Боом капчыгайында төрт күн таш кулатылат. Убактысы

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайында таш кулатуу иштери. Архив
Боом капчыгайында таш кулатуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3 902-чакырымы) таш түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Жумуштар 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды.
"Бул убакта ЖКККББ кызматкерлери жолдун жарымын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таштарды түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0