Украинага 2008-жылы Грузия үчүн камдалган курал берилип жатабы?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинанын аскер кызматкерлери машугуу учурунда. Архив
Украинанын аскер кызматкерлери машугуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн көбү бүгүн Украинага курал менен "көмөктөшүүгө" ашыгат. Анткен менен Жамааттык Батыш аталган мамлекеттин аскердик күчтөрүн эски жана майнапсыз курал-жаракка "байытууда".
Кейиштүүсү Украина ага акы да төлөйт, аларга таянып башкаларга тиш кайрап, зыян тартып, чоң жоготууларга тушугуп калышы да ажеп эмес.
Америкалыктар 6-ноябрда Украина Куралдуу күчтөрүнө Кошмо Штаттардын Жээктеги күзөтү жарактан чыгарган Island катерлерин салтанаттуу түрдө өткөрүп берди (тагыраак, сатты). Бул суу транспорттору башында жээк аймагындагы аткезчилер жана маңзат сатуучулар менен күрөшүү үчүн ылайыкталган. Украинанын аскердик түзүмүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканда мындай тартуу кемсинткендей эле көрүнүш, себеби кайгуул катерлеринин болгон курал-жабдыгы – эки эле пулемёт. Булар деңиздеги согушта таптакыр пайдасыз. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко Украинага аскердик багыттагы жардамдарды сыпаттаган.
Украина АКШдан мурда афган армиясына бериле турган курал-жарак, ок-дарыны алууга ниеттенет. Вашингтон Киевге алты бразилиялык турбовинттик б Embraer EMB 314 Super Tucano жеңил чабуулчуларын сатууга даяр. Мындай машиналар Донбасстагы каршылык көрсөтүүлөрдү басууга кереги тийиши мүмкүн. Эске салсак, таанылбаган бул республикада Украина Куралдуу күчтөрү 11 учак жана 7 тик учак жоготкон. Россиянын Аба-космостук күчтөрү менен болжолдуу тиреште дегеле керекке жарабайт. Ошол себептен Кошмо Штаттар Украинага Patriot зениттик ракеталык комплексинин ракеталык батареяларын тымызын жеткирүүгө камынууда.
Международная конференция руководителей полиции в Чикаго - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Балтика өлкөлөрү АКШнын өзөктүк ракеталарын жайгаштырууга даярбы? Сереп
Литва аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Украинага ок атууга жараксыз дат баскан куралдарын тапшырган. Натыйжада пландагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн 56-мотопехоталык бригадасынын ок атуу машыгуулары үзгүлтүккө учурап, литвалык "бүлгүндүн" масштабын аныктоо үчүн текшерүүлөр да башталган.
Варшава "россиялык агрессиянын" мизин кайтаруу үчүн Киевге "Град" залптык отунун 122 мм калибрдеги 5000 реактивдүү дүрмөтүн бермекчи. Бирок польшалык снаряддар ондогон жылдар бою ачык абада сакталгандыктан жок кылынышы абзел эле. Украинанын аскердик түзүмү үчүн ал дүрмөттөр кооптуулук туудурат, анткени ок атылган жерде жарылып кетиши ыктымал. Украиналык артиллерияга жаңы курал, ок-дары, чалгындоо жана бутаны белгилөөнүн заманга бап каражаттары абдан тартыш.

Украинанын Куралдуу күчтөрүн афгандаштыруу

АКШ Мамлекеттик департаментинин жетегиндеги 2014-жылдагы куралдуу төңкөрүштөн кийин киевдик режим өлкөнүн НАТОдогу аракетин тездетүүгө тырышкан. Негизи бул багыттагы иш 2014-жылдагы Крым көктөмүнө чейин эле, тагыраак 2002-жылдын жазында эле башталган.
Украиналык аскердик күчтөр альянстын инструкторлорунан активдүү сабак алып, QUINT (АКШ, Канада, Улуу Британия, Литва жана Польшанын биргелешкен аракеттери) форматында натолук стандарттар боюнча кайра куралданып келет. Украина Куралдуу күчтөрүнүн арсеналында танкка каршы коргонуучу америкалык Javelin ракеталык комплекстери, Barret снайпердик винтовкалары, ошондой эле Saxon зооттолгон транспортерлору пайда болду. Ошол эле учурда украиналык Аскер-деңиз жана Аскер-аба күчтөрү дээрлик жокко эсе, эски советтик аскердик техника согушка жарабайт. Украина Аскердик-өнөр жай комплексинин көзгө басар сыймыгы – НАТО стандарттарына ылайык чыгарылган "Козак-2М1" зооттолгон автомобили. Ал 7,62 мм калибрдеги октон гана коргойт.
Россиялык Су-35С истребители  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Россиялык Су-35С истребители авиаташуучуларды "соо калтырбайбы"?
"Жавелиндер", "Барреттер", "Байрактар" жана НАТОнун башка ашкере жарнамаланган куралдары украиналык күчтөрдүн ийгиликке жетишине кепил боло албайт. Донбасста украиналык күчтөрдүн түркиялык өндүрүштөгү Bayraktar TB2 сокку уруучу учкучсуздары – Минск макулдашууларын одоно бузууга жатып, РФти ыкчам жана жогорку технологиялык жооп кайтарууга түртөт. Учкучсуздар көптүгүнө (24 дрон жаңы алып келингени боюнча маалымат тарады) жараша жооп да ошончолук катуу болору бышык, себеби Украинанын чыгышында 500 миңден ашуун россиялык жаран жашайт.
АКШ жана НАТОнун бөлөк мүчөлөрү жети жыл ичинде Киевге миллиарддаган долларлык аскердик жардам берди. Украина келерки жылы аскердик чыгымдарын 2,1 миллиарддан 11,7 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө белсенди. Бирок бөлөк күчтөрдүн жетегиндеги өлкөнүн аскердик бюджетин өстүрүү армиясынын согушка даярдыгын жогорулатууга караганда кыйла жеңил экенин афган тажрыйбасы көрсөтпөдүбү.
НАТО стандарттарына өтүү эң оболу күчтөрдүн мурдагы даярдык системасын толугу менен жоюп, жаңы тутумду жаратууну болжойт. 2015-жылдын жаз мезгилинен тартып натолук куралдарды пайдалануу боюнча америкалык жана британиялык инструкторлор Николаев жана Львов шаарларынын жанындагы полигондордо украиналык жоокерлерди окутууда. Ушундай эле жол менен алар мурда Афганистан, Ирак, Грузиянын армияларын "реформалашкан", бирок ошол тажрыйбаларды ийгиликтүү деп атоого болбойт. Натолук структуралык уюштуруу, башкаруу жана байланыш тутуму, тактика, жабдуу жана куралдандыруу негедир бөтөн жерге сиңип кете албайт.
Ал тургай, планетадагы АКШ жана НАТО катышкан куралдуу жаңжалдардын саны сапатка жооп бере албайт, альянстын эсебинде бир дагы жер бетиндеги ийгиликтүү операция жок. 75 жыл аралыгында Пентагон үчүнчү өлкөлөрдө жүргүзгөн бардык согуштарында жеңилүүгө дуушар болгон. Афганистандагы Америкага ыктаган өкмөткө "АКШнын НАТО тышындагы негизги союздашы" макамы деле эч жардам бере албады. Ал эми Киевдин самаганы ушундай макамга ээ болууну самап келет эмеспи. Соңку тарыхтагы окуялар түндүк атлантикалык альянстын стандарттары Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн майнапсыз экени жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Экинчи жагынан украиналык армия ортомчулук кылган согушта Кошмо штаттардын колундагы арзыбаган куралга айланып барат.

Грузия тажрыйбасы

Киев режими Донбасста 2008-жылдын августундагы грузиялык авантюраны кайталоо аракетинде. Грузияны согушка 20дан ашуун, анын ичинде АКШ, Түркия, Болгария, Чехия, Израиль, Босния жана Герцеговина, Сербия, Украина камдаган. Түштүк Осетиядагы "Таза талаа" операциясы үчүн Украина Тбилисиге 74 Т-72 танкын, ондогон БМП-1 пехота машиналарын, БТР-70 зооттолгон транспортёрлорун бергени. РФ күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге украиналык аскер кызматкерлери жана зениттик ракеталык комплекстери катышканы Россиянын эсинде. Украиналык "Бук" дивизионун аскердик нөөмөттө турган жеринен Грузияга жөнөтүшкөн.
Маневры Sea Breeze 2021 в Черном море - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?
НАТО өлкөлөрү грузиялык күчтөрдү кайра куралдандыруу жана окутууга эки миллиард доллар сарптаган. Тбилиси 175 аскердик танк, 126 зооттолгон машина, 67 артиллериялык курал, төрт учак, 12 тик учак жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн сегиз аскердик бирдигине ээ болгон. Булардан тышкары, 20 миң грузин аскердик адистеринин 8000ден ашууну АКШ, Түркияда же мекенинде НАТОнун инструкторлору тарабынан машыктырылган.
"Таза талаа" операциясына чейин төрт жыл мурун Тбилисинин аскердик чыгымдары 30 эсеге өсүп, өлкөнүн Ички дүң өндүрүмүнүн 10 пайызына жеткен. Ал эми Грузиянын Коргоо министрлигинин бюджети 2008-жылы чет өлкөлүк аскердик-техникалык, дээрлик кайтарымсыз жардамынын эсебинен 1 млрд. долларга чукулдаган. Грузин күчтөрү Иракта тажрыйба топтогон.
Грузин-америкалык аскердик-саясий өнөктөштүктүн мүнөзү 2008-жылдын 8-августунда толук ачылган. Ошол күнү грузия бирикмеси Закавказьеде "конституциялык тартип орнотуу" жана НАТОго плацдарм түзүү үчүн Түштүк Осетияга (Абхазияга кирүүгө да белсенип) басып киришкен. Танк жана "Граддар" менен жай жарандарды да атып, ондогон россиялык тынчтык орнотуучуларда шейит кылып жана жарадар кылышкан. Россия ыкчам чара көрүп, соңунда грузиялык күчтөр дүрбөлөңгө түшүп Цхинвалдан Тбилисиге чейин курал-жарагын, техникасын таштай качышкан.
Цхинвалдык багытта Грузиянын Куралдуу күчтөрүнүн үч чакты пехоталык, алардан сырткары, артиллериялык, зооттолгон танк жана танкка каршы үч бригадасы болгон. Анткен менен республика үчүн альянс тарабынан иштелип чыккан жаңы тактикалык ыкмалар, согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн бүтүндөй концепциясы тоолуу шарттарда жарабай калган. Грузия жана НАТОнун кызыкчылыгы үчүн иштеген АКШ Армиясынын атайын багыттагы тобу Поти портунун жанында туткунга түшүп калган. Тынчтыкка мажбурлоо жана демилитаризация максатында россиялык аскер кызматкерлери Грузиянын жээктеги күзөт кызматынын чек ара департаментинин бардык кемелерин чөктүргөн. Ага катар эле грузин-абхаз жаңжалынын аймагында Кодор капчыгайындагы грузин күчтөрүнүн тобу куралсыздандырылган. Булардын баарынан кабардар киевдик режимге тарыхый өнүгүүнүн жана ынтымак-ырашкерликти туу туткан коңшулуктун бардык мыйзамдарын бузуп, "каталарды кайталоонун" кажети барбы?

Кызыл чийиндер

Кошмо Штаттар менен НАТОнун көздөгөнү – Киевдеги Россияга каршы режимди пайдалануу менен чек арада аягы көрүнбөгөн куралдуу жаңжалды тутантуу. Концептуалдык жактан украиналык жаңжал Кариб каатчылыгына тете.
Аскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
АКШ менен НАТО кызыл чийинге өтө чукулдап келүүдө. Москва "өнөктөштөрүнө" Украинаны РФтин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган үлкөн аскердик базага айлантуу аракетине жол бербейт. Кокус бул жаңжал тутанып кете турган болсо аталган держава чечкиндүү кадамдарга барууга даяр. Россиянын Тынчтыкка мажбурлоо операцияларынан соң киевдик режим кыйла жумшара түшүшү мүмкүн. Акыл чегинде ой жүгүрткөн өкмөтү менен өз алдынча өнүгүү, тынч реформалар жолуна нук алат. Координаттардын азыркы системасында РФ жана АКШ президенттеринин сүйлөшүүсү деле эч нерсе өзгөртө албасы талашсыз.
Россия президенти Владимир Путин буга чейин украиналык багыттагы стратегияны кыска жана таасын билдирген. "Өз коопсуздугубузду камсыздоо максатында биз акылга сыярлык чараларды көрүүгө аргасыз болорубузду кайталап, эскертип келдик", – деген ал. 2006-жылы Украинанын НАТОго мүчөлүккө алынышы тууралуу талкууда Владимир Путин буга жол бербей турганын так кесе айткан.
Россия конвенциялык куралдануунун кеңири түрүнө ээлик кылат. Ошондуктан Батыш Киев аркылуу өткөн РФ белгилеген "кызыл чийинди" көз жаздымда калтыра албайт. Эгер НАТО Ирак, Ливияда коргонуунун алдыңкы сызыгын чыңдай аларына кандай ынанса, Россия дагы Грузия жана Украинада ошондой эле акысы бар.
2015-жылы АКШнын Кургактагы күчтөр ассоциациясынын конференциясында "Үч мүнөттө... Россиялык күчтөрдүн абадан термобарикалык дүрмөт менен айкалыштырылган соккусунун натыйжасында эки механизациялаштырылган батальон жок кылынды" деген маалымат жаңырган. Кандай болгон күндө да акылдуулар башкалардын катасынан тыянак чыгарат.
Россия "өнөктөштөрүнө" постсоветтик мейкиндикти кастыктын жана көз карандысыз деген гана аты бар мамлекеттер тобун өзүн-өзү жок кылууга жол бербейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0