https://sputnik.kg/20211128/kyrgyzstanda-uchastkalar-achylyp-parlamenttik-shayloo-bashtaldy-1054761021.html
Кыргызстанда участкалар ачылып, парламенттик шайлоо башталды
Кыргызстанда участкалар ачылып, парламенттик шайлоо башталды
Sputnik Кыргызстан
Жаңы парламентарийлерди тандаш үчүн жалпысынан 3 миллион 700 миңден ашык кыргызстандык адам добуш берүү укугуна ээ. ЖКнын бул чакырылышында 90 депутат болот. 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T08:00+0600
2021-11-28T08:00+0600
2021-12-15T23:01+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жогорку кеңешке шайлоо 2021
жогорку кеңешке шайлоо
депутат
добуш берүү
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0a/1051046147_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_0615842ee6cac26c0722969ad4cd9e54.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү башталды.Бул сапар кыргызстандыктар мурдагы парламенттик шайлоодон башкача добуш берет. 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт.Мыйзамга ылайык, эртең менен саат 08:00дө 2 273 шайлоо участкасы ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Мыйзамга ылайык, добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.Жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ, чет өлкөдөн катталгандары 84 128ди түзөт.Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда жыл айланбай өткөн парламенттик шайлоо болуп калды. Себеби 2020-жылы 4-октябрдагы саясий өнөктүктөн кийин анын жыйынтыгына нааразычылык жаралып, башаламандык коштоп бийлик алмашкан. Анын натыйжасында, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам кете турган ЖКнын VI чакырылыштагы депутаттары дагы бир жылга калып, алты жыл иштеди.
https://sputnik.kg/20211127/shayloonun-zhany-erezhesi-tuuraluu-video-1054542436.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/0a/1051046147_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_c1bb0a1be67bbe7b834f38bb06231354.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021, жогорку кеңешке шайлоо, депутат, добуш берүү
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021, жогорку кеңешке шайлоо, депутат, добуш берүү
Кыргызстанда участкалар ачылып, парламенттик шайлоо башталды
08:00 28.11.2021 (Жаңыртылды: 23:01 15.12.2021) Жаңы парламентарийлерди тандаш үчүн жалпысынан 3 миллион 700 миңден ашык кыргызстандык адам добуш берүү укугуна ээ. ЖКнын бул чакырылышында 90 депутат болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү башталды.
Бул сапар кыргызстандыктар мурдагы парламенттик шайлоодон башкача добуш берет. 54 депутатты партиялык тизме, 36сын бир мандаттуу округ аркылуу шайлайт.
Мыйзамга ылайык, эртең менен саат 08:00дө 2 273 шайлоо участкасы ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.

27 Жетинин айы 2021, 17:06
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Мыйзамга ылайык, добуш берген жарандардын 5, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайызына ээ болгон партия утуп чыгат. Бир мандаттуу округдан эң көп добуш алганы жеңүүчү деп таанылат.
Жалпысынан 3 миллион 703 миң 420 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ, чет өлкөдөн катталгандары 84 128ди түзөт.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстанда жыл айланбай өткөн парламенттик шайлоо болуп калды. Себеби 2020-жылы 4-октябрдагы саясий өнөктүктөн кийин анын жыйынтыгына нааразычылык жаралып, башаламандык коштоп бийлик алмашкан. Анын натыйжасында, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындан улам кете турган ЖКнын VI чакырылыштагы депутаттары дагы бир жылга калып, алты жыл иштеди.