Кыязов Эрнис Абибиллаевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Альянс" Эрнис Кыязов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Эрнис Кыязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрнис Кыязов 1977-жылы 15-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.

Билими:

  • 1994-1999 — Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган;
  • 2017 — Улуттук илимдер академиясында саясат таануу адистиги боюнча аспирант.

Эмгек жолу:

  • 1997-1998 — "Кыргыз руху" гезитинин штаттан сырткаркы кабарчысы;
  • 1999 — Улуттук телерадиокорпорациясында (УТРК) жаңылыктардын алып баруучусу, "Замана" студиясынын редактору;
  • 2000-2005 — ТВ КООРТ каналында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу, "Апта" жыйынтыктоочу аналитикалык программанын алып баруучусу;
  • 2005 — Жогорку Кеңештин аппаратынын маалымат кызматында бөлүм башчы, "Парламент" телепрограммасынын алып баруучусу. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси;
  • 2005-2007 — УТРКда "Багыт" автордук программасынын жетекчиси жана автору. "Кыргызстан" ("Жанылыктар", "Новости") маалымат-аналитикалык редакциясынын продюсери;
  • 2007-2008 — УТРКнын башкы директорунун орун басары;
  • 2009-2010 — УТРКда "Замана" маалымат-музыкалык студиянын продюсери, "Сөз ирмем", "Багыт" программаларынын автору, "Достук көпүрөсү" Анкара — Бишкек — Баку, УТРК — ТRТ Avaz эл аралык теледолбоорлордун алып баруучусу;
  • 2010-2013 — ЭлТР каналынын жаңылыктар кызматында башкы продюсер;
  • 2013-2014 — ОШ ТВ телерадио компаниясынын башкы директору;
  • 2015 — НТС телерадиокомпаниясында "Ар тарап" ток-шоусунун алып баруучусу;
  • 2016 — "Багыт МЕДИА" продакшн студиясын жана ISLAMLIFE.KG Ислам маалымат-аналитикалык билим берүү порталын негиздеген;
  • 2018-2021 — "Бешинчи канал" ЖАКтын башкы директору.

Үй-бүлөлүү, бир кыз, үч уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0