Кырсык өтө тез болуп кетти... Марат Козукеевдин жубайы Айсалкын менен маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовТеатр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева
Театр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Жазылуу
Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги "Туяк" рубрикасына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Марат Козукеевдин жубайы, театр жана кино актрисасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айсалкын Кыйыкбаеваны чакырды.
Азыркы муундун жаңыча ойлонгон таланттуу режиссёру Марат Козукеевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп Айсалкын айымга бир нече суроо узаттык.
Марат Козукеев 2002-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" ардак наамын алган. Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Ал койгон Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли 2017-жылдын апрель айында Казакстанда өткөн эл аралык "Театр жазы-2017" фестивалынан 2-орунду алса, "Тумар ханыша" спектакли Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында баш байгеге ээ болгон.
Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр, апасы Кандалат Муратова да режиссёрдун жардамчысы катары эмгектенип, түгөйлөр өмүрүн театрга арнашкан.
— Айсалкын айым, алдыдагы мүнөттөрдө жолдошуңуз Марат Козукеевди эскерели деп турабыз. Сөз сизде анда.
— Марат чыгармачылыктын туу чокусунда турган убагында кеткен таланттуу адамдардын бири болуп кала берди. Үйдө кыздарынын сүйүктүү атасы жана өтө боорукер, билимдүү, өзүнүн иштеген ишин абдан жакшы көргөн инсан болчу.
— Ал киши актёрлукту аркалап, режиссёр да болуп эмгектенчү. Бул кишиде ушул эки өнөрдүн кайсынысы күчтүү эле?
— Менимче, эң биринчи мыкты актёр эле. Биз үйлөнүп, балалуу болгуча эле мыкты образдарды жаратып, ролдорду ойноп жүрдү. Балдарга жомок коюп жүрүп, кийин гана режиссёрлукка өттү. Башында өзү иштеген училищеде, анан "Тунгуч" театрында бир топ спектаклдерди койгон. Биз иштеген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын сахнасына төрт чоң спектаклди алып чыкты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйсалкын Кыйыкбаева: Марат адамдын көңүлүн оорутканды жаман көрчү. Жолдошум аябай көп окуп, өмүр бою изденип жашады. Бала менен үйдө отуруп калганда мени китеп окуганга, болгондо да орусча окуганга үйрөттү
Актриса театра и кино, заслуженная артистка КР Айсалкын Кыйыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айсалкын Кыйыкбаева: Марат адамдын көңүлүн оорутканды жаман көрчү. Жолдошум аябай көп окуп, өмүр бою изденип жашады. Бала менен үйдө отуруп калганда мени китеп окуганга, болгондо да орусча окуганга үйрөттү
— Жолдошуңуздун чыгармачылыгын кеп кылуунун алдында бала чагына токтолсок.
— Марат чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон. Апасы эмгек өргүүгө Өзгөнгө барып, төркүндөрүндө жүргөндө көз жарыптыр. Таятасы Өзгөндүн чоң молдосу болгон экен. Ал киши Маратка алгач Мухаммед деген ысым ыйгарат. Анан кийин метрика алганда кайнатам Марат деп өзгөртүп алган экен. Мараттын балалыгы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек — ред.) өттү. 8-классында атасы каза болуп калып, Кара-Балтадагы Эркин-Сай айылындагы атасынын инисинин үйүндө окуп калат. Анткени жалаң эле орусча сүйлөп калгандыктан тил үйрөнүп, кыргызча тарбия алсын деген ниет болуптур. Кийин Ленинграддан (Санкт-Петербург калаасы) окуп келгенде  деле кыргызча жакшы билчү эмес. Анан театрда иштеп баштаганда гана кыргыз тилин өздөштүрүп, акценти жок сүйлөй баштады. Кыргызча көп китептерди окуду.
— Кесибин кандайча тандап калган экен?
— Эми канынан берилген нерсе болсо керек. Булар кичинесинен эле ата-энеси менен гастролдоп, көшөгө артында ушул чөйрө менен аралаш өскөн. Атасы да Мараттай алгач актёр, кийин режиссёр болгон. Ал киши Москвага режиссёрдун эки жылдык окуусуна кеткенде, уулун жайкы каникулда жанына алып алчу экен. Ошол кезде Какажан Аширов (Түркмөнстандын эл артисти, актёр, режиссёр — ред.) да кайнатам менен чогуу окуптур. Кийин Какажан бизге спектакль коюп келгенде экөө ошол күндөрдү эскерип, күлүп калышчу.
— Сиздерди да театр табыштырса керек. Ортодогу сүйүү баяныңыздардын тарыхы тууралуу сурагым келип турат.
— Мен театралдык училищени бүтүп жатканда ал окуусун жаңы аяктап Москвадан келип калды. Союздун тарап жаткан учуру болгондуктан эрте, мартта эле келишкен. 1993-жылдары экөөбүз тең Жаш көрүүчүлөр театрында иштеп калганда тааныштык. Ошол эле жылы май айында Ошко гастролго барып, августта үйлөндүк. Атактуу режиссёр Алмаз Сарлыкбеков көркөм жетекчибиз эле. Ошентип мен улуу кызымды төрөп, үч жылдай үйдө отуруп калдым. Марат ал аралыкта кыргыз драмтеатрына кирип иштей баштаган. Мен 1996-жылы күзүндө кыргыз драмтеатрына иштөөгө арыз жазып, ошону менен бир театрда чогуу эмгектендик.
© Фото / из личного архива Айсалкын КыйыкбаевойАйсалкын Кыйыкбаева: өзүм актриса болгондуктан актёрлордун каармандарына эч убакта ашык болбойм (күлүп). Анткени жашоодо кандай адам экендигин жакшы билем. Жөнөкөй көрүүчүлөр каарманга ашык болуп калышат да, анан актёр ошондой деп ойлошот
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айсалкын Кыйыкбаева: өзүм актриса болгондуктан актёрлордун каармандарына эч убакта ашык болбойм (күлүп). Анткени жашоодо кандай адам экендигин жакшы билем. Жөнөкөй көрүүчүлөр каарманга ашык болуп калышат да, анан актёр ошондой деп ойлошот
— Театрда айлык аздыгынан оокат өткөрүү кыйын болорун маданият ишмерлери айтып калышат. Экөөңүздөр тең театрда иштесеңиздер, анын үстүнө 1993-жылдары жашоо абдан катаал болгонун баарыбыз эле билебиз. Материалдык жактан көйгөй жаралган жокпу?
— Өтө эле кыйын болду. Ошол убакта сом менен рубль алмашып, бардык тармак урады. Бирок менин ата-энем да, кайын журтум да жардам берип турушту. Ал убакта кайненем театрда иштечү. Үчөөбүз тең бир убакта айлык алып, бирдей түгөтүп отуруп калчубуз. Марат ошондо эле кошумча жумуштарда иштей баштаган. Анан курс ачып, "Манас" университетине кирип кетти. Кийин училищеде да сабак берип калды. Ал абдан кыйналган учур эле. Толгон түйшүктүн бири эсиңде болсо, бири жок.
 КУУнун ректору Канат Садыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Жалил Садыковдун уулу Канат: камактан кайткан чоң атам уулун өөп да койбоптур
— Негизи эле бир кесипте иштеген адамдар бири-биринин ишине сын айтып турат. Сиздер да жумушту көп талкуулачу белеңиздер?
— Марат театрдын маселесин үйгө алып келгенди жаман көрчү. Бирок баары бир сүйлөшүп отуруп эле сөз театрга бурулуп кетер эле. Мен деле анын иши боюнча өз оюмду билдирчүмүн, бирок көп киришчү эмесмин. Ал деле мага өтө катуу сын айткан эмес. Өзү адамдын көңүлүн оорутканды жаман көрчү. Жолдошум аябай көп окуп, өмүр бою изденип жашады. Бала менен үйдө отуруп калганда мени китеп окуганга, болгондо да орусча окуганга үйрөттү. Мен да аны кыргызча китептерге көндүрдүм. Кош бойлуу кезимде француз жазуучусу Морис Дрюондун "Проклятые короли" китебинин үч томдугун алып келип берген. Бала менен үйдө отурганда ушуга окшогон бир канча китептерди окудум.
— Бул кишинин жараткан ролдорунун ичинен кайсынысы сизге өзгөчө жакчу эле?
— Өзүм актриса болгондуктан актёрлордун каармандарына эч убакта ашык болбойм (күлүп). Анткени жашоодо кандай адам экендигин жакшы билем. Жөнөкөй көрүүчүлөр каарманга ашык болуп калышат да, анан актёр ошондой деп ойлошот. Бирок ал роль жараткан адам жашоосунда аткарган каарманына карама-каршы, такыр башка киши болуп калышы мүмкүн. Бирок Марат өзгөчө уникалдуу роль жаратууга аракет жасачу, дайыма изденчү. Үйгө келгенде жөн гана сөз жаттап, калганын сахнада иштеп, театрдын ичинде изденип, ролдору көңүлүнө туура келмейинче талбай эмгектенчү. Ал болгон убактысын, энергиясын театрга, ишине гана арнап жүрсө да, менден "каякта жүрөсүң, качан келесиң" деген сөз чыккан эмес.
— Жоошураак болгонун айттыңыз, чынында айкөл адамдай көрүнчү.
— Ал киши ичинде эмнени ойлоп жатканын табуу кыйын болчу. Өтө эле токтоо, бир нерсени кечке ойлонуп, шар чечип жиберчү эмес. Ошондой убакта маселени өзүм чечип, иштерди бүткөрүп койчумун. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин эстеп, "сен ушуну сурап жатпадың беле, ошол эмне болду?" деп сурачу. Мен дагы "ай, аны мен эбак эле жасап койгом" деп койчумун (күлүп). Марат турмуштук көр-тирликке көп аралашкан жок, мен да аны аралаштырганга аракет кылган жокмун. Анча-мынча нерселерди кайненем экөөбүз эле бүтүрүп койчубуз. Жолдошумду тууган арасындагы той-топур, алыш-бериш өңдүү майда иштерге алаксытчу эмеспиз. Бирок бир туугандардын тоюна барчу. Ал жакта да көпкө отура алчу эмес, негизи ашыкча шаан-шөкөттү жактырчу эмес эле. Эл менен да аралашып кете алчу эмес. Өзүнүн чөйрөсү менен гана мамиле түзүп, аны түшүнгөн адамдар менен гана сүйлөшө алчу. Кыялданганын да айтчу эмес. Башкаларды жамандаганды да жактырбай "анын болушу ошол" деп койчу. Бирөөдөн көңүлү калып калса, артка кылчайып карабаган, аны жашоосунан биротоло чийип салган кырс адам эле.
Мараттын чарба иштерине эч шыгы жок болчу. Бул киши бычак курчутуп жатып колун кесип же электр жарыгын оңдосо туура эмес жасап коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да кыздарына шишкебекти сонун бышырып берчү. Ал театр, өнөр үчүн гана жаралган адам экенин байкагандан кийин, аны пенделик жашоодогу оокатка такыр аралаштырбай калгам.
Бывший министр внутренних дел и экс-депутат ЖК Болот Шер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Болот Шердин кызы Асел: атаң өткөндөн кийин жашоонун даамы такыр бөлөк экен...
— Экөөңүздөрдүн мүнөзүңүздөр эки башка экен. Аял катары өзгөчө кайсы сапаттарын жактырып, баш коштуңуз эле?
— Мага Мараттын оор басырыктуулугу жаккан. Ал убакта артымдан деле жүгүрүп жүргөн жигиттер көп болгон. Бирок алар менин актриса болушума каршы болушкан. Ошондуктан Мараттан дароо эле "сен мени актриса кыласыңбы же кылбайсыңбы?" деп сурагам. Анын каршылыгы жок экендигин билгенимде гана өмүрлүк жар болууга макулдугумду бергем. Ал убакта 24 жашта болчумун. Марат ошондо эле жашоого өтө олуттуу карачу. Мага өзү шадыраңдаган эркектер жакпаса керек. Өзүмдүн атам да оор басырыктуу киши болчу.
Экөөбүз тең астрономияга, археологияга абдан кызыкчубуз. Улуу кызым да бир кезде археолог-египтолог болом деп чыккан, бирок мен каршы болуп койдум.
— Сиз чарба иштерине көп аралаштырбай, агайдын театр менен гана алектенүүсүнө шарт түзүп бергениңиз үчүн да көп ийгиликтерди жаратса керек. Дегеле мамиле жагынан үйдө кандай ата жана жолдош болду?
— Ата катары аябай баласаак болчу. Кыздар менден кичине айбыгып, коркчу. Анткени бир аз катуу кармаганга аракет кылып, балдарга талапты катуу койчумун. Атасы кыздарынын сөзүн эки кылчу эмес. Эмне кыл десе, ошонун баарын жасап берчү. Мен гана чек коюп, "андай болбойт, обу жоктонбогула" деп турчумун. Балдар ооруп калса эле Мараттын "эмнеге карабай койдуңар?" деген сөзү бар болчу. Ал кишинин ою боюнча бала эч оорубай чоңоюшу керек. Баланын тиши жарылып, ичи өтсө деле аябай кайгырчу.
Мен күйөөмдүн сөгүүсүн угуп, токмогун жеген жокмун. Өтө сый мамиле кылды. Эми бизде деле анча-мынча казан-аяк кагышчу, бирок ошондо да ал мага жаман айтчу эмес. Аялдар көп сүйлөп жиберебиз да, ал угуп туруп, басып кетип калчу. Ушундай эркекке тийиштүү мыкты сапаттары бар эле. Күйөөсү ичип келип, аялынын мээсин жеп, уруп, үйдөн кууган көрүнүштөрдү башымдан өткөргөн жокмун.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйсалкын Кыйыкбаева: Мараттын чарба иштерине эч шыгы жок болчу. Бул киши бычак курчутуп жатып колун кесип же электр жарыгын оңдосо туура эмес жасап коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да кыздарына шишкебекти сонун бышырып берчү. Ал театр, өнөр үчүн гана жаралган адам экенин байкагандан кийин, аны пенделик жашоодогу оокатка такыр аралаштырбай калгам
Актриса театра и кино, заслуженная артистка КР Айсалкын Кыйыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айсалкын Кыйыкбаева: Мараттын чарба иштерине эч шыгы жок болчу. Бул киши бычак курчутуп жатып колун кесип же электр жарыгын оңдосо туура эмес жасап коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да кыздарына шишкебекти сонун бышырып берчү. Ал театр, өнөр үчүн гана жаралган адам экенин байкагандан кийин, аны пенделик жашоодогу оокатка такыр аралаштырбай калгам
— Акыркы убакта абдан катуу иштеп, мамлекеттен да колдоо таппай, ары-бери чуркап, ден соолугун бузуп алды дешет. Ушул чынбы?
— Мүмкүн өкмөт тарабынан чынында убагында колдоо болбогондур, анткени акыркы убакта спектаклдерин биринин артынан бирин чыгарып жатты. Такыр эле эс албай иштеп калганда "доктурга көрүн, ушу сенин өңүң жаман болуп турат" десем, "ушу "Боромбай" спектаклин бүтүрүп коёюн, анан барып он күн жатып дарыланам" деп жаткан. Өзүнүн энергиясын көп коротуп жиберип, жүрөгү, мээси ага чыдабай, жан дүйнөсү да кыйналып кеттиби деп ойлойм. "Ушул спектаклди чыгарып алайын" деп тырышып туруп албадыбы. Эми мен ага эч кимди күнөөлөй албайм. Кудайдын жазганы же ажал деп коёт экен. Күнү-түнү иштеп жатты. Анткени "Боромбайга" бир аз акча табылбай, ошого да кыйналган учуру болгон. Бирок баары бир акырына чыгарууга жетишпей калды. Ал спектаклге кийин Назым Мендебаиров менен ассистенти Данияр Жанжигитов акыркы чекитти койду. Эми өзү деле "өлөм" деп ойлогон жок.
Кырсык өтө тез болду. Жуунуп чыгып "Айсалкын, дарымды..." дегенде чуркап барып дарыны алып келгиче эле жыгылып, кырылдаган үн чыгып калыптыр. Дарыны шашып оозуна салгыча болбой эле көзү жумулуп, кетип калды.
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу
— Кант диабети оорусу качан жабышкан?
— Мунун кант диабети кийин пайда болду. Ооруканага да кеч кайрылып, кеч билдик. Үйдө болгондо столдун үстүнө шекер, варенье койчу эмесмин. Дайыма тап менен жүрчү. Билбейм, эми мен дайыма жанында жүргөн жокмун да. Мүмкүн жумуштан чайга кант кошуп ичип койчубу, айта албайм. Негизи кант диабети менен ооругандар таттуу, майлуу тамактарды жегиси келе берет. Ошо ден соолугуна туура келбеген тамактарды да жеп коюп жүргөн окшойт деп калдым. Болбосо өзүнүн печеньесин, тамагын алып келип коюп, жумушуна да салып берчүмүн. Марат ден соолугуна бир аз кайдыгер мамиле жасап койду.
— Агайдын жасалбай калган пландары болдубу, мүмкүн аны башкалар ишке ашыргандыр?
— Ибрагим пайгамбар тууралуу алты сааттык спектакль коём деп жүргөн. Бул спектакль эки сааттан үч күн коюлушу керек деген. Ошол үчүн куранды, библияны да окуп чыкты. Көп маалымат чогултту. Тирүү болсо эмгиче аны жазмак. "Ооруканадан дарыланып чыксам, анан "Көгүлтүр Ысык-Көл" же "Кыргызское взморье" санаторийине жатып, сценарий да жаза келем" деп жаткан. "Мүмкүн бул темага эрте киришип алдыбы" деген да мистикалык ойлор келет.
Анан жакшы бир кино тартууну кыялданып жүргөн. Кандай кино экенин деле айтпай, сценарийин жазганда окутарын гана айтчу. Экөөбүздүн киного деген табитибиз да эки бөлөк. Мен жактырган фильмдерди "айкын эле болуп турбайбы, баарын көргөзүп койгон, ары жагында эч нерсе жок" дечү. Ал жактырган фильмдер мага кызыксыз сезилчү.
© Фото / из личного архива Айсалкын КыйыкбаевойАйсалкын Кыйыкбаева: Сыйлык менен байлыкка эч убакта кызыккан жок. Акыркы жолу "эл артистине документтериңди жиберели" дегенде да болбой койгон. Өмүрүндө байлык да топтогон жок. "Жараткан образдарым — байлыгым" деп койчу
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айсалкын Кыйыкбаева: Сыйлык менен байлыкка эч убакта кызыккан жок. Акыркы жолу "эл артистине документтериңди жиберели" дегенде да болбой койгон. Өмүрүндө байлык да топтогон жок. "Жараткан образдарым — байлыгым" деп койчу
— Силердин үй-бүлө актёрлордун династиясы экен. Балдары бул жолду уланткысы келеби?
— Улуу кызым бул тармакта билим алып жаткан, бирок азыр такыр башка багытка кетип калды. Экинчи кызым 8-класста окуйт. Актрисалыкка шыгы, өң-келбети баары төп келет, бирок кызыкпайт. Ал анимация, режиссёрлукка көңүлдөнүп жүргөн өңдүү. Сүрөттү да жакшы тартат, бирок режиссёр болуу кыз кишиге оор. Өзүм да кыздарымдын актриса болушун каалабайт элем. Бештен алтыга карап калган Ибрагим аттуу уулу бар. Мүмкүн убагы келсе уулунан чыгаттыр. Эми аман-эсен чоңоё берсин.
— Устат-шакирттери кимдер болду?
— Москвада институтта окуп жүргөндө Астрахань аттуу еврей устаттын колунан билим алыптыр. Ошол киши тарбиялап, көп нерсе үйрөткөн. Марат орус тилдүү болгондуктан экөө көп сүйлөшчү экен. Ал Маратты калып, биротоло режиссёрлукту окуп кетүүгө көндүрөт. "Мени Кыргызстанда бир нерсе күтүп жаткансып, "жок" деп кетип калгам. Окуп эле келсем болмок экен" деп өкүнүп калчу. Театрда мыкты режиссёр Бообек Ибраев, Замир Сооронбаев менен көп иштешти. Мындан Бообек Ибраев агайды устатым деп айтууга акысы бар болчу.
Марат бир типтеги актёр эмес эле, ал баатырды баатырдай, байкушту байкуштай ар кыл образды өзүнчө жарата алган актёр болгон. Марат актёр Эржан Осмоновду чогуу ээрчитип, көп нерселерди үйрөтүп кетти. Жаштарга дагы да үйрөтө бермек. Анан "Коркут ата" спектаклинен кийин Кайрат Иманалиев экөө көп иштешти. Кийин "Керезде" (Боромбай) да кызматташуу уланды. Өлөр күнү да экөө көпкө чейин сүйлөшүп отурушуптур. Каза болгонун укканда Кайрат Олжобаевич "эки саат мурда эле сүйлөшүп отуруп кетпеди беле" деп каңырыгы түтөдү.
— Өмүрүндө байлык, сыйлык, мансапка кызыктыбы?
— Сыйлык менен байлыкка эч убакта кызыккан жок. Акыркы жолу "эл артистине документтериңди жиберели" дегенде да болбой койгон. Өмүрүндө байлык да топтогон жок. "Жараткан образдарым — байлыгым" деп койчу. Театрды жакшы деңгээлге чыгарып алсам, республикадагы театрлардын баарын кыдырып, спектакль коюп эркин иштейм дечү. Анткени чакыруулар көп эле. Ал өмүр бою көркөм жетекчи болуп театрда отуруп алууну да каалаган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0