Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей КуденкоДаракта отурган карга
Даракта отурган карга - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
13-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл жергесинде +1...+6, Нарында -8...-13 градуска төмөндөйт.
Бул күнү термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +7... +9 жана Ошто +9...+11 градус болору айтылды.
Суу ташкыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Аба ырайы 2022-жылы кандай болот? Климатологдун божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0