Кыргызстанда катталган "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасы кандай

© Sputnik / Александр КряжевКөчөдө бараткан маскачан кыз. Архив
Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Адатта илдеттин белгилери 3-6 күндөн кийин билинсе, "омикрон" жуктурган адамдар бир күндөн кийин эле ооруп калганын сезиши мүмкүн.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. COVID-19 боюнча республикалык штаб "омикрон" штаммынын "дельтадан" айырмасын санап берди.
Бүгүн, 12-январда, Кыргызстанда биринчи жолу "омикрон" штаммы аныкталды. Илдет илештирген эки бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатканы кабарланды.
"Дельтадан" айырмасы:
мутациясы көп (S-белогунда 32 мутациясы бар);
тез жугат;
япониялык окумуштуулардын айтымында, "омикрон" "дельтага" караганда 4,2 эсе тез тарайт;
адатта оорунун белгилери 3-6 күндөн кийин билине баштайт. Бирок "омикрондун" тез тарап, тез жукканын эске ала турган болсок, анын белгилери бир күндөн кийин эле билиниши мүмкүн;
Киши эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Коронавируска кабылдым деп шектенсеңиз эмне кылуу керек. Штабдын эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0