Бишкектен аймактардагы ири шаарларга жол кире кескин кымбаттады. Салыштыруу

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруткалар. Архив
Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Өлкөнүн борборунан башка шаарларга жүргүнчүлөрдү ташыган такси кызматтарында жол акы сезилерлик көтөрүлдү. Айдоочулар мунун себебин күйүүчү майдын кымбатташы менен байланыштырышты. Sputnik алты ай мурунку жол кире менен азыркы бааны салыштырып көрдү.
Кыргызстанда шаар аралык жүргүнчүлөрдү ташыган такси кызматтарынын жол акысы кескин көтөрүлгөнүн айтып бир нече окурман биздин редакцияга кайрылды. Алар билдиргендей, айрым аймактарга каттаган таксилер жол акыны эки эсе көтөрүп алышкан.
Жол кире канча болуп жатканын жеринен билүү үчүн Бишкектеги Батыш автобекетине барып айдоочуларды кепке тартканыбызда алар жол акы көтөрүлгөндүгүн ырастап, муну бензиндин кымбаттаганы менен байланыштырышты.
Шаар аралык такси каттамдарынын ичинен Бишкек — Каракол багыты боюнча кескин кымбаттоо байкалды. Жети орундуу автоунааларда – 700 сом, төрт орундууларда киши башына 900-1000 сомдон. Бизге кайрылган окурмандар жол кире буга чейин 500 сомдун тегерегинде болуп келгенин айтышкан.
Каракол шаарынын жүргүнчү ташып иштеген тургуну (атын атагысы келген жок) күйүүчү майдын баасы кымбаттагандан бери таксисттердин иши оорлоп, күнүмдүк тапкан акчасы май менен автоунаага тетик алуудан артпай жатканын айтат.
"Биз башында иштеп жүргөндө жол кире киши башына 500 сом болчу. Бирок ал кезде бир килограмм эт 100-120 сомдун тегереги эле. Учурдагы эттин баасы менен жол кирени салыштырганда ошол эле болуп жатпайбы. Күйүүчү майдын баасы түшсө биз деле жол акыны түшүрмөкпүз", – деди ал.
Учурда Бишкектеги күйүүчү май сатуучу жайларда АИ-95 бензини 62,50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 56,30 сом, АИ-80 54,06 сом болууда. Дизель майынын бир литри 53,90 сомдон сатылып жатат. Былтыр ушул маалда АИ-95 бензини 36 сомдун, АИ-92 бензини 31 сомдун, дизель майы 33 сомдун тегерегинде сатылып турган.
Киши суу майды тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Өлкөдө бир жылда суу май 1,5 жарым эсе кымбаттады. Аймактардагы нарк
Жүргүнчү ташыган таксисттер жол акыга кошулган үстөк баа күйүүчү майга гана сарпталып жатканын билдиришти. Биз байкап турган жарым саат аралыгында таксилерге келген жүргүнчүлөр жол акыны сурагандан кийин кичи автобустарга кетип жатышты. Бишкектен Караколго чыккан жүргүнчүлөрдүн бири, мурда такси менен эле каттап жүргөнүн, азыр жол кире кымбат болгондуктан 400 сомго билет алып кичи автобуска отурганын айтат. Жолдун узактыгына жана анын сапатына байланыштуу борбордон өлкөнүн бардык аймагына кичи автобустар каттай бербейт. Башка аймактын жүргүнчүлөрү кымбат болсо да таксиге отуруудан башка аргасы жок.
Өлкөнүн башка аймактарына карата жол акы (6 ай мурунку баа кашаага алынды):
  • Бишкек ― Талас, 500-600 (400) сом;
  • Бишкек ― Нарын, 500 (400);
  • Бишкек ― Ош,  минивен 1 500, төрт орундуулар 1 800 (1 300 – 1 500);
  • Бишкек ― Жалал-Абад, минивен 1 500, төрт орундуулар 1 800 (1 300-1 500);
  • Бишкек ― Баткен, минивен 2 000 сом, төрт орундуулар 2 500 (1 700-2 000);
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аймактарга болгон жол кирени тескөө жана көзөмөлдөөгө мекеменин акысы жоктугун айтты.
"Биз мурда шаар ичиндеги жана шаар аралык жол киренин өлчөмүн аныктап, аны шаардык кеңештер бекитип берчү. Азыр бул милдет жергиликтүү бийликтерге жүктөлгөн. Ошондуктан биз азыр кырдаалга анализ жасоо менен гана чектелебиз", – деди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директорунун жардамчысы Ынтымак Осмонов.
Күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу жарым жылдан бери бир нече шаарда маршруттук каттамдардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып келишкен. Шаардык кеңештин токтому менен 1-ноябрдан тартып Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0