https://sputnik.kg/20211031/facebook-ehmnege-atalyshyn-ozgorttu-tushundurmo-1054424372.html
Facebook эмнеге аталышын өзгөрттү? Эксперттердин түшүндүрмөсү
Facebook эмнеге аталышын өзгөрттү? Эксперттердин түшүндүрмөсү
Sputnik Кыргызстан
Бейшембиден тарта Facebook компаниясы Meta деп аталып баштаган. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган. 31.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-31T12:10+0600
2021-10-31T12:10+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
марк цукерберг
facebook
компания
аталыш
социалдык тармак
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1f/1054422949_0:497:2756:2048_1920x0_80_0_0_d3df89fe317b17618adda92e9f42136d.jpg
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчилиги аталышын өзгөрткөнүнүн бир нече себеби бар экенин "Известияга" B&C коммуникациялык агенттигинин башкаруучу өнөктөшү Марк Шерман билдирди.Буга чейин Facebook башчысы Марк Цукерберг компания бейшембиден тарта Meta деп аталарын айткан. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.Эксперттин айтымында, аталыш социалдык тармактардын тобун эмес, виртуалдык мейкиндик тууралуу кеп болуп жатканын көрсөтүү үчүн керек. Meta жетекчилиги муну интернетти өнүктүрүүнүн кийинки кадамы деп эсептейт.Ошондой эле бул беделдүү интернет-компаниялардын ортосундагы атаандаштыктын күчөшүнө да байланыштуу. Meta жаңы деңгээлге чыгып, соцтармактан тышкары кызматтарды да сунуштагысы келет.Адис Марк Цукербергдин акыркы финансылык отчету инвесторлордун көңүлүн калтырып, компаниянын акциялары арзандап кеткенин белгиледи. Бирок активдүү маркетингдик иш-аракеттерден кийин жогорулаган.Эксперт Марк Шерман Meta компаниясы көз айнектердин жаңы моделин чыгарууга миллиарддаган долларды жумшоону пландап жатканын айткан. Ошондой эле камерасы бар сааттарды чыгарышат деген маалымат бар. Муну менен Meta Apple компаниясына атаандаштык жаратышы мүмкүндүгүн айткан.
https://sputnik.kg/20211031/Microsoft-1054420177.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1f/1054422949_219:532:2240:2048_1920x0_80_0_0_32983e6b79559f1aad5275ccc7be7180.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, марк цукерберг, facebook, компания, аталыш, социалдык тармак
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, марк цукерберг, facebook, компания, аталыш, социалдык тармак
Facebook эмнеге аталышын өзгөрттү? Эксперттердин түшүндүрмөсү
12:10 31.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Бейшембиден тарта Facebook компаниясы Meta деп аталып баштаган. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчилиги аталышын өзгөрткөнүнүн бир нече себеби бар экенин
"Известияга" B&C коммуникациялык агенттигинин башкаруучу өнөктөшү Марк Шерман билдирди.
Буга чейин Facebook башчысы Марк Цукерберг компания бейшембиден тарта
Meta деп аталарын айткан. Бирок Facebook социалдык тармагынын аталышы ошол боюнча калган.
Эксперттин айтымында, аталыш социалдык тармактардын тобун эмес, виртуалдык мейкиндик тууралуу кеп болуп жатканын көрсөтүү үчүн керек. Meta жетекчилиги муну интернетти өнүктүрүүнүн кийинки кадамы деп эсептейт.
31 Тогуздун айы 2021, 09:56
Ошондой эле бул беделдүү интернет-компаниялардын ортосундагы атаандаштыктын күчөшүнө да байланыштуу. Meta жаңы деңгээлге чыгып, соцтармактан тышкары кызматтарды да сунуштагысы келет.
Адис Марк Цукербергдин акыркы финансылык отчету инвесторлордун көңүлүн калтырып, компаниянын акциялары арзандап кеткенин белгиледи. Бирок активдүү маркетингдик иш-аракеттерден кийин жогорулаган.
Эксперт Марк Шерман Meta компаниясы көз айнектердин жаңы моделин чыгарууга миллиарддаган долларды жумшоону пландап жатканын айткан. Ошондой эле камерасы бар сааттарды чыгарышат деген маалымат бар. Муну менен Meta Apple компаниясына атаандаштык жаратышы мүмкүндүгүн айткан.