https://sputnik.kg/20210415/aziya-chemponaty-ajperi-medet-kyzy-kumush-1052149218.html
Ыза аралаш жеңиш... Күмүш алган Айпери көзүнө жаш алды. Видео
Ыза аралаш жеңиш... Күмүш алган Айпери көзүнө жаш алды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Медет кызы Айпери жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү. 15.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-15T21:25+0600
2021-04-15T21:25+0600
2021-12-15T22:52+0600
жаңылыктар
кыргызстан
спорт
казакстан
азия чемпионаты
айпери медет кызы
https://sputnik.kg/img/103798/90/1037989042_0:600:6015:4001_1920x0_80_0_0_cc5abd940bdd6da980df90f76e050ffc.jpg
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында жеңилип, күмүш медаль алып калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.Спортчу кыз 76 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, финалда казакстандык Элмира Сыздыковага утулуп калды.Интернеттеги спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Медет кызы медаль тагынып жатып көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.Медет кызы жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү.Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир учурда Алматы шаарында өтүүдө. Азия чемпионаты да ушул эле шаарда 13-18-апрель күндөрү болууда.
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103798/90/1037989042_0:235:6015:4016_1920x0_80_0_0_d9f4994719a80f54ae26254b688f7ef1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, казакстан, азия чемпионаты, айпери медет кызы
жаңылыктар, кыргызстан, спорт, казакстан, азия чемпионаты, айпери медет кызы
Ыза аралаш жеңиш... Күмүш алган Айпери көзүнө жаш алды. Видео
21:25 15.04.2021 (Жаңыртылды: 22:52 15.12.2021) Медет кызы Айпери жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында жеңилип, күмүш медаль алып калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.
Спортчу кыз 76 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, финалда казакстандык Элмира Сыздыковага утулуп калды.
Интернеттеги спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Медет кызы медаль тагынып жатып көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.
Медет кызы жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына
жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү.
Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир учурда Алматы шаарында өтүүдө. Азия чемпионаты да ушул эле шаарда 13-18-апрель күндөрү болууда.