Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүКазакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Комитеттин сайтында Масимовдон башка дагы адамдар колго түшүрүлгөнү жазылган, бирок алардын аты-жөнү ачыкталган эмес.
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетине таянып, Sputnik Казакстан жазды.
"Масимов жана башка адамдар мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелүүдө. 6-январда Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Масимов кармалып, тергөө абагына киргизилген. Мамлекетке чыккынчылык кылгандар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп жазылган маалыматта.
Комитеттин сайтында Масимовдон башка дагы адамдар колго түшүрүлгөнү кабарланып, бирок алардын аты-жөнү ачыкталган эмес.
Масимов эки ирет Казакстандын өкмөт башчысы болуп, президенттин администрациясын жетектеген. 2016-жылдын сентябрь айынан бери Улуттук коопсуздук комитетин башкарып, Казакстанда митинг жүрүп жатканда, 5-январда, Токаев аны кызматтан алган. ЖМКлардын жазганына караганда, Масимов Назарбаевдин ишеничтүү адамдарынын бири.
Алматыдагы аэропорт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаевдин экс-кеңешчиси: аэропортко кол салуудан мурда күзөттү алуу буйругу келген
Жаңылыктар түрмөгү
0