ЕАЭБде зер буюмдардын эн тамгасы таанылат. Кыргыз зергерлерин тушаган бюрократия
11:08 10.12.2021 (Жаңыртылды: 11:53 15.03.2022)
© Sputnik / Илья Наймушин
/ Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин зер буюмдарынын мамлекеттик пробалык эн белгисин таануу алдында турат. Бул үчүн ЕЭК мүчөлөрү ноябрь айынын соңунда Бишкекке келип кетти.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер бири-биринин зер буюмдарынын эн белгисин тааныса ишкерлерге бир топ жеңилдик болуп, бирдиктүү рынок түзүлөрү айтылууда. Бирок бул жааттагы эл аралык келишим күчүнө кириш үчүн биримдикке мүчө беш өлкө тең ЕЭКтин жана бири-биринин оң баасын алышы керек.
Атайын комиссия буга чейин Беларусь, Казакстан жана Армениянын зергерчилик тармагы менен таанышып, 24-26-ноябрь күндөрү Бишкекке келип кетишти. Эми бир гана Россия калды.
ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн бири-биринин зер буюмдарынын эн белгилерин таанышынын кандай артыкчылыгы бар? Кыргызстан буга даярбы? Суроолорго Sputnik агенттиги ЕЭК комиссиясынын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү бийликтен жана зергерлерден жооп издеди.
Келишимдин Кыргызстанга кандай пайдасы бар?
ЕЭКтин Ички рыноктордун иштеши боюнча департаментинин кеңешчиси Мария Ильинанын айтымында, биринчи кезекте зергерлер өз товарын экспорттогон өлкөдө дагы (ЕАЭБге мүчө) кошумча текшерүүлөрдөн, эн белгини кайра бастыруу түйшүгүнөн кутулат. Бул убакытты үнөмдөп, ашыкча чыгымды жоёт. Аткезчиликке бөгөт коюлат. Ошондой эле кооперативдерди түзүп, үчүнчү өлкөлөргө ири көлөмдө товар алып чыгууга жардам берет.
© Sputnik / Табылды КадырбековЕЭКтин Ички рыноктордун иштеши боюнча департаментинин кеңешчиси Мария Ильина
ЕЭКтин Ички рыноктордун иштеши боюнча департаментинин кеңешчиси Мария Ильина
"Бизнес көптөн бери бул маселени көтөрүп, жыйынтыгын күтүп жатат. Өтө активдүү демилгечилер болуп Кыргызстан менен Армениянын ишкерлери чыккан", — деди Ильина.
Келишим качан күчүнө кирет?
Бардык мүчө мамлекеттер текшерилип бүтүп, комиссия тараптан берилген сунуштарды аткарган соң келишим күчүнө кирет. Жогоруда айтылгандай, кийинки текшерүүлөр Россияда жүргүзүлүшү керек.
Бишкекке комиссия мүчөсү катары келген Россиянын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар жана баалуу таштар тармагын мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Николай Маргаритов ЕЭК комиссиясын РФ 2022-жылдын баштапкы айларында күтүп жатканын айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар жана баалуу таштар тармагын мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Николай Маргаритов
Россиянын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар жана баалуу таштар тармагын мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Николай Маргаритов
"Албетте, канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Бирок пандемия учурундагы чектөөлөр көп нерсеге тоскоолдук кылып жатат. Буюрса кесиптештерди жаңырчу жылдын башында Россияда күтөбүз. Келишимдин тезирээк күчүнө киришине кызыкдарбыз", — деди ал.
Кыргызстанга кандай сунуштар берилди?
Комиссия зергерчилик өндүрүштү көрүп, мамлекеттик пробалык көзөмөл кантип иштей турганы, эн тамга басуунун жол-жобосу менен таанышты. Алдын ала жыйынтык боюнча, "жакшы" деген баа берилип, бирок бир катар сунуштар дагы айтылды. Аларды комиссия мүчөсү Маргаритов санап берди:
- негизинен мыйзамдарга, мисалы, зер буюмдарды алып кирүү же чыгаруу боюнча бажы постуна байланышкан нормаларга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Анткени жакын арада Кыргызстан Кимберли процессинин мүчөсү болуп калды (бул тууралуу кийинчерээк сөз болот — ред.). Ал жактан дагы бажы посту боюнча сунуштар болгон;
- мамлекеттик көзөмөл жүргүзгөн мекеменин кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Азыркы маалымат боюнча кызматкерлер жетишсиз. Ошол эле Кимберли процессинин талаптарын аткаруу үчүн кошумча күч керек болот;
- каражат бөлүп, зер буюмдарды текшерүү жана пробалык эн тамгаларды басуу боюнча жабдууларды алуусу зарыл. Келишим кабыл алынгандан кийин зер буюмдардын саны көбөйөт. Ошол учурда шашылып калбаш үчүн керектүү жабдууларды алдын ала сатып алуу сунушталды.
Зергерлер эмне дейт?
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов кыргызстандык ишкерлер келишимди беш жылдан бери күтүп жүргөнүн айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЗергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
"Мен зер буюмду жасап, сапатын тастыктоо үчүн мамлекеттик органга текшертип, эн белги бастырам. Буга бир топ убакыт жана каражат кетет. Ошол эле товарды Россияга алып барсам, ал жактын мыйзамы боюнча кайрадан текшерүүдөн өтөбүз. Адамдык факторлор, коррупция дагы болбой койбойт. Эн тамгаларды таануу боюнча Армения ишкерлери менен биргеликте демилге көтөргөнбүз. Анткени ЕАЭБге товар экспорттоодо тоскоолдук көп, аларды жок кылышыбыз керек. Биз бул күндү күткөнбүз", — деди Акматов.
Ошондой эле өлкө ичиндеги көйгөйлөр боюнча иштөө керектигин кошумчалады. Зергердин айтымында, учурда ишкерлер Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын, күмүшкө колу жетпей, чет өлкөдөн алынган, айрым учурда сапатсыз сырьё менен иштөөгө аргасыз болууда.
"Өзүбүздө алтын, күмүш тонналап чыкканы менен Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстандан алып келген учурлар болот. Керек болсо азыр начар сапаттагы сырьёлор менен иштеп жаткан учурубуз. Лондондогу Баалуу металлдар базары (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасынын алтынынан баш тартканда, азыркы өкмөт башчы Акылбек Жапаров алтынды өз зергерлерибиз иштетет деген, бирок ал нерсе сөз бойдон калды. Жылышты байкай элекпиз", — деди зергер.
Кыргызстандык зергерлерде эмне себептен чийки зат көйгөйү бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты, зер буюмдарды өндүргөн компаниялардын биринин негиздөөчүсү Чыңгыз Макешов түшүндүрүп берди. Анын айтымында, өлкөдөгү ири өндүрүүчү Кумтөр кенинин алтыны эл аралык келишимдерге ылайык толугу менен сыртка чыгып кетип турган. Азыр зергерлерге квота берүү боюнча маселе каралып жатат.
Мындан тышкары, депутат парламентте каралып жаткан жаңы Салык кодекси бир катар жеңилдиктерди алып келерин айтат. Мисалы, анда кошумча нарк салыгын 80 пайызга кыскартуу пландалган.
Макешов бизнеске жардам берүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу керектигин кошумчалады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты, зер буюмдарды өндүргөн компаниялардын биринин негиздөөчүсү Чыңгыз Макешов
Жогорку Кеңештин депутаты, зер буюмдарды өндүргөн компаниялардын биринин негиздөөчүсү Чыңгыз Макешов
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
"Текшергендер, бюрократиялык кагаз иштери абдан көп. Ар кандай кислоталар менен иштегендиктен толгон-токой маалым каттар талап кылынат. Мунун баары көзөмөлдөнүшү керек экени түшүнүктүү. Бирок ишкерлер үчүн оголе түйшүктүү, айрым учурда зарылдыгы жок документтерди талап кылышат. Чынын айтканда, Кыргызстанда зер буюм өндүргөндөн көрө Түркиядан даярын алып келип саткан оң. Бизнести өнүктүрөбүз десек эркиндик беришибиз керек", — деди эл өкүлү.
Макешовдун пикиринде, тармак ЕАЭБдеги атаандаштыкка туруштук берүү үчүн кредитке сырьё катары алтын берилип, кооперациялар түзүлүшү зарыл.
"Түркия, Италия сыяктуу зергерчилик өнүккөн мамлекеттерде насыянын башка түрлөрүндөй эле кадимки алтын сырьё катары, төмөн пайыз менен кредитке берилет. Аны каалаган зергер алып, пайдаланат. Ошондой эле бир нече ишкананын башын бириктирип технопарктарды ачуу керек. Ал жерде бир гана ишкананын акчасы жетпей турган, кымбат баалуу жабдуулар биргеликте алынып, бардыгы кезектешип пайдаланат. Ишкерлерге абдан үнөмдүү болот", — деди Макешов.
ЕАЭБде зер буюмду алып-сатуунун абалы
ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлагандай, зер буюмдардын дүйнөлүк рыногунда жыл ичинде 350 миллиард доллар жүгүртүлөт. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү экспорттогон зер буюмдардын көлөмү бул рыноктун 1 пайызына дагы жетпейт.
Биримдик ичиндеги соода тууралуу айта турган болсок, мүчөлөр бири-бирине саткандан көрө үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого басым жасайт.
"Былтыр Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бири-бирине 126 миллион долларлык зер буюмдарды сатышкан. Ошол эле учурда үчүнчү өлкөлөргө андан беш эсе көп, тагыраагы, 705 миллион долларлык товар экспорттолгон. Бул ички рыногубуздун потенциалы чоң экенинен кабар берет. Аны өнүктүрүү зарыл", — дешти ЕЭКтен.
Баса, ошол эле учурда биримдикке кирген өлкөлөргө 505 миллион долларлык зер буюмдар импорттолгон.
ЕАЭБде 2020-жылы импорттолгон жана экспорттолгон зер буюмдардын баасы (доллар менен)
ЕАЭБде 2020-жылы импорттолгон жана экспорттолгон зер буюмдардын баасы (доллар менен)
Кыргызстанда импорттун көлөмү өсүп кетти
Кыргызстандын зергерчилик тармагы 1998-2009-жылдары катуу өнүгүп, акыркы 10 жылда кайра басаңдаган. Бул тууралуу өкмөттүн "КР зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясында" айтылат.
2009-жылга салыштырмалуу 2018-жылы өлкөдө алтындан жасалган зер буюмдардын саны 5,37 эсе азайып, импорту 54,65 эсеге көбөйгөн.
2009-2018-жылдары алтындан зер буюмдардын өндүрүлүшү жана импорт
2009-2018-жылдары алтындан зер буюмдардын өндүрүлүшү жана импорт
Ата мекендик өндүрүштөгү күмүш буюмдар боюнча дагы абал ушундай. Тогуз жыл ичинде өндүрүү 5,13 эсеге азайып, импорт 12,82 эсеге көбөйгөн.
2009-2018-жылдары күмүштөн зер буюмдардын өндүрүлүшү жана импорт
2009-2018-жылдары күмүштөн зер буюмдардын өндүрүлүшү жана импорт
Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, өлкөнүн зергерчилик тармагында 900дөн ашык ишкерлик субъектиси бар. Булардын катарына өндүрүүчүлөрдөн тышкары алып сатарлар жана ремонт кызматын сунуштагандар кирет.
Төмөндө Кыргызстанда 2012-2018-жылдары зер буюмдар канча сомго өндүрүлгөнү тууралуу маалымат беребиз.
2012-2018-жылдары зер буюмдардын өндүрүлүшү (млн. сом менен)
2012-2018-жылдары зер буюмдардын өндүрүлүшү (млн. сом менен)
Кыргызстан жаңы мүчө болгон Кимберли процесси
Кимберли процесси — бул алмазды мыйзамсыз жол менен казууга жана андан түшкөн каражатты диний кагылыштарды, террордук топторду каржылоого каршы туруу боюнча бирикме. 2000-жылдан бери иштеп келе жаткан уюмга 80ден ашык өлкө мүчөлүк кылат. Кыргызстан ага ноябрь айында толук кандуу мүчө болуп кошулганын Финансы министрлигинен билдирди.
"Бул бирикмеге кошулуу Кыргызстанга алмазды ээн-эркин, мыйзамдуу түрдө импорттоого, пайдаланып, кайра экспорттоого мүмкүнчүлүк берет", — деди ведомстводон.
Бириккен Араб Эмирлигинин адистери башында турган атайын комиссия Бишкекке 20-21-сентябрь күндөрү келип, Кыргызстан бирикмеге кирүүгө даяр деген бүтүм чыгарып кеткен.
Жогоруда айтылгандарды карап отуруп, зер буюмдардын эн тамгалары таанылган күндө дагы кыргызстандык ишкерлерге мамлекет тарабынан бир топ колдоо керектигин байкоого болот.
Баса, сентябрь айында Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгаргандан кийин ошол кездеги экономика жана финансы министри, азыркы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өндүрүлгөн алтын зергерчилик индустриясына буруларын айткан. Бирок ишкерлер эч бир жылыш жок экенин билдирип, сырьё тартыш деп даттанууда. Ал эми Кумтөрдүн алтыны кайда, канча көлөмдө сатылып жатканы тууралуу акыркы айларда расмий маалымат жарыялана элек.