Төмөнкү Жал кичи району менен Гагарин көчөсүндө жылуулук берүү токтотулду

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Жаманбаев көчөсүндө жер алдындагы газ түтүгү оңдолуп жатат. Буга байланыштуу жылуулук менен ысык суу да токтотулган.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районунда жана Гагарин көчөсүндө газ, ысык суу жана жылуулук берүү 5-октябрга чейин токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Жаратылыш газын берүү Жаманбаев көчөсү 8,1, 8/2 даректеринде жер алдындагы газ түтүгү оңдолуп жатканына байланыштуу убактылуу токтотулуп жатат.
Ремонт иштерине байланыштуу жылуулук менен ысык сууну да өчүрүп туруу чечими кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0