Сүйүнчү! Мээрим Жуманазарова Олимпиададан коло медаль утту. Видео

© AFP / JACK GUEZКыргызстандык Мээрим Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашта
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашта - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Мээрим Жуманазарова чейрек финалдык этапта жеңилүү ызасын тарткан. Аны утуп алган спортчу финалга чыгып, кыргызстандык балбан кыз коло байге үчүн ат салышууга укук алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык 22 жаштагы спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада-2020 мелдешинин коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашып, атаандашынын далысын жерге тийгизип таза жеңишти камсыздады.

Мээрим таймаштын башында эле демилгени колго алып, мыкты чабуулдарды жасап, ал ийгиликтүү болду.

Муну менен Олимпиада-2020да кыргыз спортчулары экинчи медалды өлкөсүнө алып берди. Жуманазарова кыргызстандык спортчу кыздардын ичинен биринчи ирет олимпиада медалын алды. 

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын финалдык беттеши учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Бали! Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынан күмүш медаль утту. Сүрөт
Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Мээрим Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбаны Руслан Түмөнбаев, эркин күрөшчү Базар Базаргуруев 2008-жылкы Пекин Олимпиадасынын коло медалын тагынышкан.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө https://sputnik.kg/news/20210803/1053420481/akzhol-makhmudov-olimpiada-final-kumush-bayge.html Акжол Махмудов алып келди. 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0