Манастын образы миңдеген-миңдеген муундарга үлгү болуп келет. Баатыр баланы төрөп эрезеге жеткирген анын энеси Чыйырды апа энеликтин өрнөгү жана эпостогу окуялардын башталышында турган эненин образы. Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 9 фактыны сунуш кылабыз.
Чыйырдынын Жакып ханга жолукканга чейинки тагдыры да, ысымы да башкача болгон. Анын чыныгы ысымы — Шакан. Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча ал Жакыптын агасы Чыйыр деген кишинин аялы болот. Чыйыр каза болгон соң салт боюнча кайниси Жакыпка жеңесинин башы байланат. Ошондон кийин ар ким "Чыйырдын аялы", "Чыйырдын зайыбы" деп отуруп, бара-бара Чыйырды болуп кетет.
Чыйырды бала деп зарлап жашайт. Бай Жакыптын Алтайда тоолор толо түмөн малы, анын ичинде токсон миң топозу болсо да үйүндө кыңылдап ыйлаган бала үнү угулбайт. Мына ушундай абалда болууга Чыйырды да өзүн күнөөлүү сезип, кайгы менен азапты башынан өткөрөт. Эпосто анын ат көтөргүс арманы да трагедиялуу берилет.
Бала төрөө үчүн Чыйырдынын элдик ишенимдерди аткаруусу. "Караан калган көп малдан, жылкынын баарын соёлу, дүнүйөнү чачалы, сандыктын оозун ачалы" деп, мал-дүйнө артынан түшкөн абышкасын ийге келтирип, элден бата сурайт. Төрөбөгөн аялды ээн токойго жалгыз алып барып таштоо керек деп айтышканда, Жакып зайыбын ошондой кылып ардантат, арданган Чыйырдынын боюна бүтөт. Бул анын намыскөйлүгү. Жолборстун этине талгак болот жана ошонусу менен эле болочок баласын сактоонун камын ойлойт.
Чыйырдынын эмчегинен кан чыккан. Манасты биринчи жолу эмизгени эмчегин салганда жаңы төрөлгөн наристе эмчегинен кан чыгара сорот. Ошондо Чыйырды баласынын тагдыры башкача болорун боолголойт. Уулу тарбиясыз "Чоң жинди" аталып жүргөндө да аны тарбиялоо үчүн Ошпур деген койчу башчыга берүү сунушун да ушул энеси киргизет. Көп жолу атасы Манаска капа болгондо Чыйырды аны тыйып турат. "Алтай бизге жер эмес, калмак бизге эл эмес, Манасты арка кылып көп кыргызга качалы" деген сөзү менен Жакып хан баш болгон кыргыздарды арданткан да Чыйырды болгон.
Чыйырды баласына эмчектеш табат. Манас баатырды издеп, аны дос тутунуу үчүн келген душман тараптын өкүлү Алмамбетке да Чыйырды эмчегин салат, ошондо эчак соолуп калган эмчеги ийип, сүт чыгып, Алмамбет менен Манас эмчектеш болуп калат. Муну Чыйырды апа атайын чоң максатта жасайт.
Үчилтиктин "Семетей" бөлүмүндө да Чыйырдынын орду бар. Манастан калган туякты Букар жеринде тарбиялоодо, анын жери Талас, эли кыргыз экенин угузууда, Таласка келүүдө жана ал жерде душмандан өч алууда да Чыйырды акылчы, кеңешчи, токсон бешке келген чоң эне катары эпостун сюжетиндеги айрым эпизоддорго катышканын көрөбүз.