Акча үнөмдөөнүн жеңил 7 ыкмасы. Кыргызстандыктарга кеңеш

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү кардарлар. Архив
Дүкөндөгү кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Жазылуу
Кандай каражат үнөмдөп калсаңыз да бул кошумча акча тапканга тете. Тыйыныңыз бир аз артат. Каражат сарптоону кантип азайтуу керектигин бул чакан макалабыздан окуңуздар.
Киреше жетпегенине наалыгандар арабызда аз эмес. Дагы беш миң болгондо баарына жетмек деп кейип калабыз, ал тургай айрым учурда муну ачык эле кыялданып да калабыз. Ошол жетпей калган каражат капчыгыңызда болушу мүмкүн, анын "сырларын" издеп көрөлү.
Айрымдары, маселен, жеке эсеп-кысап жүргүзүү белгилүү бир тартипти талап кылат. Бирок алда канча жөнөкөй, жеңил жолдору да жок эмес. Бул жолу ошолордон кеп козгойлу.

Кийим-кечени сезон соңунда сатып алыңыз

Бул моданын артынан кубалагандарга туура келбейт, бирок акча сарамжалдоодо абдан майнаптуу. Мисалы, жылуу кийимди күн сууктай баштаган убакта эмес, алдын ала камын көрүп, мурдагы кыштан чыккан маалда сатып алып коюңуз. Ал кезде чилде дүрбөлөңү басаңдап, сатуучулар да товар калдыктарын түгөтүү үчүн соодалашуудан качпайт. Өзүм да ошентип көрдүм, күзүндө жайкы жинсыны алда канча арзан сатып алдым.

Арзандатуу карталарын пайдаланыңыз

Сом купюралары менен киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш

Бул соода кылууда бир аз тыйын арттырып калууга жардам берет. Анан да азыр картаны көтөрүп жүрбөстөн, телефонуңузга эле соода түйүнүнүн тиркемесин жүктөп алууга болот. Жакында эле эсептеп көрсөм, эки жылда супермаркеттердин биринен мен 7 миңден ашуун үнөмдөпмүн.

Балким, бонустук картаны да колдонууга болот чыгар, айтор, кайсынысы ыңгайлуу экенин өзүңүз байкап көрүңүз. Ага кошумча кайсы күндөрү арзандатуу акциясы бар экенин да билип алыңыз. Тез бузулуп кете турган азык болсо бир жөн, бирок бут кийим, кийим-кече же техника арзандатылса, эмнеге сатып алууга болбосун?

Азык-түлүктү акыл калчап алыңыз

Бул багытта эки негизги эреже бар: дүкөнгө ачка барбаңыз жана керектүү азык-түлүктү алдын ала тизмектеңиз. Натыйжада чындап зарыл болгон азык-түлүктү, тийиштүү көлөмдө гана сатып алып, утурумдук эңсөөгө алдырбайсыз. Муздаткычымда дегеле ачылбаган даамдар да туруп калчу. Мисалы, кадимки чыкты деле көп колдонбогон соң мага бальзам соусунун эмне кажети бар?

Ашыкча буюмдун баарын сатыңыз

Шкаф, гараж, кампаларды бат-бат жыйнап турсак, кийим-кече, бут кийимден баштап эски техника жана терезе алкактарына чейин табылат. Аларды бир топ жылдан бери урунбайбыз, жөн эле орун ээлеп тура берет.
Баарын иргеп сатыкка коюп көрүңүз, бизде андай жарыя ресурстары жетишерлик эмеспи. Турак жайыңызды да тазалап, тыйын да таап аласыз. Бир топ акча болуп калышы мүмкүн, анан да ал оокаттарды колдонбосоңуз, зарылган кишиге кереги тийгени жакшы эмеспи.

Жумушка үйдөн тамак алып барыңыз

Киши АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жакшы акча тапсаңыз деле карызга батып кеттиңизби? Абалдан чыгуунун жолу

Үйдүн азыгы даамдуу да, көбүнесе коопсуз да болот эмеспи. Анткени коомдук тамактануу жайларында кандай шарттарда жасалганын так биле албайсыз. Эң маанилүүсү — кафе же ашканадан жегенден көрө үйдө тамак жасаган арзан түшөт.

Аптада беш күн жумушта экенибизди эске алсак, бир топ сарамжалдайбыз. Дагы бир кошумча кеңеш бере кетели. Жыты аңкыган кофесиз тура албасаңыз, аны сөзсүз эле кофеканадан сатып алуунун кажети жок. Тыйын чыгарып кеңсеге кофемашина сатып алууну кесиптештерге же жетекчиликке сунуштаңыз. Эгер андай техникаңыз турса, кофенин данын же тартылганын гана сатып аласыз. Бир топ сарамжал болорун бөркүңүздөй көрүңүз.

Даңкына азгырылбаңыз

Жарнамаларды кыртышыбыз сүйбөсө да, ал бизге күчтүү таасир этет. Белгилүү, бирок кымбат буюм менен арзан оокаттын бирин тандоо керек болсо, биз атын угуп жүргөн товарды сатып алабыз. Айырма көп учурда жарнамасында гана, болбосо экөөнүн тең сапаты бирдей. Ошондуктан товардын бренди үчүн гана ашыкча төлөгөндөн мурун ойлонуңуз.

Сапатка басым жасаңыз

"Арзан товар сатып алгыдай бай эмесмин" деген сөз айтыла берип, маңызы кетсе да, көп учурда ынанып калабыз. Балким бул кеңешибиз мурункусуна каршы келгендей сезилер, бирок алгач ала турган нерсенин сапатына көңүл бурууга тийишпиз. Мисалы, бир марканын 5 миң сомдук кроссовкиси миң сомдук беш спорттук бут кийимге караганда кыйла бышык болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0