Манас ааламын чагылдырган сүрөтчү Асаналиев: кыргыз өзөгүнүн кыртышын буздук

© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев
Сүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
16-17-декабрда Бишкекте "Манас" ааламын кагаз бетинде чагылдырган сүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиевдин "Манас — рух гүлазыгы" аталышындагы көргөзмөсү өтүүдө.
Көргөзмөгө белгилүү сүрөтчүнүн отуздан ашык эмгеги коюлган. Асаналиев "Көчмөндөр оюндарынын" жана Бишкек шаарынын эн белгисинин автору. Ал кыргыз дүйнөсүн, улуу баянды изилдеп, ичинен билген сүрөтчү.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар жана "Эл куту" сыйлыктарынын лауреаты, сүрөтчү Майрамкул Асаналиев менен баарлашып, "Манас" эпосу, кыргыздын улуу дүйнөсү, түпкү көрөңгөсү тууралуу укту.
— Көргөзмөдө жаңы эмгектериңиз элге сунулат экен. Бул отчёттук иш-чараңыз болот го?
— Кудайдын буйругу экен, быйыл жайы менен эргүү келип, жакшы иштедим. Кыргызпатенттин кызматкерлерине рахмат, атайын журнал чыгарып, ага эмгектеримди киргизип, мен жөнүндө маалыматтарды камтыптыр. Кыргыз дүйнөсүнө кызыккан Айбек Байымбетов деген жигит да көргөзмөнү даярдоодо чоң иштерди жасап чуркап жүрдү. Мында сүрөттөрүм кеңири баяндалып, музыка менен коштолуп берилет. Отуздан ашык жаңы эмгегим коюлууда. Манас дүйнөсү өтө терең дүйнө, мен сүрөтчү катары өзүмө керектүү маалыматтарды чогултканым менен ал да аздык кылат. Чексиз. Болот Шамшиев да "Манас — бул бүтүндөй бир аалам" деп жатпайбы. Ал кишиден да көп нерсе алып калдым. Муну аябай терең изилдегендердин бири эле.
Буга чейин Африкада өткөн көргөзмөгө катышып, кайра кетип баратканда уюштуруучулардын бири Линда Танкер айым: "Кыргыздар силер кайып менен байланышкансыңар. Ушул нерсени элге алып чык", — деди. Анысы кандай кыргыздын эн тамгаларына, тотемдерине маани бере турган күн келди. Бул көргөзмөдө ар бир эл ошол өзөгүнө кайтып, аны тааныш керек деген ойду айтып жатабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев
Художник Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Сүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев
— Сиздин биринчи кесибиңиз дизайнер экен.
— Адам баласы төрөлгөндө эле өнөр менен төрөлүп жатпайбы, сүрөтчүлүк да кудайдан берилет. Өнөр адамдары аталган акын, манасчылар тубаса таланттар да. Булар жараткандан берилген талантынын негизинде билим алышат. Мен графикалык дизайнермин. Мында көбүнчө символикаларды, геральдиканы үйрөтөт. Ошол билимиме ылайык Бишкек шаарынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгисин жасагам. Мунун да атайын мыйзамдары бар. Азыр дизайнердик менен сүрөтчүлүктү чогуу алып кете берем. Бирок менин чыгармачылыгым негизинен "Манас" эпосуна жана кыргыз темасына байланыштуу. Кыргыздын тарыхына, санжырасына, этнографиясына аябай кызыгам.
— Манас бул терең, өзүнчө улуу дүйнө да. Сиз буга кандайча келип калдыңыз?
— Жогоруда айткандай, бул менин тагдырыма берилген шыбага да болушу мүмкүн. Убагында мурунку аксакалдардан билгендерин алып калгам. Бул эми кайып-каскагынан да болуп калат. "Ушул дүйнөгө кирейин" деп эч ким пландабайт. Бул буйрук. Таякелерим илгертен куш, ителги, тайган таптаган кишилер болгон. Оозунда кеби бар, сөзмөр адамдар эле. Бала көргөнүн кылат эмеспи. Ага ошонун баары таасир берип жүрүп отурат. Мисалы, таенем жомокчу киши болгон. Жатаарда дайыма жомок айтып берчү. Тагдырыма жазганбы, айтор, ойдо жок жерден ушул дүйнөгө туш келип калдым. Эми ал чоң сөз. Азыр да ушул дүйнө менен алпурушуп, изденип жатам. Манас деген бул түбү жок чоң тема. Каза берсең улам чыга берет. Ары жагы тээ тереңде, мен берки четинде эле жүрөм. Кумайыкты иликтегенге эле бир канча өмүрүм кетти. Анын аркасы менен атайын тайган да багып алгам. Билгенге кумайыктын эпосто да орду, мааниси чоң. Кыргызда да жылкы баласындай эле тайганды баалашкан. Мунун баары жөн жерден эмес.
Манаска келүү үчүн эң биринчи кыргыз болуп, колдон келишинче кыргыздын дүйнө таанымын, колоритин, каада-салтын көрүп, жытын сезүү абзел. Манасчылар менен көп байланышып, аксакалдардан, кыргыз дүйнөсүн аздектегендерден билим алуу керек. Анан жөн эле Манас деп баатырларды кылыч, найза карматып тарта берсе, сүрөт жансыз болуп калат. Улуу баянда чоң дүйнө бар. Мунун баары мага дем берет.
Элибиз илгертен кыраакы келип, ар бир адамдын касиетин, энергиясын көрө билген. Кыргыздын табышмагы анын тарыхында. Элибиздин санжырасын, улуу дүйнөсүн кыргызга гана эмес, керек болсо дүйнөгө жайылтуу керек. Анда дүйнө элдери азыктанып, жүрөгүнө жарык ала турган касиеттер камтылган. Биз өзүбүздү-өзүбүз сыйлабай, ошол касиетти тааныбай калганбыз. Башка элдин маданиятына, каада-салтына аралашып чаңдап, жыдып калдык.
© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Каныкей композициясы

Каныкей композициясы - Sputnik Кыргызстан
1/4

Каныкей композициясы

© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Семетей

Семетей - Sputnik Кыргызстан
2/4

Семетей

© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Сейтек

Сейтек - Sputnik Кыргызстан
3/4

Сейтек

© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Алтын мүйүз ак марал

Алтын мүйүз ак марал - Sputnik Кыргызстан
4/4

Алтын мүйүз ак марал

1/4

Каныкей композициясы

2/4

Семетей

3/4

Сейтек

4/4

Алтын мүйүз ак марал

— Сүрөт тартууда ошол окуя менен жашап, көз алдыңызга элестетериңизди айткан экенсиз. Бир композицияны жаратууга канча убакыт кетет?
— Ал чагылдырылган окуяга жараша болот. Ар бир композицияны жаратып жатканда чыгармачыл адам эргийт, керек болсо ошол доорго кирип кетет. Кээде көзүмдөн жаш агып, өзүмдү жоготуп коём. Көбү чыгармалардын баарын атайын пландап тартып жатат деп ойлойт. Мунун баары эргүү менен жаралат. Акындар деле атайын өзүн кыйнап жазбайт. Алар да эргүү алып, жүрөк менен жаратат. Ошондо гана чыгарма күчтүү болот. Муну мага буюрган шыбага, тагдыр катары карайм. Сүрөтчүлүккө, кыргызчылыкка кызыккан жаштар мага көп келет. Мен аларга ар бир композициянын баянын, эпостогу эпизодун, анын маанисин баштан-аяк айтып берем. Себеби бул аксакалдардын аманаты. Комузчулар да күү чертерде алгач анын тарыхы менен баянынан кеп салгандай, мен да алгач маалымат берем. Мисалы, "Хан Шырдак" композициясы да бир окуянын негизинде тартылган. Анда Хан Шырдакты хан шайлаарда аксакалдар чогулуп келип, пирин, кандай белгиси бар экенин карайт. Жанында эки жолборс, эки ажыдаар, үстүндө алп кара куш жана Манас атабыз жанаша турганын көрүшүп, 17 жашар баланы хан көтөрүп жатышпайбы. Манасты да пирлердин пири колдогон. Курманжан датканын, Садыр акенин колдоочусу жолборс болгон экен. Булардын баары санжырада жазылып калган. Негизи санжыранын, айтымдардын түбүндө чоң чындык бар.
— "Манастын" үчилтигин, бардык эпизоддорун толук билесиз да?
— Сүрөтчү бул темага кирерде сөзсүз окуп чыгышы керек. Мен баардыгын бир эмес, бир канча ирет окуп чыккам. Азыр да окуйм. Кээде ар бир деталга атайын токтолуп, иликтейм. Бул дүйнөдө чоң илим жатат. Манастын баатырдыгынан тышкары, айкөлдүгүн да өзүнчө чечмелеп чыгуу керек. Ал үчүн адамдан ошончо билим талап кылынат.
Асаналиев: "Манас" эпосун түшүнүүгө адамдын акылы чак келбесе керек
— Аян аласызбы?
— Кыргыз баласына негизи эле аян берилет. Бирок аны көбү байкабайт. Манасчылар "аян болмоюн, баян болбойт" деп жатпайбы. Аян уктап жатканда эле эмес, басып жүргөндө деле келет. Болгону аны аңдоо керек. Көбүнчө бир нерсе болордо алдын ала адамга билинет. Биз азыр ушундай өзөгүбүздү, асылдуулугубузду жок кылып алдык. Элибиз өзөктүк тамырынын кыртышын жоготту. Бул өтө чоң маселе. "Өзүбүзгө кайталы" деген сөздүн түпкүрүндө терең философия жатат. Ар бир эл тамырынан азыктанып, ошонун негизинде өсүшү абзел.
Биз ушу тапта улут катары мүнөзүбүздү бузуп алдык, мүнөз бузулган соң элдин куту качат. Бизде баатырдык сапат бар болчу. Ар бир элдин сыры, өзүнө жарашкан кулк-мүнөзү бар. Кыргыздын ар бир кыймылы маанини туюндурат. Аны байкап, сезүү керек. Мисалы, далысын салып калганы сени жактырбай жатканы болуп эсептелинет. Керек болсо тамак ичип жатканда да ишарат аркылуу, үн-сөзү жок эле бири-бирин түшүнүшкөн. Илгери Ормон хан тайдын этин тартканда Сарт аке кичине чымчып ооз тийип туруп жебей коюп жатпайбы. Мына ошондон эле бир нерсеге нааразы болуп калганын байкаган. Ишараттан эле ар бир нерсени окуп түшүнгөн элбиз. Буга дүйнө эли да таң калат. Башкаларда мындай жок. Манасты жараткан элде ушундай улуу маданият болгон. Ошону жоготуу коркунучуна кептелдик.
— Ар бир сүрөттүн баяны же аяны болсо керек?
— Мен негизи Уркаш Мамбеталиевди абдан жакшы көрчүмүн. Көргөндө "жарк" эле дей түшчү таза энергиясы бар эле. Экөөбүз жолукканда кучакташып көрүшүп, улуу баяндан кеп салып аябай жарпым жазылчу. Кээде өнөрканама келип, чай ичип отуруп калчубуз. Бир жолу келип, маектешип отуруп анан аябай эргиди көрүнөт, манас айткысы келип, буркан-шаркан түшүп бир топко чейин айтты. Ошондо эпостогу алты мүйүз акмарал кичинекей Семетейди эмизип жаткан жери кадимкидей элестелип, менин да көзүмдөн жаш акты. "Алты мүйүз ак марал, тура тартып баланы эмизип жаткан көрүнөт" деп күпүлдөтүп айтканы кулагыма кадимкидей жаңырат. Анан Уркаш абам мага "сен ушуну тартпайсыңбы?" деди. Эпосто Каныкей энебиз чуркап келип ымыркай Семетейди караса, ал боргулданып тердеп, оозунан сүтү агып, курсагы да тоюп калат. Анан өйдө карап кайыпка айланып бараткан акмаралды көрөт. Ошондо Каныкей баласын ак марал эмизгенин түшүнөт. Ушул окуяны Уркаш абам айтып бергенден кийин "Каныкей" композициясы жаралган. Угарман берилип укса, манасчы да эргип айтып, жүрөгү ачылат. Азыркы манасчылардын бардыгын жакынымдай көрөм. Кимиси болбосун, четинен кармап сүйлөшсөң баарында кеменгерлик бар. Алар ыйманга чакырууга муктаж эмес, тубаса ыймандуу, эстүү балдар. Көлдөгү жаш манасчы Үмөттү карасаңыз, сүйлөгөнү 80 жаштагы аксакалдай. Улуттун өзөгүн кармап турган ушулар.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев
Художник Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Сүрөтчү, дизайнер Майрамкул Асаналиев
— Тотемдер менен да иштейт экенсиз. Анын чечмелениши, негизги өзөгү, мааниси да тереңде эмеспи...
— Тарыхчы Баяс Турал да тотемге маани бере турган учур келгендигин айтат. Тотемди чечмелегенде тарых келип чыгат. Азыр бир нерсени далилдөө үчүн дароо факты сурайт эмеспи. Анысы кандай, кыргыздардын өзүнчө мамлекет болгондугуна, улуулугуна алп кара куш, кабылан чагылдырылган тотемдер күбө. Алп кара куш асмандын, арстан жердин, ал эми ажыдаар суунун пири болуп, кыргыздар төгөрөктүн төрт бурчунун пирлерин туу туткан. Ошол доордо арстанды, кабыланды тотем кылган. Мааниси чоң.
Менин эмгектеримди кыргыздардан мурун чет элдиктер баалашат. Ошол себептен Муктар Шаханов убагында "незнание Манаса — не состоявшаяся свадьба" деп жатат. Ата-бабалардын калтырып кеткен улуу мурасын жок кылууга эч акыбыз жок. Ошондуктан билгенимди жаштарга берүүгө аракет кылып, бул дүйнөдөн кабары бар аксакалдарды баш-көз болууга чакырып жатам. Элди жок кылуу үчүн анын руханий баалуулугун талкалоо керек. "Эсиң барда, этегиңди жап" дегендей, улуу мурастарды азыр сактап калбасак кийин кеч болуп калат. Кыргыздар элди улутуна, динине карата бөлгөн эмес, адамдык сапатына маани беришкен. Манастын өзүндө да дүйнө элдери суктана турган айкөлдүк, меймандостук, баатырдык сапаттар бар. Ар бир тотемдин аталышы бар.
— Сиздин эмгекти баалоочулар, сүйүүчүлөр негизинен улуу муундун өкүлдөрү болсо керек. Баамыңызда жаштар эмгектериңизди карап, эн белгилерди, тотемдерди түшүнүп жатабы?
— Жаштардын буга көңүл бөлгөнүнө абдан сүйүнүп жатам. Архитекторлор да келишти. Дүйшөн деген чоң архитектор агайыбыздын окуучулары өнөрканама баш багып жатышат. Манас темасында сүрөтчүлөр да кайрылып жаткандыгы абдан сүйүндүрөт. Жаштарга убагында бул тууралуу маалымат бере алган жокпуз. Бул да өзүнчө тарых. Көргөзмөнүн максаты да улуу маданияттын кутун кетирип, баркын жоготпой балдарга жеткирүү. Бирок азыр жаштар да түшүнүп калды, эл колдой баштаганына абдан кубанычтамын.
— Буга чейинки эмгектериңизди китепке түшүргөн экенсиз. Ал жакка түшүндүрмөлөр да жазылыптыр. Жаңы эмгектер да текст түрүндө, ар биринин түшүндүрмөсү менен китеп болуп чыгабы?
— Ооба, китеп кылып чыгарам. Келечек муун ошондон азыктанып, керектүү маалыматтарды алсын деген ниетте жасалат. Жакында эле менин эмгектеримди туш кагазга чыгарып жайылталы деп орус туугандарым келиптир. Алар да буга маани берип жатканына абдан сүйүндүм.
© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Каган

Каган - Sputnik Кыргызстан
1/3

Каган

© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Алмамбет

Алмамбет - Sputnik Кыргызстан
2/3

Алмамбет

© Фото / предоставлено Майрамкулом Асаналиевым

Бакай

Бакай - Sputnik Кыргызстан
3/3

Бакай

1/3

Каган

2/3

Алмамбет

3/3

Бакай

— Кыргыздын баш кийими аталган калпак, анын оюулары тууралуу да жакшы ойлоруңузду угуп калабыз...
— Калпакка, кийимге түшүрүлгөн ар бир оюунун чечмелениши, мааниси, орду бар. Оймонун түпкүрүндө чоң тарых жатат. Анын маанисин билбеген айрым дизайнерлер баш кийимге түшүрүлүүчү оюуну этекке, этекти баш кийимге түшүрүп эле чыгарып жатышат. Ушул көргөзмөнү чыгармачыл таланттуу дизайнер, модельерлерге бир аз маалымат болсо деген максат менен да уюштуруп жатабыз.
— Көргөзмө үч күндөй болот экен. Кызыккандар көрүп жетише алабы?
— Кудайга шүгүр, көргөзмөгө келүүнү каалагандар көп экен. Байкасам, көбү кыргыз дүйнө таанымына кызыккандар. Уюштуруучулардын бири Айбек Байымбетов буга чейин иш-чарадагы долбоордун четин чыгарып көргөзгөн. Ага күбө болгон чакан топ абдан кызыкты. Болбой эле каныбызда бар да, келген меймандардын ар бири толкунданганына күбө болдум. Мында "Манас, кыргыз" темасында анимациялык долбоордун бет ачары болду.
— Сиз тарткан тасмалардын негизинде анимациялык роликтер тартылса кандай карайсыз?
— Айбектин (Байымбетов - ред.) эмгеги менен мунун башын бир аз кылт эттирдик. Эми башкалар, жаштар андан ары бул дүйнөнү анимациялык түрдө даңазаласын, каршы эмесмин. Манас дүйнөсүн көбүбүз тааный элекпиз. Бул эми башталышы, чети эле. Аны өзүбүз жайылтышыбыз керек. Азыр манасчылардын башын да бириктирип жатабыз. Муну мамлекеттик деңгээлде колго алып, күчтүү компаниялар менен келишим түзүп акырындан ролик, анимациялык мультфильм тартылса деген тилектер бар. Анимацияга, тотемдер тууралуу текст жазып жатканда ар бир сөздү өзүнчө которо албай койдук. Кыргызга таандык ар бир текстти окуп таң калдым, анда чоң сыр бар. Буга окумуштуулар да көз салса.
Манас театрынын жетекчиси Азиз Биймырза - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Азиз Биймырза уулу: "Манас" театрынын максаты эмне деген суроонун өзүндө жан бар
Манас эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Тыныбек Жапый уулу жөнүндө фактылар. 21инде белгилүү манасчы, 30унда бий болгон
Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2019
Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0