Россиялык Су-35С истребители авиаташуучуларды "соо калтырбайбы"?

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРоссиялык Су-35С истребители
Россиялык Су-35С истребители  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Х-35У канаттуу ракетасы менен 4++ муундагы Су-35С оор истребители коё берилген жерден 500 чакырым аралыктан деңиздеги буталарынын бардык түрүн жок кылат. Кара деңиз аймагы, Балтика, Заполярье жана Ыраакы Чыгышта Россиянын чек арасындагы коргоо тутумун бекемдейт.
Бир катар сыноолордон соң таамай тийчү Х-35У канаттуу ракетасы бүгүнкү күндөгү эң күчтүү россиялык истребителдин арсеналына расмий түрдө кирди. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко эриш-аркак иштей турган россиялык куралдардын мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
Ракетаны конструкциялоо жана программалык камсыздоонун айрым элементтерин өзгөртүү менен Х-35У Су-35С комплексине интеграцияланды. Бул оңойго турган жок, ракета чакан эмес. Узундугу – 4 метрдин тегерегинде, салмагы – 550 кг. Болжолдуу душмандын радарларына анча байкалбаган Х-35У менен суу түбүндөгү россиялык ракеталык кемелер, сокку уруучу учактар долбоорлору куралданган, ошондой эле жээктеги "Бал" ракеталык комплексинин курамында пайдаланылат.
Болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрү бар Су-35С менен интеграция – өнүгүүнүн жана аскердик колдонуунун таптакыр жаңы баскычы. Кубаттуу Х-35У канаттуу ракеталарынын жана "космостук" Су-35С истребителдеринин аскердик шериктештиги Россия, анын союздаштарынын коопсуздугун кыйла чыңдайт.

Канаттуу "көзгө көрүнбөс"

Х-35У ракетасы жээктеги "Бал" ракеталык комплексине пайдаланылары маалым. Жакшыртылган, ыраакка ылайыкталган Х-35У модификациясынын сыноолору 500 чакырымдан ашуун аралыктан суу бетиндеги буталарын кыйратууга жөндөмдүү. Анан калса, жаңы мээлөөчү тутуму душмандын кургактагы да бекем корголгон объектилерин жок кылууга мүмкүндүк берет.
Жаңы модификациясынын мүнөздөмөлөрү "Бастион" жээк комплексинин 800 чакырым аралыкка сүзө ала турган үндөн ыкчам П-800 "Оникс" ракетасынын күчүнө караандады. Ыкчам ылдамдыгы, күчү, көзгө көрүнбөстүгү жана таамайлыгынын айкалышы менен Х-35 "дүйнө чемпиону" атыгууга татыктуу.
Мээлөөчү тутуму аралаш жана баштапкы салмагы жарым тоннадан ашуун бул кемеге каршы канаттуу ракета бутасына карай секундасына 300 метр ылдамдыкта суу бетинен төрт чакырым бийиктикте учат. Соңку тилкеде душмандын абадан коргонуу тутумдарына көрүнбөс зонада 2 метрге чейин ылдыйлайт.
Dubai Airshow 2021 көргөзмөсүндөгү Россиянын Су-30СМ учактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы
145 килограммдык салмактагы ок бөлүгү эсминец же фрегатты суу түбүнө чөктүрүп, ал эми мындай бир нече ракета бир сокку менен авиаташуучунун да таш-талканын чыгарып коё алат. Канаттуу Х-35 тобу Баренц, Кара, Охота, Япон деңиздериндеги ок атууларда дайым майнаптуулугун көрсөтүп келет.
Россиянын Аскер-деңиз флотунда бүгүнкү күндө өзү жүрүүчү "Бал" орнотмолорунан ар биринде 8 ракета коюлган 40 бирдик бар. Бул РФтин 38 миңден ашуун чакырымга созулган деңиз чек араларынын коопсуздугунун кепили.
Бортуна Х-35У канаттуу ракетасынын куру дегенде эле элүү чакты Су-35Стин бортуна
кошумча жайгаштырылышы Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн кубаттуулугун кыйла арттырып, Дүйнөлүк океандагы ордун ырастайт.
Согуштук аракеттер кырдаалында шарттуу душмандын авиа ташуучу сокку уруучу топтору россиялык жээктерге (палубалык авиацияны пайдалануу аралыгында) жакындай албайт.

"Жерден тышкаркы" истребитель

Көп буталуу Су-35С истребители – технологиялык жактан Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн бешинчи муундун астанасындагы эң жакшыртылган машинасы. Күчү боюнча Су-57ге өтө окшош. Учактардын плазмалык от алгычы бар, 14,5 тонна күчү, жогорулатылган ресурстары, башкаруунун санарип тутуму, жалпы ракурстук тартылуу вектору бар АЛ-41Ф1С кыймылдаткычтары бирдей. Мындай күч түзүлүштөрү форсаждык режимди пайдаланбастан үндөн ыкчам ылдамдыкка жетүүгө мүмкүндүк берет.
Су-35С истребители ылдамдык, маневрдүүлүгү боюнча жакынкы атаандаштарынан алда канча артык, бортунда 8 тоннага дейре аскердик жүк, атап айтканда, узак аралыкка багыт алчу "Калибр-А" жана "аба – жер бети" тибиндеги ракеталарын ташый алат. Максималдык ылдамдыгы – саатына 2500 чакырым. Күйүүчү май бактары илинбесе, 1800 чакырымдык радиуста түз функциясын аткарат.
Чет өлкөлүк адистер истребителдин радиолокациялык комплексин айрыкча белгилешет, ал душмандын учактарын 400 чакырымга чейинки аралыктан байкайт. L диапазонундагы радар америкалык F-22 жана F-35 "көзгө көрүнбөстөрүнө" каршы Су-35тин уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт.
Маневры Sea Breeze 2021 в Черном море - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?
"Ирбис" радиолокациялык станциясы 30 аба бутасын коштоп, бир убакта алардын сегизине чабуул коюуга жөндөмдүү. Ири деңиз объектилери радиолокациялык станция жана Су-35Стин курал-жарагынан кескин айырмаланат жана алсыз. Маселен, бешинчи муундагы F-22 Raptor истребителинин абадагы буталарын кармоо аралыгы болгону 225 чакырымды түзөт. Сирия аба мейкиндигинде Су-35 бута катары Raptor учагын кармай алмак, ошол эле учурда америкалык истребитель "россиялык платформанын" изин аныктай алган эмес.
Истребителдин учкучуна кырдаалдан так кабардар болушун оптикалык-электрондук жана радиотехникалык чалгындоо системалары камсыздайт. Учуш тууралуу маалымат эки суюк кристалдуу экранда чагылдырылат. Маалыматтык-тескөөчү системасынын "интеллектуалдык колдоосу" аскердик тапшырмаларды аткарууну жеңилдетет. Автоматташтырылган маалымат алмашуу жана буталарды бөлүштүрүү менен 16га чукул Су-35тин абадагы топтук аракеттерин уюштурууга болот.
Жогоруда айтылгандай, Су-35Стин "аскердик тушоосу" Сирияда кесилген. Катаал шарттарда жогорку майнаптуулугун, ынанымдуулугун тастыктаган. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн катарында бүгүн 60тан ашуун машина бар. Ошондой эле чет элдик буюртмачылардын кызыгуусу күч. Алжир менен Египетти эсептебегенде, Кытай Су-35тен 24 бирдик, Индонезия 11 учакка буюртма берген.
Ле-Буржа эл аралык авиасалонунда бийиктигин төмөндөтпөстөн жеринде жапыз айлануудагы аракеттеринен кийин россиялык Су-35С истребителин таанылбаган учуучу аппарат (НЛО) менен салыштырган.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0