Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТокиодо өткон XXXII олимпиадалык оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар. Архивдик сүрөт
Токиодо өткон XXXII олимпиадалык оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Жазылуу
Узап бара жаткан 2021-жыл Кыргызстандын спорту үчүн жемиштүү болду. Өлкө тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарына спорттун сегиз түрүнөн 16 атлет барып, эки күмүш, бир коло байге жеңип кайтышты.

ЯНВАРЬ

Кыргызстандык спортчу Манас Абдаким уулу (68 кг) профессионалдык күжүрмөн самбо боюнча дүйнө кубогунда чемпион болду. Турнир 9-январда Россиянын Санкт-Петербург шаарында өттү.

ФЕВРАЛЬ

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Киев шаарында өткөн эл аралык турнирдин финалында жергиликтүү Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп чемпион болду. Ал эми грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков (60 кг) күмүш медаль тагынды.

МАРТ

Казакстандын "Кайрат" клубунун кыргызстандык жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия футбол конфедерациясынын сурамжылоосу боюнча, башка өлкөнүн командаларында ойногон Азия футболчуларынын арасында эки жума удаасы менен "Аптанын оюнчусу" болду.
© Фото / пресс-служба ФК "Кайрат"Казакстандын "Кайрат" клубунун кыргызстандык жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов
Полузащитник национальной сборной Кыргызстана и алматинского Кайрата Гулжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Казакстандын "Кайрат" клубунун кыргызстандык жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов. Архивдик сүрөт

АПРЕЛЬ

Аралаш мушташты аркалаган кыргызстандык мушкер Зулкарнайн Камчыбеков АКШдагы Fighting Fury Championship (CFFC) турниринде (жеңил салмак) чемпион болду. 2-апрелде Филадельфияда өткөн мелдеште ал америкалык Жесси Смитти экинчи раундда техникалык нокаут менен уткан. Камчыбеков ушуну менен бешинчи жеңишин камсыздап, алтын курдун ээси болду.
Кыргызстанда алгачкы ирет дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү. Анда кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев (81 кг) чемпион болду. Бул — өлкөнүн дзюдо тарыхында Азия жана Океания чемпионатынан алгачкы алтын байге.
© REUTERS / Issei KatoКыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев
Азиатские игры 2018. Дзюдо.Мужчины 81 кг. Бронза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архивдик сүрөт
Мелдеште дагы бир ата мекендик спортчу Кубанычбек Айбек уулу (60 кг) коло байге жеңди.
© Фото / International Judo FederationСпортчу Кубанычбек Айбек уулу
Дзюдоист Кубанычбек Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Спортчу Кубанычбек Айбек уулу. Архивдик сүрөт
Өлкөнүн грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) Токио Олимпиадасына жолдомо алышты. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) олимпиадалык лицензияга ээ болду. Өлкөнүн эркин күрөш балбандарынан биринчи болуп Эрназар Акматалиев Олимпиадага жолдомо алды. Ал 65 килограммдык салмакта ат салышып, мелдештин чемпиону болгон.
© Photo / UWW / Kadir Caliskan

Жоламан Шаршенбеков (60 кг)

Жоламан Шаршенбеков (60 кг) - Sputnik Кыргызстан
1/6

Жоламан Шаршенбеков (60 кг)

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Үзүр Жусупбеков (97 кг)

Үзүр Жусупбеков (97 кг) - Sputnik Кыргызстан
2/6

Үзүр Жусупбеков (97 кг)

© Фото / Facebook / United World Wrestling

Акжол Махмудов (77 кг)

Акжол Махмудов (77 кг) - Sputnik Кыргызстан
3/6

Акжол Махмудов (77 кг)

© Фото / United World Wrestling

Айпери Медет кызы (76 кг)

Айпери Медет кызы (76 кг) - Sputnik Кыргызстан
4/6

Айпери Медет кызы (76 кг)

© Фото / United World Wrestling

Мээрим Жуманазарова (68 кг)

Мээрим Жуманазарова (68 кг) - Sputnik Кыргызстан
5/6

Мээрим Жуманазарова (68 кг)

© Фото / United World Wrestling

Эрназар Акматалиев

Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
6/6

Эрназар Акматалиев

1/6

Жоламан Шаршенбеков (60 кг)

2/6

Үзүр Жусупбеков (97 кг)

3/6

Акжол Махмудов (77 кг)

4/6

Айпери Медет кызы (76 кг)

5/6

Мээрим Жуманазарова (68 кг)

6/6

Эрназар Акматалиев

Балбандар Казакстандын Алматы шаарында өткөн Олимпиадага жолдомо берилүүчү квалификациялык турнирде ийгилик жаратышкан.
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.
Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш медаль тагынды.
Кыргызстандык мушкер Жантөрө Ташиев (64 кг) бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды.
© Фото / Margit KincsesБоксчу Жантөрө Ташиев
Кыргызстанский боксер Жанторо Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Боксчу Жантөрө Ташиев
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андрадени жеңип, бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоду.
© REUTERS / Jasen Vinlove-USA TODAY SportsUFC уюмунун кыргызстандык мушкери Валентина Шевченко Жессика Андраде менен болгон беттешинде
UFC 261 в Джексонвилле. Валентина Шевченко и Джессика Андраде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Валентина Шевченко Жессика Андраде менен болгон беттешинде
Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров Токио Олимпиадасына лицензия жеңип алды. Спортчу 25-апрелде Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия жана Тынч Океания квалификациялык мелдешинде биринчи орунду ээлеп, алтын байге тагынган.
© Фото / пресс-служба Государственного агентства спортаКыргызстандык фехтование чебери Роман Петров
Квалификационный азиатско-тихоокенский турнир в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров

МАЙ

Ысык-Көлдө алгачкы ирет Олимпиадага жолдомо ойнотулган Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафону өттү. Ага 35 өлкөдөн 3 000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышып, 42 чакырымга чуркашты. Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок.
Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына лицензия алды. Спортчу 7-18-майда Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-при мелдешинде спорттук снарядды 7,98 метр алыстыкка ыргытып, коло медаль тагынган.
© Фото / пресс-служба Госагентства спортаЯдро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов
Кыргызстанский легкоатлет Арстанбек Базаркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов

ИЮНЬ

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринде алтын тагынды. Натыйжада Тыныбекова UWW рейтингинин сап башына чыкты.
© Фото / United World WrestlingБалбан кыз Айсулуу Тыныбекова
Чемпионка мира по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова
Июнь айында оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова жана дзюдочу Владимир Золоев Токио Олимпиадасына лицензия жеңип алышты.
© Фото / из личного архива Бекдоолота Расулбекова

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков - Sputnik Кыргызстан
1/3

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков

© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова - Sputnik Кыргызстан
2/3

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова

© REUTERS / Issei Kato

Дзюдочу Владимир Золоев

Дзюдочу Владимир Золоев - Sputnik Кыргызстан
3/3

Дзюдочу Владимир Золоев

1/3

Оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков

2/3

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова

3/3

Дзюдочу Владимир Золоев

ИЮЛЬ

Июль айында эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев (125 кг), жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алышты.
© Фото / из личного архива Айаала Лазарева

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев - Sputnik Кыргызстан
1/2

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков

1/2

Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

2/2

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көзү азиз дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Токиодо өтө турчу Паралимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылып, Кыргызстандын улуттук командасы салтанаттуу параддан 56-катарда өттү. Мерген кыз Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов мамлекеттик тууну көтөрүп чыгышты.
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКыргызстандын улуттук командасы Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылышында
Церемония открытия XXXII летних Олимпийских игр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Кыргызстандын улуттук командасы Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылышында

АВГУСТ

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалдык беттешинде упай айырмасы менен венгриялык Тамаш Лёринцке жеңилип, күмүш медалга татыды.
© REUTERS / LEAH MILLISКыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалдык беттешинде
Олимпийские игры в Токио. Греко-римская борьба, мужчины, 77 килограммов — финал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалдык беттешинде
Мээрим Жуманазарова монголиялык Соронзонболдын Батцэцэгди жеңип, Олимпиаданын коло байгесин утту. Спортчу кыздардын ичинен биринчи болуп Олимпиада медалын тагынды.
© AFP / JACK GUEZМээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгесин утту
Олимпийские игры в Токио. Женская борьба. 68 килограмм - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгесин утту
UFC уюмунун экс-мушкери Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу (65 кг) россиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тагынды. Мелдеш Ысык-Көлдө өттү.
© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по смешанным единоборствам лиги Eagle Fighting Championship (EFC 38) в Чолпон-Ате
Турнир по смешанным единоборствам лиги Eagle Fighting Championship (EFC 38) в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Турнир по смешанным единоборствам лиги Eagle Fighting Championship (EFC 38) в Чолпон-Ате
Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш байге утту. Финалдык беттеште ал упай айырмасында япониялык Юкако Каваиге жеңилди. Бул Кыргызстандын Токио Олимпиадасындагы экинчи күмүш медалы болду.
© AFP / JACK GUEZАйсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш байге утту
Олимпийские игры в Токио. Женская борьба, 62 кг — финал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынан күмүш байге утту
Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC лигасынын алгачкы Гран-при мелдешинде чемпион болду. Финалда армениялык Айк Казарянды нокаут кетирип уткан кыргызстандык атлет чемпиондук курду тагынып, бир миллион рубль акчалай сыйлык алды. Турнир 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Токиодо XVI Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги салтанаттуу параддан өтүштү. Ага Кыргызстандын курама командасы дагы катышып, өлкө атынан ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы (57 кг) барышкан.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПаралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышкан Кыргызстандын курама командасы
Церемония открытия XVI летних Паралимпийских игр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышкан Кыргызстандын курама командасы

СЕНТЯБРЬ

Бишкекте "Үч улуттун кубогу" мелдеши өтүп, ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш курама командалары катышты. Улуттук команда 2-сентябрда Палестина футболчуларын 1:0, ал эми 7-сентябрда Бангладешти 4:1 эсебинде утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү болду.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Үч улуттун кубогу" мелдешинин жеңүүчүсү Кыргызстан курама командасы
Кубок трех наций в Бишкеке. Кыргызстан — Палестина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
"Үч улуттун кубогу" мелдешинин жеңүүчүсү Кыргызстан курама командасы
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан — Бангладеш беттешине президент баш болгон өлкө жетекчилери да келишти. Бул турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыктын алкагында өттү.
Балбан кыз Калмира Билимбек кызы (55 кг) Россиянын Казань шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин оюндары эл аралык мелдешинде алтын медаль утса, каратэ боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу (67 кг) алтын медаль тагынды. КМШ оюндары быйыл алгачкы ирет уюштурулуп, өткөрүлдү.
© Photo / Facebook / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Балбан кыз Калмира Билимбек кызы

Балбан кыз Калмира Билимбек кызы - Sputnik Кыргызстан
1/2

Балбан кыз Калмира Билимбек кызы

© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики

Каратист Калыс Нурланбек уулу

Каратист Калыс Нурланбек уулу - Sputnik Кыргызстан
2/2

Каратист Калыс Нурланбек уулу

1/2

Балбан кыз Калмира Билимбек кызы

2/2

Каратист Калыс Нурланбек уулу

UFC уюмунун жеңил салмактагы кыргызстандык чемпиону Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфини утуп, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды.
© AP Photo / John LocherUFC чемпиону Валентина Шевченко менен Лорен Мерфинин беттеши
UFC 266 в Лас-Вегасе. Валентина Шевченко — Лорен Мерфи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
UFC чемпиону Валентина Шевченко менен Лорен Мерфинин беттеши

ОКТЯБРЬ

Кыргызстандык Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча дүйнө кубогунда биринчи келип, алтын медаль тагынды. Спорттук иш-чара Түркиянын Аланья шаарында болгон.
© Фото / пресс-служба Федерации Триатлона КРПаратриатлончу Нурбек Тойчубаев
Паратриатлонист Нурбек Тойчубаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Паратриатлончу Нурбек Тойчубаев
Кыргызстандык арбитр Нурдин Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин башкы калыс катары тейлеп, FIFA президенти Жанни Инфантинонун колунан сыйлык алды. Букуев төрт дүйнө чемпионатын, анын ичинде финалдык оюнду тейлеген алгачкы калыс болду.
© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандык арбитр Нурдин Букуев
Рефери FIFA, заместитель генерального секретаря Федерации футбола КР Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Кыргызстандык арбитр Нурдин Букуев
Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг) Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло байгелүү болду. Дагы бир эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев (70 кг) финалында польшалык Магомедмурат Гаджиевге 2:1 эсебинде жеңилип, күмүш байгеге татыды. Эрназар эгемен Кыргызстандын эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан алгачкы балбан болуп калды.
© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов

Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов - Sputnik Кыргызстан
1/2

Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов

© Фото / United World Wrestling

Дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан балбан Эрназар Акматалиев

Дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан балбан Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан
2/2

Дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан балбан Эрназар Акматалиев

1/2

Эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов

2/2

Дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан балбан Эрназар Акматалиев

Ушул эле турнирде Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшүп, 7:0 эсеби менен жеңишке жетти.
© Фото / United World Wrestling / Tony RotundoЭки катар дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Чемпионат мира по борьбе в Норвегии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Эки катар дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова
Бул мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) коло байгеге ээ болду.
© Фото / United World WrestlingБалбан Айпери Медет кызы
Участник Олимпийских игр в Токио, борец Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Балбан Айпери Медет кызы
Эртеси Мээрим Жуманазарова (68 кг) дүйнө биринчилигинин финалында япониялык Рин Мьядзини далысын тийгизип утуп, чемпион болду.
© Фото / UWW / Martin GaborДүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова
Бронзовая медалистка Олимпийских игр в Токио Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту.
© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanДүйнө чемпионатынан күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков
Чемпионат мира по борьбе в Норвегии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Дүйнө чемпионатынан күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков
Тарыхта биринчи ирет Кыргызстандын командасы Ослодогу дүйнө чемпионатына катышкан 27 өлкөнүн ичинен медалдар жарышынан ири күрөш державалардын катарында 5-орунду ээледи.
Англияда жашаган кыргызстандык Мирлан Кенжебаев (86 кг) эркин күрөш боюнча Британиянын ички биринчилигинде чемпион болду. Мелдеш 23-октябрда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн. Кенжебаев Ысык-Көл облусунун тургуну, Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайын бүтүргөн.

НОЯБРЬ

Балбан Айпери Медет кызы (76 кг) спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Сербияда өткөн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинин финалында колумбиялык Татьяна Рентиераны 3:1 эсеби менен утуп чемпион болду.
© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanБалбан Айпери Медет кызы
Чемпионат мира по борьбе среди молодежи U23 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Балбан Айпери Медет кызы
Ушул эле мелдеште эркин күрөш балбаны Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медаль тагынып, сүйүнттү.
© Фото / United World WrestlingЭркин күрөш балбаны Бекболот Мырзаназар уулу
Кыргызстанский борец вольного стиля Бекболот Мырзаназар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Эркин күрөш балбаны Бекболот Мырзаназар уулу
Ал эми Эрназар Акматалиев (70 кг) чемпион болду. Ал финалда армениялык Вазген Теванянды менен кез келген.
© Фото / United World Wrestling23-жашка чейинкилердин арасында дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев
Борец из Кыргызстана Эрназар Акматалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
23-жашка чейинкилердин арасында дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев

ДЕКАБРЬ

Өлкөнүн лыжа спортунун чебери Максим Гордеев XXIV кышкы Олимпиада оюндарына лицензия алды. Эскерте кетсек, кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-февралдан 20-февралга чейин Кытайдын Пекин шаарында өтөт.
© Фото / пресс-служба ГАДМФКиСӨлкөнүн лыжа спортунун чебери Максим Гордеев
Член национальной сборной команды Кыргызстана по лыжному спорту Максим Гордеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Өлкөнүн лыжа спортунун чебери Максим Гордеев
Темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг) оор атлетика боюнча Ташкент шаарында өткөн дүйнө чемпионатында түртүп көтөрүүдө 217 килограммды багындырып, күмүш медаль тагынды. Бекдөөлөттүн бул көрсөткүчү эгемен Кыргызстандын тарыхында дүйнө биринчилигиндеги эң жогорку жетишкендик.
© REUTERS / EDGARD GARRIDOТемир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков
Олимпийские игры в Токио-2020. Тяжелая атлетика — Мужчины, 96 кг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Темир билек балбан Бекдөөлөт Расулбеков
Бириккен күрөш дүйнөсү уюму Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасын 2021-жылдын жыйынтыгы менен эң ийгиликтүү беш команданын бири деп тапты. Спорттук уюм КРдин балбан кыздары дүйнөлүк спорттук аренада ири ийгилик жаратканын белгилеген. Норвегиядагы дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло медаль тагынган.
UWW Asia (Азия күрөш дүйнөсү) уюму Айсулуу Тыныбекованы "Азиянын эң мыкты балбан кызы" деп аныктады. Аталган уюм күрөштүн олимпиадалык (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча жыл ичинде зор ийгиликтерге жетишкен спортчуларды тандаган.
17-декабрда Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата футзал боюнча достук мелдеши өтүп, президент Садыр Жапаров өзү да ойноду. Турнирде президенттин администрациясы, “Алга” ардагерлер, “Журналисттер”, “Спорттук федерациялар”, “Бизнес” жана “Өнөр” командалары катышты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров футзал боюнча достук мелдешинде
Дружеский футбольный турнир, посвящённый 100-летию кыргызского футбола - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2021
Президент Садыр Жапаров футзал боюнча достук мелдешинде
Интервью серебряной медалистки ОИ в Токио Айсулуу Тыныбековой МИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Ызаландым, ыйладым, бирок күмүштүн баасы башкача болду. Айсулуу Тыныбекованын маеги
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Акжол Махмудовдун атасы: уулума алгач таарынып сүйлөшпөй койдум
Кыргыздын сыймыктуу спортчуларынын бири Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Айпери Медет кызы: күтүүсүз нерсе адамды жаңы кадам жасоого түртөт экен
Жаңылыктар түрмөгү
0