Күн сууктап, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Бейшембиден тарта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, зым, бактарга суу кар жабышып, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 4-5-ноябрдан тарта Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдап, шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Зым, бактарга суу кар жабышып, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
4-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Төмөнкү Жал кичи району менен Гагарин көчөсүндө жылуулук берүү токтотулду
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз -2…-7 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…-8 градус болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 0…5 градус болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -1…-6 градус муздайт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин жетип, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.
Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0