Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттин пикири

© AP Photo / Vladimir TretyakovАлматы шаарындагы ИИМ кызматкерлери
Алматы шаарындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Атайын кызматтын ардагери кыргыз бийлиги дагы коңшу өлкөдөн сабак алып, көйгөйлөргө тереңинен көңүл буруу керектигин айтты.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстанда болуп жаткан башаламандыктар Кыргызстандын коопсуздугуна таасир этпейт. Бул туурасында УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, "Антитеррор-Альфа" ардагерлердин коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков билдирди.

“Коопсуздук жагынан алганда бул нааразычылыктар бизге анча таасир этпейт. Нааразычылыктардын агымы Тажикстан менен Өзбекстанга өтүп кетиши мүмкүн. Эми алдын ала айтып болбойт. Биз мунун баарын эбак эле басып өткөнбүз, учурда туруктуулукка басым жасалууда. Деген менен экономикабыз жабыркашы мүмкүн. Биз Казакстандан азык-түлүк жана энергетикалык товарлардын импортуна, анын ичинде транзитине көз каранды экенибиз жашыруун эмес. Эгер башаламандыктар созулуп кетсе, бизде баалардын өсүшү толук ыктымал”, — деди Медетбеков.

Анын айтымында, Казакстан жакын коңшу болгондуктан ал жактагы кырдаал кыргызстандыктарды аябай тынчсыздандырат.
“Казакстандагы окуялар биздин жарандарды активдүү аракеттерге шыктандырышы мүмкүн. Жакында жаңы Салык кодексине каршы “Дордой” жана башка базарларда болгон митингдерди, көмүрдүн кымбатташынан улам чыккан нааразычылыктарды эстеш керек. Биздин бийлик коңшу өлкөдө болуп жаткан окуялардын сабак алып саясатын кайра карап чыгып, өлкөдөгү көйгөйлөргө тереңинен маани бериши керек”, — деди атайын кызматтын ардагери.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирген.
Ага карабай түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын басып алышкан. Мындан башка дагы мамлекеттик администрацияларды басып киришкени айтылууда. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар.
Алматы шаарынын аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖМК: митингчилер Алматы аэропортун басып алышты
Жаңылыктар түрмөгү
0