https://sputnik.kg/20211223/madagaskar-tik-uchak-kiyroo-politsiya-ministr-12-saat-suzuu-1060667430.html
Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен
Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен
Sputnik Кыргызстан
Министр кыйроого учураган жүргүнчүлөрдү ташуучу кемедегилерди куткаруу операциясы учурунда тик учак менен кырсыкка кабылган. 23.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-23T13:46+0600
2021-12-23T13:46+0600
2021-12-23T13:49+0600
дүйнөдө
мадагаскар
сууда сүзүү
министр
тик учак
авиакырсык
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/17/1060667388_0:0:3400:1913_1920x0_80_0_0_6b022f632b9a1ca888e6677393e54a29.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мадагаскарда 57 жаштагы полиция министри Серж Гелле куткаруу операциясы учурунда океандын үстүндө тик учак менен кыйроого учурап, аман калды. Бул туурасында Sky News телеканалы жазды.Маалыматка ылайык, министр түшкөн тик учак 21-декабрда Мадагаскарда кыйроого учураган жүргүнчү ташуучу кеменин ичиндегилерди куткаруу операциясы учурунда кырсыкка кабылган. Өлкөнүн түндүк-чыгышында болгон каргашадан 64 адам каза болуп, дагы 24 кишинин дайыны чыкпай жатат.Гелле жээкке жетүү үчүн 12 саат сүзгөнүн билдирген. Кырсыкка кабылган кезде анын жанында коопсуздук кызматынан жардамчысы болгон.Министрдин айтымында, ал кыйраган тик учактын орундуктарынын бирин сүзүүгө керектүү каражат катары колдонгон. Дал ушул тетик ага сууда узак аралыкка чейин сүзүп, жээкке жетишине жардамчы болгон. Учурда Гелле кырсыктан кийин дарыланып жатат.Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина Twitter баракчасы аркылуу кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жээктеги Махамбо шаарына чейин сүзүп жеткен министр менен дагы бир офицерди алкаган.
https://sputnik.kg/20210704/kun-karama-taalasynyn-dal-ortosuna-tushkon-uchak-1053101756.html
мадагаскар
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/17/1060667388_509:0:3060:1913_1920x0_80_0_0_d0ce268574a4f73ac3d93fcc1fd63916.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, мадагаскар, сууда сүзүү, министр, тик учак, авиакырсык
дүйнөдө, мадагаскар, сууда сүзүү, министр, тик учак, авиакырсык
Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен
13:46 23.12.2021 (Жаңыртылды: 13:49 23.12.2021) Министр кыйроого учураган жүргүнчүлөрдү ташуучу кемедегилерди куткаруу операциясы учурунда тик учак менен кырсыкка кабылган.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мадагаскарда 57 жаштагы полиция министри Серж Гелле куткаруу операциясы учурунда океандын үстүндө тик учак менен кыйроого учурап, аман калды. Бул туурасында
Sky News телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, министр түшкөн тик учак 21-декабрда Мадагаскарда кыйроого учураган жүргүнчү ташуучу кеменин ичиндегилерди куткаруу операциясы учурунда кырсыкка кабылган. Өлкөнүн түндүк-чыгышында болгон каргашадан 64 адам каза болуп, дагы 24 кишинин дайыны чыкпай жатат.
Гелле жээкке жетүү үчүн 12 саат сүзгөнүн билдирген. Кырсыкка кабылган кезде анын жанында коопсуздук кызматынан жардамчысы болгон.
"Мага өлүүгө али эрте", — деген министр аны ооруканага алып кетип жатканда.
Министрдин айтымында, ал кыйраган тик учактын орундуктарынын бирин сүзүүгө керектүү каражат катары колдонгон. Дал ушул тетик ага сууда узак аралыкка чейин сүзүп, жээкке жетишине жардамчы болгон. Учурда Гелле кырсыктан кийин дарыланып жатат.
Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина Twitter баракчасы аркылуу кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жээктеги Махамбо шаарына чейин сүзүп жеткен министр менен дагы бир офицерди алкаган.