Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга Жаңыл Мырза туурасындагы жети фактыны сунуштайт.
"Жаңыл Мырза" эпосунун төрт варианты бар. Улуттук Илимдер Академиясынын Манас таануу борборунун кол жазма фондусуна Тоголок Молдонун, Ыбрай Абдракмановдун, Абдыкалык Чоробаевдин, Молдобасан Мусулманкуловдун варианттары сакталган. Чыгарманын варианттары бир нече ирет басылып чыгып, окурмандарга сунушталган.
Тарыхый инсан. "Жаңыл Мырза" эпосун кээ бир айтуучулар аны тарыхый болгон окуялар менен байланыштырышат. Жазгыч акын Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл Мырза XVI кылымда жашаган деген маалымат бар. Абдрахманов аны XVII кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Тоголок Молдо Жаңылдын доорунда "кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, хан Шырдакбек, Үчүкө, Түлкү, карабейиттердин ханы Тейиш, анын балдары Аккочкор, Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган" деп жазган экен.
Баатыр кыз 1670—80-жылдарда жашаган. Бул туурасында кыргыз тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев төмөнкүчө эскерген.
Гендердик маселеге да кайрылган. Тарыхка көз жүгүртсөк, элдин баатырдык идеалы да элдин дүйнөгө, айлана-чөйрөгө болгон көз караштарынын негизинде улам өзгөрүлүп, эволюциялык баскычтардан өтүп турушу мыйзамдуу көрүнүш. Ошондуктан элибиз кыздар темасын өз айтымдарында чагылдыруу менен бирге бүгүнкү күндөгү гендердик маселелерге да кайрылып келишкендигин "Жаңыл Мырзадан" байкоого болот. Бул туурасында адабиятчы Абдырасулова белгилеген.
Баатыр кызга арналган чыгармалар. Агартуучу, кызыл профессор Касым Тыныстанов 1924-жылы "Жаңыл Мырза" деген тарыхый-лирикалык поэмасын жараткан. Кыргыз ССРинин эл акыны Тенти Адышева 1960-жылдарда "Жаңыл мырза" чыгармасын жазган. 1996-жылы тарыхчы Калкан Керимаалы уулу "Жаңыл Мырза" аталыштагы эки китептен турган тарыхый-лирикалык изилдөөсүн жарыялаган. Адабияттын алптарынын бири Кубанычбек Маликов менен акын Эгемберди Эрматов да бул темага кайрылып, "Жаңыл Мырза" драмасын жаратышкан.
Айрым түшүнүксүз сөздөр кездешет. Алар:
Бедөө — күлүк ат,
Жамбы — акча ордуна жүрүүчү уютулган күмүш.
Кыса — аңгеме, жомок.
Манат — илгери Бухарада чыгарылган түктүү кызыл кездеме.
Масилет — кеңешме, акылдашуу, пикир алышуу.
Машыроо — кийим.
Үртүк — ат жабуу.
Чеге — 1) майда, кооз мык, 2) таяныч, арка-жөлөк деген маанини түшүндүрөт.
Кээ бир маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.