытай менен болжолдуу тиреш деле дал ушундай мүнөздө. Кезектеги согуш Кошмо Штаттардын шаарларынан узак, алыскы жана экзотикалык чөлкөмдө болот деп ойлошот. Эгер алар болжогондой болбой калсачы? Өлкөнүн коргоо тармагынын чабал тараптары толуп жатат. Демократиялык мамлекетте ушул маселе кеңири талкууланмак, азыр учуру да эмеспи. Бирок америкалык коомдо андай кеп дегеле жок.
Болгону америкалык аскерлер аларды өздөрүнүн адистештирилген басылмаларында гана талкуулашат. Ошону менен бирге эле алар россиялык жаңы табылгалар туурасында тынчсыздангандарын да жашырышпайт. АКШ Коргоо министрлигиндегилер да алардан олуттуу түрдө чочулашууда.
2019-жылы чыккан аталган министрликтин "Ракетага каршы коргонуу боюнча маалыматтар түрмөгүндө": "Жаңжалда жалгыз активдүү ракетага каршы коргонуу тутуму Кошмо Штаттарга жардам бербейт. Ракеталардын жайнаган түрүнө ээлик кылган потенциалдуу душмандын артыкчылыгын эске алуу менен АКШ жакшыртып, инвестициялап, өнүктүрүүгө тийиш" деген мааниде баяндалган.
РФти Ак үй үчүн негизги көйгөй атаган АКШ Түндүк командачылыгынын башчысы Глен Ванхерк жарым жыл мурун: "Алар (Россия — автордун белгилөөсү) жыйырма жыл оболу эле түшкө кирбеген мүмкүнчүлүктөрдү жаратып алышты. Радарлардын көздөрүнө чалдыкпаган канаттуу ракеталар, биздикинен кем калышпаган дабышсыз кайыктар", – деп доклад жасаган.
Брюсселдеги Россия - НАТО сүйлөшүүлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Батыш коопсуздук кепилдигин берүүдөн баш тартты. Кийинки кадам кандай болот
Ошол эле Венесуэланы мисалга алалы. Америкалык журналисттерге АКШга аскерий басым кылуу үчүн Латын Америкасынын территориясын пайдаланышы да мүмкүн деген россиялык дипломат Сергей Рябковдун билдирүүсү жага бербей калды. Бирок 2018-жылдын декабрында Венесуэлада россиялык Ту-160тын келиши америкалык аскерлерди сүйүнткөн эмес. Ошол маалда Ак үй аталган өлкөнүн лидери Николас Мадурону тактан кулатууга аракеттенген. Ошондо АКШ Коргоо министрлигинин башкы аналитикалык мекемеси — Rand Corporation адистери эгер Венесуэла Россия менен аскер-техникалык кызматташтыгын улантса, Кошмо Штаттардын бул республикага таасир эте албай калат деген бүтүмгө келишкен.
Куба менен РФтин аскер-техникалык кызматташтыгынын жандандырылышы америкалык өнөктөштөр үчүн өтө оор тиери айдан ачык. Ал эми көңүлдөрүн өйүткөн Кариб каатчылыгын эскергиси да жок. Анткен менен туура эки жыл оболу британиялык The Spectator белдүү басылмасы Кошмо штаттарды Россия, Куба жана Венесуэла аскердик биримдиги тууралуу эскерткен эле.
Rand Corporation өз отчётунда америкалык өзөктүк "үчилтиктин" абалы жөнүндө айтылат. Соңку жыйырма жыл аралыгында Россия ийгиликтүү түрдө өз армиясын кайра куралдандырып, заманга бапташтыруу менен алектенип келсе, Кошмо штаттар кансыз согуштагы "жеңишине" маашырланып жүрүштү. Жарым кылым мурун жасалган куралдарынын жарактуу мөөнөтү эбак өтүп, улам узартылып келген. Ракеталар, алардын бардык инфраструктурасынын эскилиги жеткен.
Жаңы ракеталарды чыгаруу демилгеси улам көтөрүлгөнү менен андай программа дал азыр гана пайда болду. Континенттер аралык баллистикалык ракеталардын жаңыларынын сериялык өндүрүшү 2030-2036-жылдарга пландалууда. Бирок америкалык коргоо тармагын доордун талаптарына ылайыктоого жогорку жактагы ажырым катуу жолтоо болууда.
Ал тургай жаңы баллистикалык ракеталар боюнча талкуу катуу. Америкага ракеталардын зарылдыгы жок, бомбалоочу учактар жана суу түбүндөгү кайыктар жетиштүү деген да көз караштар жок эмес. Бирок аталган жабдуулар жаатында деле көйгөйлөр көп. "Огайо" классындагы кайыктарды пайдалануудан чыгарып, "Коламбия" классындагы аппараттарды алуу пландалат, бирок долбоор 2031-жылга чейин ишке ашары арсар.
B-52H бомбалоочусу биринчи ирет конвейерден 1962-жылы түшкөн, бүгүн жаңыртылууда. Андан кийинки эле B-2ни да алмаштыруу да каралган.
Ошондо Украина менен Грузияны НАТОго кабылдоо пландалбаганы ачыкка чыккандай. Ал процесстин алты баскычында Кошмо штаттар Европага ракета жайгаштырбайбыз, Украина менен Грузияны да тим калтырабыз деген тейде соодалашууга өтчүдөй. Алдыда эки баскыч: адегенде депрессия — АКШнын коргоо мекемелеринин отчётун окуу, андан соң Россиянын бардык шарттарын кабыл алуу бар.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Ялта келишимин тануу, өктөм сөз... Геосаясий аренага учкай сереп
Украина жана Улуу Британиянын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Британиялык жоокерлер Украинадан качууга камындыбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0