Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Жалган сүйлөсөң Бишкекке жөнөтөбүз дешти. Рузахунов окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык пианист Викрам Рузахунов
Кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Музыкант 7-январь күнү Бишкекке такси менен келе жаткан жеринен постто турган аскерлер кармап кеткенин белгиледи.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов ушундай ыкманы колдонсо Бишкекке экстрадициялайт экен деп уккандан кийин камеранын алдында жалган сүйлөгөнүн айтты.
Алматыда кармалган мекендеш бүгүн, 10-январда, Бишкекке алып келинип, андан соң окуя кандай болгонун журналисттерге айтып берди.
Музыкант 2-январда досунун чакыруусу менен Алматыга учуп барган. 4-январда митингдер башталып кеткендиктен шаарда ижарага алган батиринде калып калган. Досу ошол батирден чыкпай отурууга кеңеш бергенин белгиледи. Ал жерде үч күн болуп, кийин интернет өчүп, азык-түлүк дүкөндөрү иштебей калгандыктан Кыргызстанга кетүүгө аракет кылган.
7-январь күнү такси жалдап Алматы — Бишкек жолунда баратканда блокпосттон токтоткон аскерлер Рузахуновду кармап убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Ал аскерлерга музыка менен алектенерин айтса да укпай койгонун билдирди.

“Камерада мага сылык мамиле жасап, тамак, ысык чай берип жатышты. Жагдайлар такталганга чейин төрт күн жаттым. Анан Кыргызстандын бийлигинин күчү менен чыгып келдим. Ыраазычылык билдирем, азыр өзүмдү кандай сезип жатканымды айтып бере албайм. Эң башкысы, ушунча жылдан бери Кыргызстан элинин уулу болуу канчалык кымбат экенин аңдап-билбегенимди түшүнүп турам. Баары ушундай кырдаалга кептелиши мүмкүн, мен ыңгайсыз учурда, ыңгайсыз жерден чыга калып кырдаалдын курмандыгы болуп калдым”, — деди Рузахунов.

Музыкант абакта отургандардан “эгер митингге катышуу үчүн ага акча сунушташканын айтып билдирүү жасаса, Бишкекке экстрадициялайт” деп укканын белгиледи.
“Ушундай гана жолу бар эле. Ошондуктан мен жалган сүйлөп чыгууну чечтим. Муну чындыкка дал келбеген көрсөтмө деп атаса болот. Бети-башымдын көгаласы боюнча айтсам, аскерлер кармоо учурунда күч колдонуп такыр аяган эмес. Ал убакта мен эч кимге бир нерсе делилдей албайт болчумун. Алар баарын ушинтип катуу кармашты”, — деди музыкант.
Ошондой эле Рузахунов маалыматты ачыктабоо тууралуу эч кандай кагазга кол койбогонун кошумчалады. Айтымында, аны менен кошо абакта дагы төрт кыргызстандык отурган.
Ошону менен бирге эле пианист өзүнө келиши үчүн бир канча убакыт керектигин айтты. Андан кийин чыгармачылыгын улантып, тагыраак айтканда, джаз фестивалдарын уюштура бермекчи.
Кыргызстандын ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ Закир Юбуровду бошотуу талабы менен Казакстанга дагы бир нота жиберди

Кыргызстандык музыканттын кармалышы

Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп мекендештердин укугу корголорун убадалаган.
Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Андан кийин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары Рузахуновго байланышкан видеолорун өчүргөн.
Ал арада Юстиция министрлиги кыргыз жаранынын кыйноого кабылганын болжоп Казакстандын күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага демилгелеген.
Алматыдагы митингдер учурунда полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Алматыдагы башаламандыкта 33 жаштагы кыргызстандык көз жумду
Жаңылыктар түрмөгү
0