Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

ЖМК: митингчилер Алматы аэропортун басып алышты

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүАлматы шаарынын аэропорту. Архив
Алматы шаарынын аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Митингчилер аэропортту басып алган соң кызматкерлер эвакуацияланып жатканы айтылууда. Бирок маалымат расмий тастыктала элек.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маалымдады.
“Митингчилер аэропортту басып алышты. Учурда кызматкерлер эвакуацияланып жатат”, — деп айтылат кабарда.

Казакстандагы окуялар

Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.
Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.
Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган.
5-январь күнү түштөн кийин митингчилер басып алган алгачкы имараттардын бири Алматыдагы акимчилик болду.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Токаевдин казак элине экинчи ирет кайрылуусунун урунттуу учурлары
Жаңылыктар түрмөгү
0