Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Юстиция министрлиги казак күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрдү

© AFP / NOEL CELISКолу байланган адам. Архив
Колу байланган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Жазылуу
Министрлик Рузахуновдун маселеси боюнча Башкы прокуратурага сурам жиберген.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Юстиция министрлиги Алматыда кармалган Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин көтөрөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министрлик аталган маселе боюнча Башкы прокуратурага сурам жиберген. Ошондой эле Кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндөгү 2002-жылкы Кишинев конвенциясынын жобосуна ылайык, Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүү боюнча Казакстанга эл аралык тапшырма-сурам жөнөтүү маселесин койгон.
"Мындай кайрылуу жасоого Кыргызстандын жаранына Викрам Рузахуновдун уруп-согуу\кыйноо фактысы айдан ачык көрүнүп турган видеонун тарашы себеп болду. Ошону менен бирге эле аны массалык башаламандыкка катышканы туурасында жок жерден мойнуна алдырганы көрүнүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Юстиция министрлиги ар бир мамлекеттин эл аралык милдеттемесине ылайык, жарандарды кыйноого тыюу салынарын белгиледи.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы кечээ, 9-январда, митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, учакка билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерттик программа менен барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыкты. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, кыргыз жаранынын укугу корголо турганын убадалады.
Өз кезегинде ТИМ Казакстанга нота тапшырып, Рузахуновду тез арада бошотууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0