Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстан президенти Токаев митингге чыккан элге кайрылды

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивное фото
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
Казакстандын президенти митингге чыккан элди деструктивдүү күчтөрдүн айткандарына кулак төшөбөгүлө деп чакырык салды.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасынан митингге чыккандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Өкмөт өзүнө берилген укуктарынан пайдаланып туруктуулукту камсыздоо максатында Маңгыстау облусундагы газдын баасын 50 тенгеге түшүрдү. Демонстранттарга өлкөдөгү тынч абалды, элдин биримдигин бузганга аракет кылган деструктивдүү күчтөрдүн айткандарына кулак төшөбөөгө чакырам. Социалдык-экономикалык маанайдагы жана башка дагы маселелер борбор калаада эртең өтө турган кеңешмеде каралат", — деп жазган президент Twitter баракчасына.
Эске салсак, Казакстанда митингдер 2-январь күнү башталган. Жаңаозен, Атырау, Курыке, Акшукуре, Актау аймактарында автотранспорт үчүн газдын баасы эки эсе кымбаттап, литри 120 тенгеге (23, 9 сом) чыгып кеткенде нааразычылык күч алган. Кээ бирлери шаардын борбордук аянтына боз үй тигип алган.
Митингчилер үч талап коюп жаткан: газдын баасын 50 тенгеге (9 сом) түшүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, тамак-аштын наркын арзандатуу.
Казакстандагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казак бийлиги митингчилердин талабын аткарып, бааны түшүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0