https://sputnik.kg/20211112/belarus-chek-ara-migrant-video-1054577427.html
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
Sputnik Кыргызстан
Беларусь менен Польшанын чек арасындагы качкындардын лагеринде БУУ өкүлдөрү тамак таратып жатканда башаламандык жаралды. 12.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-12T20:01+0600
2021-11-12T20:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
окуялар
дүйнөдө
видео
мультимедиа
беларусь
польша
чек ара
качкын
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0c/1054577343_0:0:1153:653_1920x0_80_0_0_8bab69a27179dae14b661c8bf9eefdef.jpg
Мигранттардын бири ыктыярчылардын колунан тамак-ашты жула баштагандыктан ызы-чуу жаралып, бир аял жабыркады. Аны топ адамдын арасынан алып чыгып медициналык жардам көрсөтүшкөн.Бир сутка ичинде 18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Тез жардам кызматынын бригадасы качкындар жайгашкан жерге 20 жолу барган. Кырдаалды аба ырайынын сууктугу оорлотуп жатат. Түнкүсүн абанын температурасы минусту көрсөтүүдө.Жайында Белоруссия менен Польшанын, Литва менен Латвиянын чек ара тилкелеринде Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринен келип, Батыш Европага өткүсү келген качкындардын саны көбөйгөн. Кырдаал 8-ноябрда курчуп, тикенек зым тартылган жерге эки миңге чукул адам топтолгон. Польшанын күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен качкындарды токтоткон. Мигранттар лагерь уюштуруп алышты. Алардын көбү балдары менен.Варшава, Вильнюс жана Рига мындай көрүнүштүн жоопкерчилигин Белоруссияга илип жатат. Минск болсо четке кагууда. Президент Александр Лукашенко элдин агымын мындан ары кармап тура албай турганын айтты.
https://sputnik.kg/20211111/zhkkunun-alty-olkosu-mashyguu-otkoruudo-1054561247.html
беларусь
польша
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/0c/1054577343_0:-1:1145:720_1920x0_80_0_0_ada9c3fef799cd2d1a20660ed9b36890.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, окуялар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, беларусь, польша, чек ара, качкын, мигрант
жаңылыктар, коом, окуялар, дүйнөдө, видео, мультимедиа, беларусь, польша, чек ара, качкын, мигрант
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
20:01 12.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Беларусь менен Польшанын чек арасындагы качкындардын лагеринде БУУ өкүлдөрү тамак таратып жатканда башаламандык жаралды.
Мигранттардын бири ыктыярчылардын колунан тамак-ашты жула баштагандыктан ызы-чуу жаралып, бир аял жабыркады. Аны топ адамдын арасынан алып чыгып медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Бир сутка ичинде 18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Тез жардам кызматынын бригадасы качкындар жайгашкан жерге 20 жолу барган. Кырдаалды аба ырайынын сууктугу оорлотуп жатат. Түнкүсүн абанын температурасы минусту көрсөтүүдө.
11 Жетинин айы 2021, 17:13
Жайында Белоруссия менен Польшанын, Литва менен Латвиянын чек ара тилкелеринде Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринен келип, Батыш Европага өткүсү келген качкындардын саны көбөйгөн. Кырдаал 8-ноябрда курчуп, тикенек зым тартылган жерге эки миңге чукул адам топтолгон. Польшанын күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен качкындарды токтоткон. Мигранттар лагерь уюштуруп алышты. Алардын көбү балдары менен.
Варшава, Вильнюс жана Рига мындай көрүнүштүн жоопкерчилигин Белоруссияга илип жатат. Минск болсо четке кагууда. Президент Александр Лукашенко элдин агымын мындан ары кармап тура албай турганын айтты.