Калк намысын бийик коюшкан. Кыргыздын эң таасирдүү 7 айымы

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген аялдар. Архив
Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Тарыхта жана чыгармалардагы кыргыз аялдарынын басып өткөн жолу кийинки муундарга өрнөк. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кылым карыткан таасирдүү аялдар тууралуу кеп кылат.

Баатыр төрөгөн Чыйырды эне

© Фото / Теодор ГерценМанасты баатыр жарыкка алып келген Чыйырды энеликтин өрнөгү деп айтылып келет.
Иллюстрация к эпосу ″Манас″: ″Родился Манас″ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Манас баатырдын образы далай муунга үлгү болуп келет. Баатыр баланы төрөп эрезеге жеткирген анын энеси Чыйырды апа энеликтин өрнөгү жана эпостогу окуялардын башталышында турган эненин образы.
Чыйырды деген ысымдын маанисине токтоло кетсек. Кыргыздар эң биринчи салынган жолду же аппак кар жаап, эч ким баса электе жол салып баскан адамдын изин "чыйыр" деп аташат. Улуу мурасты жаратуучулар да "Манас" эпосунда адабий каарман катары Чыйырды энени Манасты төрөп, тарбиялап, эл тарыхы үчүн энелик чыйыр салган деп эсептешет. Чыйырды — мекенчил, баатыр уулду төрөп, тарбиялаган эненин символдук образы.

Калк энеси Каныкей

© Фото / Теодор ГерценКаныкей Манас баатырдын жары гана эмес, сулуулуктун, уздуктун, акылмандыктын символу.
Иллюстрация из издания эпоса Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
"Манас" эпосунда "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган" Каныкей Манас баатырдын жары гана эмес, сулуулуктун, уздуктун, акылмандыктын символу катары кыргыз кыйырында кылымдар бою аялзаты үчүн идеал катары жашап келет. Бул каармандын өз аты Санирабига болуп, Манаска жар болгон соң кыргыздар арасында Каныкей аталып калат, бул "хан никейи", "хандын никедеги аялы" дегенди туюндурат.
Каныкей Манас баатырдын бала төрөп берген жары гана эмес, анын акылгөй кеңешчиси. Ал бир нече жолу Манасты акылмандыгы, көрөгөчтүгү, сабырдуулугу менен ажалдан арачалап калат. Маселен, Манасты Көзкамандар алдап алып барып, ууктуруп, жок кыла турганын билип калып, эч кимдин алы келбей жатканда Каныкей өңөрө качып, өлүм коркунучунан аман алып чыгып кеткени айтылат.
Каныкей эненин акылмандыгынан сырткары узчулугу, дарыгерлиги, саяпкерлиги, эртеңкини көрө билген касиети эл оозунан түшпөй келет.

Баатырлыгы даңаза Кыз Сайкал

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыз Сайкал жаш кезинен баатыр мүнөз өсүп, эли-жерин душмандардан бошотуп, калкын биримдикте кармап турган.
Герой эпоса Манас. Кыз Сайкал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Сайкал нойгут элинин каны Карачанын жалгыз кызы. Атасы Кытайдагы азыркы Текес шаарын башкарып турган. Сайкал жаш кезинен баатыр мүнөз өсүп, эли-жерин душмандардан бошотуп, алык-салык алдырбай, намыска бекем туруп, эр экендигин көрсөтүп, элин биримдикте, эркиндикте кармап турган. Кези келгенде эр сайышка, күрөшкө түшүп баатырлыгын, жоокерлигин көрсөткөн.
"Манас" эпосунда Кыз Сайкал — Манастын зайыбы, беш аялынын бири. Манас Сайкал тууралуу даңазалуу кептерди угуп, Текеске өзү издеп барат. Сайкал анын келерин билип, күтүп жүргөн. Экөө алгачкы жолугушуусунда эле эр сайышка түшөт. Ошондо Кыз Сайкал аянбастан, тартынбастан Манасты жыга саят. Манас ээрден кылтайып, үзөңгүдөн буту тайып, жыгылып бара жатканда Чубак чаап барып кармап-сүйөп, Аккуланын үстүнө отургузуп кетет. Кандын, баатырдын ат үстүнөн жыгылышы уят болгон. Ошондон кийин Манас Сайкалга барып нике тууралуу сөз айткан. Кыз Сайкал Каныкейдин бар экендигин билип, ал Манаска тең зайып экендигин түшүнүп, "алдына барып күң болбоюн, алдынан өтпөйүн" деп сыйлап, бу дүйнөдө никелүү аял болуудан баш тартып, акыреттик жар болууга сөз берген.

Намысы бийик Жаңыл Мырза

© Рысбек ИсаковКыргыздын нойгут уруусунун өкүлү, даңазалуу баатыр кыз Жаңыл Мырза XVII кылымда жашап өткөн деп айтылат.
Рисунок из книги Жаныл Мырза издательства Шам 1998 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Кыргыздын нойгут уруусунун өкүлү, даңазалуу баатыр кыз Жаңыл Мырза XVII кылымда жашап өткөн деп айтылат. Жоокер кызга арналган "Жаңыл Мырза" эпосунда Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраттуулугу тез эле тарайт. Кыргызга белгилүү бектер Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл Мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Эрдигин, кайратын көрө албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайратынан жазбайт. Баатыр кыз баарынан эркиндикти жогору коёт. Кыз да болсо өз уруусунун намысын коргоп, жеке тагдырын, өмүрүн өлүмгө байлап кызматын кылат. Эпосто намыскөйлүк деген түшүнүк анын өзөгүн түзөт. Өзү ашык болгон Түлкү баатырды жаа менен атып, кийинки тагдырын азаптуу да, армандуу да нукка бурган. Анын кайгылуу тагдыры кыргыз адабиятында ар кыл жанрда окурмандарга сунушталып келе жатат.

Аялзаттын ажары Ак Мөөр

© Фото / Динара БазаркуловаКумбез Акмоор в Кемине
Кумбез Акмоор в Кемине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Аялзат сулуулугунун символу болгон Ак Мөөр жөнүндө эл оозунда көп айтылып келет. Ал тууралуу көркөм чыгармалар жазылып, кино тартылып, Ак Мөөрдүн Болотко жетпей калганы, аргасыздан Жантай ханга башын байлашы тууралуу баяндалат. Анткен менен айрымдар Ак Мөөрдүн жашоосу реалдуулуктун чегинен чыгып, ашыкча кооздолуп, кошулуп айтылып кеткен деп эсептешет. Ак Мөөрдү тарыхый жактан адилет баалоону, калыс мамиле кылууну максат кылып, Жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист Өмүрбек Дөлөев 2005-жылы "Ак Мөөр — Ак-Талаанын айпериси" деген тарыхый очерк жазып басмадан чыгарган экен.
Анын маалыматында, Ак Мөөр 1834-жылы Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда төрөлгөн. Атасы Адыл кезегинде бий, жоокер, колунда бар, эл ичинде кадыр-баркка ээ адам болгон. Бир туугандары убагында Тайлак баатырдын жигиттери экен. Ак Мөөр жаштайынан акылдуу, эстүү, аркы-беркини ойлой билген кыз болгон. Шыңга бойлуу, келте мурун, бетинде сепкилдери бар деп сүрөттөлөт.
Мөөркан 14 жашында 54 жаштагы Жантай ханга турмушка чыккан. Анын айтымында, эки тарыхый инсандын жолугушуусу боюнча маалыматтар ар кыл. Жазуучу Өмүрбек Дөлөев бул боюнча 50-60тай аксакал, байбичелерден сураштырып, эки инсандын турмуш курушунда эч кандай зордук-зомбулук болбогонун тактай алдым деп эсептейт. Жантай хан Ак Мөөрдү атасы Адылдын колунан каада-салт менен алып кеткен. Ал өмүр бою кайындарына алык-салык алдырбай карамдуу чыгып, сый-урмат көрсөткөн күйөө бала болгону айтылат.

Акылгөй Курманжан датка

© Sputnik / Эмиль СадыровКурманжан датка 1862-жылы күйөөсү кутумда өлтүрүлгөндөн кийин Алайдын жаңы даткасы катары өз алдынча ишин жүргүзүп калган. Тышкы саясатты көрө билип, элдин бүтүндүгүнө кам көргөн, кайраттуу инсан болгон.
Памятники в городе Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Курманжан Маматбай кызы Кокон хандыгынын тушунда эң таасирдүү аялзаты болгон. 1832-жылы 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыгат. Ал датканын жубайы гана эмес, кеңешчиси, акылгөйү да болгон.
Башында коомдук-саясий ишмердүүлүктү Алымбек даткага таянуу менен жүзөгө ашырса, 1862-жылы күйөөсү кутумда өлтүрүлгөндөн кийин Алайдын жаңы даткасы катары өз алдынча ишин жүргүзүп калган. Аны жогору баалаган Кокон ханы Кудаяр, Бухар эмири Музаффар Эддин расмий жолугушууга келип, датка наамын ыйгарган. "Датка" фарс тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган. Курманжан даткага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул жолу тарыхта биринчи жолу аталган наам аял кишиге, болгондо да элетте турган аялзатына берилген.
1876-жылы Гүлчөгө жакынкы Жаңы-Арыкта орус аскерлери жеңип чыккан соң тарых башка нукка өзгөрүп, Курманжан датка ак падыша менен тынчтык келишим түзүүгө мажбур болот.
Курманжан даткага "Алай ханышасы" деген атакты да орус чиновниктери ыйгарган. 1901-жылы датка энеге император Николай II өзү асыл таштуу шакекти белекке берип жиберген.

Жан аябаган Уркуя Салиева

© Sputnik / Табылды КадырбековУркуя Салиева Борбордук Азия аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын катарында турат. Раис келинди 1934-жылы басмачылар күйөөсү менен кошуп, түн жамына келип мууздап кетишкен.
Памятник Уркуе Салиевой. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Уркуя Салиева Борбордук Азия аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын катарында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген.
Уркуянын балалык чагында эле эч нерседен тайманбаган, такылдаган, сөзгө чечен, өзүнө ишенген сапаттары байкалган. Комсомолдун катарына биринчилерден болуп өтүп, жаңы замандын активдүү тарапкери боло баштаган. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган. 1930-жылы ВКП(б)нын мүчөлүгүнө кандидат катары кабыл алынып, 1932-жылы Коммунисттик партиянын катарына биринчилерден болуп өткөн. Раис болуп жүргөн учурунда ага кастарын тиккен, кулакка тартылган мурдагы байлар жалган жалаа менен партиялык билетинен ажыратып, партиянын катарынан чыгартышат. Андан кийин да бир нече жолу кол салуу болгон. 1934-жылдын 6-февралынын түнү бетин таанытпай жоолук менен орогон, канжар, союл менен куралданган басмачылар мыкаачылык менен Уркуяны, күйөөсү Колдошту өлтүрүп кетишкен.
Курманжан Датка тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2018
Каза болгонуна 111 жыл. Курманжан датка тууралуу 13 факты
Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Кыз тапкан үй көрктүү. Кыргыздагы жеңелер институтунун мааниси
Жаңылыктар түрмөгү
0