Батыш коопсуздук кепилдигин берүүдөн баш тартты. Кийинки кадам кандай болот

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүБрюсселдеги Россия - НАТО сүйлөшүүлөрү
Брюсселдеги Россия - НАТО сүйлөшүүлөрү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Батыш менен Россиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу сүйлөшүүнүн биринчи раунду соңуна чыкты. Россия тарап АКШ менен Женевада, ал эми НАТО менен Брюсселде жолукту. Кечээ ЕККУнун форматында Венада уланган сүйлөшүүлөр формалдуу гана мүнөзгө ээ. Натыйжасы кандай болду?
Өктөм айтылган Россиянын талаптарын АКШ кабыл алат деп эч ким күткөн эмес дейт россиялык журналист Петр Акопов. Материал РИА Новости агенттигине жарыяланды. Анткени эң негизги шарттын бири — НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүү оюнан баш тарттыруу (кеп биринчи кезекте Украина тууралуу эле) — Москвага альянсты кеңейтүүгө вето коюу укугун бермек. Мындайга Вашингтон каалоосу күч болгон күндө да жол бере алмак эмес, анткени Киев бийлигин биротоло тебелеп-тепсеп салгандан тышкары бул кадам альянстын европалык мүчөлөрүн да козгомок. Украинаны НАТОго кошууну ушунча каалап жатышат дейсизби? Жок. Болгону АКШ менен Россиянын эпке келиши альянс мүчөлөрүнүн оюн кыпынчалык да бааланбагандай кабыл алынмак. "Ансыз да биз менен эч ким эсептешкен жок, эми Трамптын Ак үйгө кайтып келиши мүмкүн, анда Америка бизди таптакыр талаада калтырат...". Мындай пикир өз алдынчалуулукка умтулуп, бирок ага анча алы жете бербеген Европанын шаарларында басымдуу.
Демек, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болору алдын ала белгилүү эле: мамкатчынын орун басары Шерман да, башкы катчы Столтенберг да россиялык өкүлдөр менен жолуккандан кийин Украина НАТОго кабыл алынбайт деген убада эч качан берилбей турганын айтууга ашыгышты.
"Союздаштардын баары альянстагы ар бир өлкө өз жолун өзү тандайт деген башкы принциби менен макул. Украина менен НАТОго мүчө 30 мамлекет гана Киевдин альянс мүчөлүгүнө даяр же даяр эместигин чечет... Ал эми "биздин жаныбызда жайгашкансыңар, демек, каалаганыңарды кыла албайсыңар" деген идея таасирди күчөтүүнүн эле амалы... Бул өтө кооптуу жол".
НАТО агрессияга алдырууда деген кинени Столтенберг четке кагып, альянсты кеңейтүүнүн эч коркунучу жок экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай жол менен демократия өнүгөт имиш. Бирок Европада согуш чыгып кетүү кооптуулугу бар, илеби куралдуу күчтөрүн Грузия, Украина менен Молдовада жайгаштырган Россиядан келүүдө. Ал мамлекеттерге Россияны эч ким чакырган эмес деген башкы катчы Москвадан аталган аймактардан аскер күчүн чыгарып кетүүнү талап кылды.
Башкача айтканда, "бизди агрессияга айыптап жатасыңар, биз чынында демократияны өнүктүрүп жатабыз, ал эми силер, орустар, бизге ошол демократияны чыгышты көздөй жайылтууга тоскоол болуп жатасыңар" деди НАТО.
НАТО жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Россия – НАТОнун кеңеши кезектеги саясий туңгуюкка кептейби?
Ошентсе да тараптар сүйлөшүүнү улантуу чечимин кабыл алышты. Талкуулай турган маселе көп, бирок майнабы аз. Өзгөчө Россия үчүн маанилүү болуп турган альянс кеңейбей турганы тууралуу кепилдик берилбегенден кийин мындай жолугушуулардын натыйжасы дээрлик болбойт. Жакында Вашингтондон Москванын сунушуна документ менен тастыкталган "жок" деген жооп келет.
Баары алдын ала белгилүү болгондон кийин мындай жолугушуулардын эмне кереги бар эле? "Бизге кепилдик керек, болгондо тез арада" деген Москванын көздөгөнү эмне? Үстүртөдө турган жоопту көрбөй ушу тапта буга баш катыргандар арбын.
Россия президенти Владимир Путин АКШдан кандайдыр бир оңгулуктуу жооп алуу үчүн эмес, глобалдуу дүйнө түзүлүшүн кайра куруунун жаңы барагын ача турган мезгил келип жеткенинен улам маселени кабыргасынан коюп отурат.
Батыш канчадан бери Россия мына-мына Украинага кол салганы турат дей берип, жыл аягында өзү да буга ишенип алды. Эч ким деле Киевди НАТОго кабыл алмак эмес (анык бир мөөнөт белгиленген эмес), минтип Россияга карата чагымчылдык жасоо өтө кооптуу экенин атлантчылар жакшы түшүнөт. Ошол эле убакта Украинаны кечке эле көзөмөлдөй алмак эмес, демек, Россияны тизгиндеш үчүн Киевди бетке кармап көпкө бара албай турганын да билет.
Украина кол жууп тынч отуруп калуу үчүн өтө баалуу актив, андыктан бул мөөнөттү болушунча кечеңдетүүгө аракет кылып, Батыш Киевди жөн эле Москвага кармата бербей турганына ынандырышы керек болуп турат. Кантип? "Орустардын кол салуусу" жана "болуп көрбөгөндөй кесепети" тууралуу жомок менен.
Мына ушул жерден Путин баарын өз колуна алып, Россия Батыштын чыгышка карай жылганын карап отура бере албай турганын жар салды. Путиндин Украинадан баш тартуу сунушун Батыш кабыл албай турганы турулуу эле, бирок жаңы реалдуулуктун, жаңы эрежелердин пайда болушун шарттады. Эми Украинага кол салба деп Батыш Россиядан талап кыла албайт, тескерисинче, Москва Батыштын эрежеси менен ойнолчу оюн бүткөнүн так кесе айтып жатат.
Эми Батыш дагы Россия менен жаңы эреженин негизинде алака түзүүгө мажбур болот. Баса, Россия менен эле эмес. Бир жумадан кийин Москвага Ирандын жаңы президенти келет, дагы үч аптадан соң Владимир Путин Пекинге сапар алат. Олимпиаданын жана коопсуздук архитектурасынын курулушунун жаңы этабынын ачылышына барат. Россиялык эмес, глобалдуу коопсуздуктун курулушу үчүн.
Россиянын жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Ялта келишимин тануу, өктөм сөз... Геосаясий аренага учкай сереп
Алмата шаарындагы ЖККУнун аскердик техникасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Чоочундарга орун жок: АКШ СССР кайра жанданат деп сарсанаа
Жаңылыктар түрмөгү
0