Күнүгө миңдеген киши өлөт. Окумуштуулар мээ кайнаткан ысык болорун эскертти

© AFP / STRКиши кургак жерде отурат. Архив
Киши кургак жерде отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Илимпоздордун айтымында, абанын температурасы көтөрүлө берсе планетанын калкынын жарымы беш жылда бир апаатка дуушар болот.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Жакынкы келечекте глобалдуу жылуулуктун айынан температура жогорулап, Жерде жашоого мүмкүн болбой калат. Бул тууралуу Phys.org француз окумуштууларына шилтеме берип жазды.
Адистер планетанын айрым жерлеринде өтө жогорку температура байкалып жатканын белгилеген. Ушул жайда Өлүм өрөөнүндө (Калифорния, АКШ) ысык 54,4 градус Цельсийге жеткен. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.
Окумуштуулар буга чара көрбөй коюу кургакчылыкка, токойдогу өрттөргө, бороон-чапкынга жана суу ташкындарына алып келерин айткан.
"Бул күн сайын миңдеген адам ысыктан көз жумат дегенди билдирет. Мындай кырсыктардын саны өсөт", — деген Пьер-Симон Лаплас институтунун директору Робер Вотар.
Окумуштуулардын айтымында, абанын температурасы эки градуска көтөрүлө турган болсо планетанын калкынын жарымы беш жылда бир апаатка дуушар болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0