Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды

© Sputnik / Болат ШайхиновКазакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Тиешелүү буйрукка Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы. Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар. Казакстандагы массалык башаламандыктан улам 6-январда мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча УККнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалган.
Мындан сырткары, буга чейин Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматынан бошотулган.
Өрттөн жабыркаган акимчиликтин имараты  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин кызы Казакстандагы окуялар боюнча үн катты
Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматынан кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0