Укмуш кооз! Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылган видео

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык балаты. Архив
Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Балатынын узундугу 31 метрге жетти. Муниципалитеттен аны жана аянтты жасалгалоого канча каражат кеткенин айтышкан жок.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кечээ кечинде Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Салтанаттуу иш-чарага Оштун мэри Алмаз Мамбетов жана шаар тургундары катышты. Калаанын маданият башкармалыгы коноктор үчүн музыкалык программа даярдаган.
Балатынын узундугу 31 метрге жетти. Муниципалитеттен аны жана аянтты жасалгалоого канча каражат кеткенин айтышкан жок.
Ал эми Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны кооздоого 5 миллион 687 миң сом сарпталды. Быйыл мурдагы эле балаты колдонулганы менен оюнчуктар жаңы алынган. Ошондой эле аянтка ар кандай инсталляциялар орнотулду.
Бишкектин балатысынын оту бүгүн саат 19:00дө жандырылат.
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0