Польшадагы качкындар жагдайынын Кыргызстанга таасири. Серепчилер эмне дейт

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүСитуация на белорусско-польской границе
Ситуация на белорусско-польской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Саясат таануучулар Беларусь жана Польшанын чек арасындагы миграциялык каатчылыктын себептерин талдап, ал Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай чагылары тууралуу жоромолдорун айтышты.
Эске салсак, ушул тапта качкындардын жоон тобу, негизинен күрддөр Беларусь аркылуу Польшанын чек арасына карай бет алып, Европа биримдигинин аймагына кирүүгө ниеттенип турат. Польшадан Германияга өтүүгө уруксат этүүнү талап кылышууда.
Польшанын күч органдары аларды киргизбей, тосмолордон өтүүгө аракет кылган качкындарга карай көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Беларустук чек арачылар бул адамдарды чектешкен өлкөлөрдөн аталган республикага күч менен сүрүп чыгарууда деп билдиришүүдө. Натыйжада эки миңдин тегерегиндеги киши Гродненск облусундагы Брузги өткөрмө пунктунан өтө алыс эмес жерде жайгашышты. Варшава, Вильнюс жана Рига бул окуяларга жоопкерчиликти Беларуска жүктөп, ал эми Минскидегилер бардык айыптоолорду четке кагууда.
Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигаранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Мигранттарга суу чачылып... Лукашенко дүйнөгө Польшанын жүзүн көрсөттүбү?
Президент Александр Лукашенко Минск адамдардын агымын узакка ооздуктай албасын, буга Батыштын санкцияларынын айынан "каражаты да, күчү да" жетпей турганын айтууда.
РФ президенти Владимир Путин Европа өлкөлөрү мындай абалга өздөрү кептегенин, саясий да, аскердик да, экономикалык да жактан өздөрү күнөөлүү экенин, эми өздөрүнүн жоопкерчилигин башкага жүктөө үчүн айыптууну издеп жатканын билдирди.
Sputnik Кыргызстан саясат таануучуларга собол узатып, Беларусь менен Польшанын чек арасындагы абалдын келип чыгышы жана бул жагдайдын Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай чагылары жөнүндөгү ойлорун тыңдады.

Себептери

Саясат таануучу Марс Сариев бул окуяларды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн "бүлгүнгө учурашына" байланыштырды. 
© Sputnik / Жоомарт УраимовСаясат таануучу Марс Сариев
Политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Саясат таануучу Марс Сариев
"Туруксуздаштыруу боюнча батыш глобалисттеринин пландары Жакынкы Чыгыштагы согуштук жаңжалга алып келди. Адамдар Сирия, Ирак, Ливиядан качышууда. Бул жерлерде батыш коалициясы, анын ичинде европалык өлкөлөрдөн аскерлер иш алып барган. Ошондой эле "күрт картасы "ойнотулган", үч-төрт өлкөгө чачыратылган күрддөрдүн үмүтү жанып, бирок майнап чыкпады. Ошондуктан бул адамдар азыр бардар өлкөлөргө, эң оболу Европага жайгашууга умтулууда. Алардын да цивилизациялык мамлекеттерде жашагысы келет. Өз өлкөлөрүндө кандай кырсыктар болуп жатканына күбө болуп жатпайбызбы", — деди Сариев.
Россиялык саясат таануучу Никита Мендковичтин пикиринде, азыр Польшада болуп жаткан көрүнүш Беларуста башталган жери жок.
Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Каатчылыктан качып кутулбас. Качкындар боюнча кыйын кырдаалга кептелген Европа
"Аталган өлкөнүн аймагына качкындар Сирия жана Ирактан учуп келишти. Мурда Түркия аркылуу кетүүгө аракет кылгандай эле бул жолу да алар Беларусь — Польша чек арасынан Европага өтүүнү көздөп турушат. Негизинен буга жамааттык Батыш, АКШ, НАТОнун Жакынкы Чыгыш жана Африкада, атап айтканда, Ирак, Ливия, Сириядагы авторитардык жана өздөрүнө кас санаган режимдерди кулатуу үчүн абалды атайын чайпалтышканы себеп болду. Бирок режимдерди жойгону менен бул өлкөлөрдө тартипти сактай алышпады, тартип орнотууну каалашкан да жок.
Натыйжада качкындар мекенинде согуш кыйратып кеткен турмушту улантуу үчүн аларга карай умтулууда. Ошондуктан Европа эми ошол саясаттын социалдык кесепеттерине тушугуп турат. Адамдар кыйроолордон, согуштан Европа тарапка качууда. Бул күнгө кабылышына моралдык жоопкерчилик көбүнесе Европада", — деп эсептейт Мендкович.

Мигранттар кандайча Беларуска барып калышты?

Мендкович Беларустун аймагында мигранттардын пайда болушу — адамдардын кандайдыр жылчык издеп жатканы деп боолголойт. 
© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиялык саясат таануучу Никита Мендкович
Политолог, председатель Евразийского аналитического клуба Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Россиялык саясат таануучу Никита Мендкович
"Мурдараак качкындардын жолун Түркияда бөгөп коюшкан, эми алар Евробиримдик менен чектешкен өлкөлөр аркылуу учуп жатышат. Алардын тек көздөгөнү — болгон ыкмалар менен Европанын астанасын аттоого тырышуу. Ошол эле учурда Брюссель Минскиден мигранттарга каршы чара көрүүнү, иш жүзүндө Польшанын чек ара кызматынын функциясын аткарууну талап кылууда. Польша да, ЕБдин башка өлкөлөрү да 2020-жылы түстүү революция жасоо аракетин басып койгону үчүн Минскиге каршы санкцияларды киргизгенин эскерте кетейин. Башкача айтканда, эки ача иштери айдан ачык, достук саясатын талап кылып, бирок өздөрү агрессивдүү иш алып барышууда. Былтыр жыл аягында Батыш постсоветтик мейкиндикте түстүү революцияларды колдоого Москвага кысым көрсөтүү инструменти катары эле багыт алары тууралуу айтылып келген. Ар кыл өлкөлөрдө тигил же бул жаңжалдарды тутантууга аракеттер көбүнесе ошол себептен болду", — дейт Мендкович.
Сариевдин баамында, Польша менен чектешкен жерге мигранттардын агылып жатышы Европа Беларусту азыр толугу менен бөгөттөп салганына байланыштуу.
"Дал ушул себептен Польшада Беларусту туруксуздаштыруу борборлору, оппозиция жаратуу жана түстүү революция жасоо аракеттери болгон. Булардын баары Варшава жана Балтика өлкөлөрүндө тескелген. Албетте, аркасында Кошмо Штаттардан глобалдык долбоорчулар турат. Бүгүнкү күндө Минск Жакынкы Чыгыштан келген качкындардын агымын араң ооздуктап турган Түркиянын бир кездеги кейпин кийип турат", — деди саясат таануучу.

Каатчылык Борбор Азияга кандай кооптуулук туудурат?

Сариевдин пикиринде, абалды чайпалтуу аракеттери Борбор Азияда да болушу мүмкүн.
"Келерки жылы Афганистанда айыгышкыс жарандык согуштун тутануу коркунучу бар. Көзөмөлдөнбөй турган "боз" зона жана ачарчылык башталат. Үй-бүлөсүн багуу үчүн балдарын саткан учурлар эмитен эле кездешүүдө. Афганистандын кылкылдаган калкы ачарчылыкка кабылганын элестетип көрүңүздөр. Ошончо сандагы эл чектешкен өлкөлөргө, албетте, Борбор Азияга да, атап айтканда, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чек араларга карай жылат", — деп боолголойт Сариев.
Соңку 30-40 жылда талибдер согушуп гана келишкенин, мамлекеттик түзүлүштө алардын тажрыйбасы жоктугун, андан улам бийликтин институттары өз алдынча пайда болбостугун белгиледи.
"Бул дагы АКШнын саясатынын кесепети, узап баратканда ал алдыда башаламандык болорун жакшы билген. Ошентсе да толтура курал-жарак калтырып кеткен. Менимче, Борбор Азия өлкөлөрү менен түз согуштук аракеттер болбойт, бирок гибриддик согуш эбак башталган. Ал эми мигранттар аркылуу террордук топтор да кирет. Эске салсак, "Талибандын" курамындагы афгандык тажиктерден турган "Жамаат ансаруллах" кыймылы Тажикстанды Рахмондун режиминен куткарууга белсенгенин жар салган. Булардын баары көктөмдө, ашууларда кар эриген кезде болушу мүмкүн", — деп божомолдоду Сариев.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Путин: мигранттардын аларды көздөй агылганына Европа өлкөлөрү өздөрү күнөөлүү
Мендковичтин пикиринде, миграциялык деструктуризация "гибриддик согуштун" инструменти болуп саналат. "Албетте, миграция абалды туруксуздаштыруунун факторлорунун бири катары пайдаланышы ыктымал. Батыш бүлгүн салуучу андай ыкмалардан дале баш тарта электигин, улуттук, саясий жана башка жаңжалдарды тутантуу коркунучуна кабылышыбыз ыктымал экенин эске салгым келет. Минскидеги, Кавказдагы окуялар, Борбор Азиядагы абалды чайпалтуу аракеттери жана Афганистандагы кырдаал мындан коңгуроо кагат.
Афган ислам республикасынан күчтөрүн чыгарып жатканда АКШ аркасында өрттөлгөн үйдү калтырып, анын бардык коңшуларына көйгөй жаратып, бул аларды качкындардын агымын, маңзат трафиги жана террорчулукка кептей турганын билген.
"Аль-Каиданын" эбегейсиз түйүнү жана башка террордук топтор Борбор Азияны негизги бутасы катары көрүшөт. Согушкерлер бул чөлкөмдөгү өлкөлөргө качкындардын агымы менен өтүп кетиши мүмкүн. Азыр алар Афганистанды Борбор Азияга кирүү үчүн плацдарм катары пайдаланышууда. Афганистандын азыркы абалында алар өздөрүн ээн-эркин сезип жатышат", — деп түшүндүрдү эксперт.
© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларусь жана Польшанын чек арасындагы мигранттар
Ситуация у пропускного пункта Брузги на белорусско-польской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Беларусь жана Польшанын чек арасындагы мигранттар

Эмне кылуу зарыл?

Мендкович Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында ушул тапта жамааттык коопсуздук жана чек араларын кайтарууну камсыздоо боюнча абдан маанилүү милдет турганын белгиледи.
"Алардын баары маңзат трафигин да, террорчулукту да токтотуу үчүн зарыл. Булар бири-бирин ээрчитип келет. Маңзат трафиги бүгүн криминал гана болбостон, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өздөрүн коркунучка кептейт. Анткени ал экстремисттик жана террордук топтордун согушкерлерин күүгө келтирип турат", — деди саясат таануучу.
Сариевдин айтымында, ЖККУ жана ШКУ алкагында бүгүнкү күндө Афганистан менен чектешкен өлкөлөрдө машыгуулар өткөрүлүп жатат.
Белоруссиянын чек арасындагы мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
"Бул иш-чаралар сөзсүз керек. Ошону менен бирге эле ага коңшулаш Иран, Кытай, Пакистан, Индия, Борбор Азия өлкөлөрү, Россия Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргеликте аракет көрүүгө тийиш.
Гуманитардык топтоштурулган жардамдарды уюштуруу, талибдерди мамлекеттик түзүлүш, демократиялык принциптерди жана эл аралык макулдашууларды аткарууга түртүүгө тырышуу керек.
Булардын баары коңшу өлкөлөргө чабуул койбой жана террордук уюмдар менен өз ара аракет этпей турганына кепилдик алуу үчүн зарыл. Сырттан кийлигишүүсүз бул мүмкүн эмес, бул маселе чогуу конструктивдүү каралышы шарт", — деп эсептейт саясат таануучу. Ошондой эле ал бул процессте чоң ролду Россия ойной турганын, анткени аталган мамлекеттердин бардыгын – Афганистандын коңшуларынын башын бириктире аларын белгилейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0