Эмдөө күчөтүлүп, бөлүмдөр ачылат. Жалал-Абадда ыкчам штаб жыйын өткөрдү

© Фото / полпредство ПКР в Джалал-Абадской областиЖалал-Абадда ыкчам штаб жыйыны
Жалал-Абадда ыкчам штаб жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, мекеме-ишканаларда санитардык талаптардын сакталашын текшерүү үчүн рейддер уюштурулат.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өлкөдө коронавирус көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын отуруму өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кабарлады.
© Фото / полпредство ПКР в Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облусун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков
Совещание оперативного штаба по борьбе с распространением COVID-19 в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жалал-Абад облусун башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков
Жыйынды облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков жетектеп, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берген.

"Облус аймагындагы калкка эмдөөнүн 3-дозасын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Ооруга кабылгандар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу бейтаптарды кабыл алуу үчүн Сузак, Ноокен, Аксы райондорундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун жугуштуу оорулар бөлүмү ачылып, Жалал-Абад шаарындагы "Бакыт" реабилитациялык борборунун имаратын кырдаалга ылайык даярдоо иштери жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин капиталдык ремонт жүргүзүлүп жаткан облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү ушул жылдын 17-январына карата толук бүткөрүлүп, бейтаптарды кабыл ала баштамакчы. Жыйында ооруканаларда кычкылтек толтурулган баллондорду суюк кычкылтек менен үзгүлтүксүз камсыздоо керектиги эскертилген.
Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабековдун айтымында, аймактарда менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканаларда санитардык талаптардын сакталашын текшерүү үчүн рейддер уюштурулат. Облустагы бардык калкты тейлөө, социалдык объектилер жана коомдук жайларда жарандарга эмдөө алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштери колго алынмакчы.
Мындан сырткары, район, шаарлар аралык жана Ош облусуна, Бишкек шаарына каттаган маршруттук жана такси каттамдарына да көзөмөл күчөтүлөт.
Учурда Жалал-Абад облусунда калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө иштери 61 пайызды түздү.
Адам онлайн иштөө учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Бишкектин Санэпидкөзөмөл борбору жыйындарды онлайн өткөрүүгө чакырды
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0