Аба ырайы 2022-жылы кандай болот? Климатологдун божомолу

© AP Photo / Gerald HerbertСуу ташкыны. Архив
Суу ташкыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Быйыл абанын температурасы 2020-жылга салыштырмалуу төмөн, 2021-жылга окшош болот деп болжолдонууда.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 2022-жылы Жер планетасынын жашоочулары абанын бирде өйдө, бирде ылдый болуп өзгөрүп турган температурасына күбө болот. Бул туурасында Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун (WWF) Россиядагы "Климат жана энергетика" программасынын директору Алексей Кокорин Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
"2022-жылдын төрт мезгилинде кандай аба ырайы күтүлөрүн болжоп болбойт. Ал эми көп жылдан бери келе жаткан өзгөрүлмөлүү аба ырайынын тенденциясы сакталарын ишенимдүү түрдө айтууга болот. Башкача айтканда, бул жылы катуу жаан-чачын же такыр кургакчылык болушу ыктымал", — деди климатолог.
Анын айтымында, Тынч океанда болуп жаткан процесске карап 2022-жылы дүйнөдө абанын температурасы 2020-жылга салыштырмалуу төмөн, 2021-жылга окшош болот деген тыянак чыгарса болот.
"Мен Тынч океандын ири аймагында Ла-Нинья кубулушу өрчүп баратканын (суунун үстүңкү бөлүгү катуу шамалдан улам муздап калат, бул климатка таасир этет) негиз кылып айтып жатам. Бул атмосферадан океанга күчөтүлгөн жылуулук агымы багытталганын түшүндүрөт", — деп болжойт Кокорин.
Ошондой эле эксперт 2022-жылы аномалдуу олку-солку температура, ар кайсы мезгилде жааган нормадан тыш жаан-чачын күтүлөрүн айтат.
Мындан сырткары, акырындык менен Ла-Нинья башка мезгилге алмашып — Эль-Ниньо келерин кошумчалаган. Анда океандын үстүңкү катмары жылып, климат да ысый баштайт. Жалпысынан алдыңкы 10 жылдыкта климаттын глобалдык өзгөрүүсү болорун, абанын температурасы акырындык менен жогорулай турганын белгилеген.
Орто кылымдын белгилүү астрологу жана дарыгер Мишель Нострадамус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2022
Жаңырган жылы адамзатты эмне күтөт? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Жаңылыктар түрмөгү
0