Депутаттыкка бараткан журналисттер менен блогерлер. Тизме

Депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
БШК Жогорку Кеңешке депутат болом деген талапкерди каттап, партиялардын тизмесин жарыялады. Эл өкүлү болууну каалап, шайлоого аттангандар арасында ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрү, алардын арасында журналисттер дагы бар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо ат салышып жаткан мурдагы жана азыркы ЖМК өкүлдөрү менен блогерлерди тизмектеди. Алардын арасында партия тизмеси менен да, бир мандаттуу округдан бара жаткандар да бар.

"Ата Мекен" партиясы

Али Токтакунов. 33 жаштагы журналист партиянын тизмесинде 3-катарга илинип, "Али Токтакунов МедиаХаб" коомдук фондунун жетекчиси деп көрсөтүлгөн. Ал буга чейин "Азаттык" эл аралык үналгысында, кийин өз алдынча эркин журналист болуп иштеп, коррупция боюнча бир нече материал жасаган.
© Фото / пресс-служба партии "Ата Мекен"Али Токтакунов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Али Токтакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Али Токтакунов
Эркин Нурбаев. Буга чейин шайлоолорго "Реформа" партиясы менен аттанып жүргөн Эркин Нурбаев бул ирет парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен бара жатат. Тизмеде 9-катарда. 29 жаштагы Нурбаев тамада, алып баруучу, шоумен катары таанылган. Ошондой эле ЭлТР, НТС телеканалдарында көңүл ачуучу программаларды алып барган.
© Фото / пресс-служба ПП "Реформа"Эркин Нурбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Реформа Эркинбек Нурбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эркин Нурбаев
Керимбек Айдаров. 48 жаштагы журналист "5-канал" телеканалында журналист-аналитик болуп иштейт. "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде 51-орунда.
Адилет Темирланов. 28 жаштагы журналист "Кыргыз спорт" телеканалында продюсер жана спорттук берүүлөрдө комментатор болуп жүрөт. "Ата Мекендин" тизмесинде 43-катарга илинген.

"Альянс" партиясы

Чынара Капарова. 45 жаштагы журналист көпчүлүккө "Ала-Тоо" маалыматтык-аналитикалык берүүсүнүн диктору катары таанылган. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучу болуп иштейт. Партиянын тизмесинде 16-катарда көрсөтүлгөн.
© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"Чынара Капарова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бир Бол Чынара Капарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Чынара Капарова
Эрнис Кыязов. 44 жаштагы журналист эмгек жолун "Кыргыз руху" гезитинен баштап кийин КООРТ, УТРК, ЭлТР, ОШ ТВ, НТС телеканалдарында эмгектенген. УТРКнын башкы директорунун орун басары, "5-каналдын" башкы директору болгон. "Багыт", "Калемпир" автордук берүүсүнүн жетекчиси жана автору.
Космосбек Чыдынов. Коомдук телеберүү корпорациясынын мурдагы диктору жана алып баруучусу Космосбек Чыдынов Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясы менен аттанды. Ал партиянын тизмесинде 35-орунда. 41 жаштагы талапкер буга чейин президенттин аппаратында, Жогорку Кеңеште иштеген.
Жылдыз Уракунова. "Альянс" партиясындагы журналист-талапкерлердин арасында Жылдыз Уракунова дагы бар. Буга чейин ал Коомдук биринчи каналда, ЭлТР телеканалында "Жаңылыктар" бөлүмүндө иштеген. Ошондой эле Коомдук биринчи каналда башкы директордун орун басары кызматын да аркалаган. Партиянын тизмесинде 44-орунда.

"Ынтымак" партиясы

Эрулан Көкүлов. 35 жаштагы блогер коомчулукка "Не сахар" долбоору менен таанылган. Ал Жогорку Кеңешке "Ынтымак" партиясы менен аттанып, тизмеде 15-орунда.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭрулан Көкүлов
Экономист, журналист, правозащитник Эрулан Кокулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эрулан Көкүлов

"Азаттык" партиясы

Аталган партияда журналисттерден Шайырбек Абдырахман уулу бар. 45 жаштагы талапкер партиянын тизмесинде 28-орунда. Шайырбек Абдрахман уулу эмгек жолун Улуттук телерадио корпорациясында баштап, аталган телеканалдын бир нече бөлүмүндө иштеген. Мындан сырткары, ЭлТР мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген. "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы.

"Эл үмүтү"партиясы

Болот Ибрагимов. Элге блогер катары таанылган талапкер 32 жашта. Жогорку Кеңешке "Эл үмүтү" партиясы менен аттанып, тизмеде 1-орунда. Блогер укук коргоо органдарындагы коррупция, жол эрежеси өңдүү курч темаларды көтөрүп келет.
Улукбек Карыбек уулу. "Эл үмүтү" партиясында журналисттерден Улукбек Карыбек уулу дагы бар. Ал тизмеде 2-орунда. Учурда "Марва ТВ" телеканалынын директору.
Канышай Ырысбек кызы. 27 жаштагы алып баруучу Канышай Рысбекова шайлоого катышып жаткан "Эл үмүтү" партиясындагы талапкерлердин катарында. Ал тизмеде Канышай Ырысбек кызы деп 4-болуп катталган. Буга чейин ал ЭлТР, НТС телеканалдарында көңүл ачуучу программаларды алып барган. Соцтармактын активдүү колдонуучусу. Мындан сырткары, "Тянь-Шанды сактайлы" коомдук бирикмесинин жетекчиси.
БШКнын кызматкери бюллетендер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Партиялардын бюллетендеги катар номерлери бекиди. Ким канчанчы болду
"Улуттар биримдиги" партиясы
Бактыгүл Момбекова. Парламенттик шайлоого "Улуттар биримдиги" партиясы менен аттанган. Тизмеде 44-орунда. Момбекова Коомдук телеканалада эмгектенип, учурда КТРК Спорт телеканалында баяндамачы.
Тургунбай Алдакулов. Журналист "Заман Кыргызстан" гезитинде, ЭлТР телеканалында жана Жалал-Абад медиаборборунда эмгектенген. Учурда "Идея жана аракет" ЖЧКсынын директору. Партиянын катарында 34-орунда.

"Ыйман нуру" партиясы

Калыгул Бейшекеев. Талапкер 33 жашта. Буга чейин "Жаңырык апта", "Ачык саясат", "Учур" жана "Азия NEWS" гезиттеринде кабарчы болуп иштеген. Партиянын тизмесинде 35-орунда.
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Калыгул Бейшекеев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ыйман Нуру Калыгул Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыгул Бейшекеев
Бир мандатуу округдан ат салышып жаткан талапкерлер арасындагы журналисттер:
Назгүл Мамытова. Бир мандаттуу округдан шайлоого катышып жаткандардын ичинде "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова дагы бар. Ал №36 Ысык-Көл шайлоо округунан талапкер.
Замирбек Казакбай уулу. Алып баруучу, ди-джей радио жаатында эмгектенип келет. Учурда "Миң кыял FM" радиосунда баяндамачы. Ал шайлоого талапкерлигин №34 Жети-Өгүз округунан койгон.
Дайырбек Орунбеков. Бир нече басылмада эмгектенген журналист 34 жашта. Ал дагы бир мандаттуу округдан, тагыраагы, №11 Алай округунан талапкер. Учурда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштейт. 
© Фото / предоставлено Дайырбеком ОрунбековымДайырбек Орунбеков
Кандидат в депутаты ЖК от Алайского округа Дайырбек Орунбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Дайырбек Орунбеков
Айжан Омолдошова. Коомдук биринчи каналдын "Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы жана алып баруучусу Айжан Омолдошева № 32 Кочкор округунан талапкер.
Мирлан Самыйкожо. Алып баруучу, акын Мирлан Самыйкожо "Кыргыз радиосунда", Коомдук биринчи каналда жана Маданият министрлигинде эмгектенген. Ал № 13 Кочкор шайлоо округунан талапкер.
Тизме толукталышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0