Дүйнөдөгү эң чоң учактын Кыргызстанга эмне себептен келгени маалым болду

© Фото / пресс-служба ОАО "МАМ"Самый большой в мире транспортный самолет "Мрия" прилетел в Кыргызстан
Самый большой в мире транспортный самолет Мрия прилетел в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Алп учак кандай максатта "Манаска" келип конгону социалдык тармактардын колдонуучуларынын кызыгуусун арттырган.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири аба кемеси эмнеге учуп келгенин "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы айтып берди.
Ан-225 "Мрия" самолетунун учуп келгени тууралуу маалымат эки күн мурда айтылган. Алп учак эмне себептен "Манаска" келип конгону социалдык тармактардын колдонуучуларынын кызыгуусун арттырууда.
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Адистер жакын арада дүйнөдөгү бардык учактар бийигирээк учаарын болжошууда
Аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, Ан-225 Кыргызстанга техникалык себептерден улам конгон. "Техстоп" — бул учактар аэропортто 24 саатка чейин токтоп турушу. Алар жүк түшүрбөйт жана жүктөбөйт. Ачык булактардан белгилүү болгондой, май куюу же экипажды алмаштыруу үчүн кыска убакытка аялдама болушу мүмкүн.
Бул уникалдуу аба кемеси 1984-1988-жылдары Киев механикалык заводунда иштелип чыгып, бир нускада жасалган. 1988-жылдын декабрында алгачкы ирет асманга көтөрүлгөн. Ан-225 учагын курууга "Буран" космостук кеме долбоору үчүн аба-транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.
Ан-225 "Мрия" (украин тилинен которгондо "кыял") — дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Май толук куюлган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат.
Кыргызстанга бул учак үчүнчү ирет келип жатат, буга чейин 2013 жана 2018-жылдары "Манас" аэропортуна конгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0